Уход за кожей малыша Уход за кожей малыша
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - бир жылдан үч жылга чейин

Баланын терисине кам көрүү.

Баланын териси чоӊ адамдын терисинен бир топ айырмаланып турат. Анын тышкы катмары оӊой түлөгөн клеткалардан турат, ал оӊой жараланышы мүмкүн, ал инфекция тез жайылтылышына ыӊгайлуу. Териге туура кам көрүү гана эмес, ишенимдүү өндүрүүчүлөрдөн табигый компоненттери менен кам көрүү каражаттарын тандоо да маанилүү.

Баланын териси чоӊдордун терисинен эмнеси менен айырмаланат.

  1. Ал жука.
  2. Чоӊ кишинин териси беш катмардан турат: түйүлдүк катмары, түкчөлүү катмар, бүртүктүү катмар, мүйүздүү заты, жылмакай катмар. Ал эми жаӊы төрөлгөн балада болгону үч катмар: түйүлдүк, түкчөлүү жана мүйүздүү.
  3. Ал алсызыраак
  4. Баланын дермасы менен эпидермасынын ортосундагы байланыш чоӊдордукундай бекем эмес. Бул болсо наристенин териси бардык дүүлүгүүлөргө тез кабылып, сезгенип же аллергиялык реакциялардан жабыр тартышы мүмкүн дегенди билдирет.
  5. Ал сезимтал
  6. Май жана тери бездери туулган күнүнөн эле калыптанган, бирок алгачкы күндөрү жай иштейт жана үч жашында гана толугу менен өөрчүп бүтөт. Демек, баланын терисинин липиддик катмары азырынча дале жука.
  7. Ал назигирээк
  8. Жука эпидермис, тыгыз эмес тамыр беттери жана азырынча алсыз иммунитет – баланын терисинин сезимталдыгынын себеби ушунда. Ал аба табынын өзгөрүшүнө, бактерияларга жана бузулууларга жигерлүү реакция берет. Бирок, жакшы да жаӊылыктар бар: түрдүү каражаттарды ал жигердүү соруп алат.

Балага кандай кам көрүү керек?

Нымдаштыруучу каражатты бүткүл денесине сүйкөгөнгө жана суткасына беш жолу пайдаланганга болот (эгер таӊгакта башкасы көрсөтүлбөсө). Өнүм териге тегиз жатышы жана из алтырбай, дароо сиӊип кетиши керек. Эреже катары мындай каражаттар эмоленттерди – терини жумшартуучу жана коргоочу компоненттерди камтып турат.

Май тешиктерин жаап калышы мүмкүн, андыктан аны күн сайын колдонгонго болбойт, эгер баланын териси такыр эле кургак болуп, түлөп түшүп жатса гана колдонулат. Ал ошондой эле укалаганга же кирлер топтолуп калуучу теринин бүктөлгөн жерлерине шыбаганга керектелет. Курамында табигый гана майлар болушу зарыл, химиялык жыттар болбошу керек.

Балдар упасы терини кургатып, тынчытат, бышкан жана дүүлүккөн жерлерге жардам берет.

Наристенин терисин тазалоо үчүн атайын балдар самынын сатып алуу зарыл. Ал кадимки (чоӊдордун) самындан шакардын аз болгондугу менен айырмаланып турат. Нейтралдуу рН наристенин терисинин рНы менен идеалдуу шайкеш келет, демек каражат каалабаган кургоону жана дүүлүгүүнү пайда кылбайт. Чач үчүн балдар каражатынын этикеткаларында «көз жашсыз» деген жазуу жөн жеринен пайда болбойт: мындай шампундар эӊ аёочу болуп саналат. Алар көзгө агрессивдик таасир этпейт, дүүлүктүрбөйт жана каражат көзгө тийгенде көздү оорутпайт.

Балдар өндүрүмдөрүндө терини дүүлүктүргөн жана тери тоскоолдуктарын бузган, аллергиялык реакцияны жана уулуу аракеттерди чакырган заттар болбошу керек: - аммонийдин лаурилсульфат - триклозан - фталат - формальдегид бөлүп чыгарганга жөндөмдүү заттар - парабендер.

Сиз баланын терисине пайдаланууну пландап жаткан бардык каражаттар, өзүӊүздөн тесттен өткөрүп көрүӊүздөр: билекке же чыканактын бүктөлүшүнө бир саатка, же бир суткага сүйкөп көрүӊүз жана реакциясын байкаӊыз.

EmptyView