Советы для привередливых в еде детей Советы для привередливых в еде детей
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - бир жылдан үч жылга чейин

Тамак тандаган балдар үчүн кеӊештер

Ата-энелерлин, чоӊ ата- чоӊ апалардын көпчүлүгү бирдей болушат: баланы кандай болбосун тойгузуш керек дешет. А чынында, бардыгы оӊой боло бербейт – балдардын көпчүлүгү тамакты тандап жейт. Япон ыкмасына ылайык, балдарга кантип тамак аштын туура адатын тарбиялоо керек? «Француз балдары тамакты түкүрбөйт» деген бестселлерди басып чыгарган «Синдбал» басмаканасында ата энелер үчүн анын бир китеби жарык көрдү, анда япон балдарынын тамакка адаты жөнүндө камтылган. Балдар жашылчалардан жийиркенгенин токтотуу тууралуу «Дүйнөдөгү саламаттыгы сак балдар Японияда жашашат» аталышындагы китепте Наоми Морияма жана Уильям Дойл айтып беришкен.

  1. «Жеп кой, бул пайдалуу» дегенден алыс болгонго аракет кылыӊыз. Дал ушундай сөздөрдөн улам балдар ден соолукту даамсыз тамактар менен ассоциялаштыраарын тажрыйба көрсөттү.
  2. Менюӊузда күн сайын жашылчадан гарнир болгонго аракет кылыӊыз. Бала жашылчаларды күндө көргөнгө көнсө, ал бат эле аны жакшы көрүп калат. Зыяндуу азыктарды демондоштурбаӊыз. Аларды сатып албай эле коюӊуз, анын ордуна балдарды айрым учурларда кафеге же кондитердик ашканага алып барып коюӊуз. Япондуктарда «жаккан тамакта зыян жок» деген макал бар.
  3. Тамактануулардын ортосунда жашылчалардан жана жемиштерден жегенди эреже кылыӊыз. Аларды кесип алып, дайыма жаныӊызда алып жүрсөӊүз болот.
  4. Өзүӊүзгө жана балаӊызга жемиштерден десерт жасаӊыз.
  5. Үйдө дайыма жаӊы бышкан, тоӊдурулган жана консерваланган жашылчалар жана жемиштер болсун.
  6. Балаӊыздын жакшы көргөн тамагына дайыма жашылчалардан кошуӊуз. Ошентип анда позитивдик ассоциация пайда болот. Балага өзүнчө «бала» тамагын жасагандан баш тартыӊыз – андан көрө бардыгы үчүн жасалган тамак максималдуу түрдө сиӊимдүү жана даамдуу болсун.
  7. Жашылчаларды «жөн эле» жегенден баш таркан балдар, аны кайсы бир соус менен заматта жеп коёт. Балдар колу менен жегенди жакшы көрүшөт, ошону пайдаланыӊыз.
  8. Жашылчаларга кызыктуу формаларды бериӊиз жана аларды сый тамак катары тартыӊыз.
  9. Бала жашылчалардын жана жемиштердин түрүн көрүшү үчүн аны супермаркетке же базарга кошо ала барыӊыз. Өзүнө жаккан нерсесин тандап алсын!
  10. Баланы жашылчалардан тамак жасаганга жана дасторконго койгонго тартыӊыз. Ага балдар этек кабын да сатып бериӊиз.
  11. Балага жаӊы тамакты тартуулап жатып, кыжалаттанбаӊыз, токтоо болуӊуз.
  12. Тамак ичүү бир жакшы нерсе менен ассоциялангыдай кылып аракеттениӊиз.
  13. Баланы тамак ичкенге мажбурлабаӊыз жана тамак ичүүнү драмалык окуяга айландырбаӊыз. Бала тигил же бул азыкты жаман көрүшү мүмкүн.
  14. Тамакты баланын жакшы кулк-мүнөзүнө сый акы катары эч качан колдонбоӊуз.
  15. Бала артынан идиштерин жуушун талап кылбаӊыз.
  16. Баланы сааттар боюнча тамактандырганга аракет кылыӊыз. Тамак ичүүнү үй-бүлөлүк ритуалга айландырыӊыз.
  17. Бир эле өнүмдү даярдоонун түрдүү ыкмаларын колдонуӊуз. Сууга бышкан, куурулган, меште бышырылган картофель – чын эле даамы боюнча үч башка тамак. Көптөгөн жышалчаларды чийки жегенге болорлугун унутпаӊыз.

EmptyView