А вы уже вышли на работу? А вы уже вышли на работу?
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - бир жылдан үч жылга чейин

Сиз жумушка чыктыӊызбы?

Эгер сиз декреттик өргүүдөн ишке чыксаӊыз: иш менен үйдү кантип айкаштыруу керек Иштеп жүргөн көпчүлүк энелердей эле, декреттик өргүү бүтүп жатканын жана ишке кайрылуу керектигин түшүнгөнүӊүздөн кийин сизди дагы толтура эмоциялар курчап алышы мүмкүн. Сизди кеӊсеге кайтып келүү жана чоӊ адамдар менен баарлашуу мүмкүнчүлүгү тартып тургандай эле, баланы үйгө калтыруу келечегида коркутуп турушу мүмкүн. Кандай болбосун бала менен иштин ортосунда эки жакка тартылуу чыныгы сыноо болот.

Бирок жакшы жаӊылык да бар: көптөгөн ата-энелер сизге чейин эле бул этаптан өтүшкөн жана аны сонун жеӊип чыгышкан. Сиз өз убактыӊызды пландоодо бардык көндүмдөрүӊүздү пайдаланышыӊыз жана олуттуу бекемдикти көрсөтүшүӊүз, ошондой эле процесстин башынан аягына чейин туура ой жүгүртүүӊүз гана керек.

Календарь

Ар бир иштеген ата-эненин келген жана кеткен календарын түзүү бүткүл хаосту жөнгө салганга жана иш менен үй-бүлөлүк турмуштун ортосунда балансты теӊдегенге жардам берет. Бир жуманын ичинде эмне иш кыларыӊызды билесиз, ошондой эле эгерде ал талап кылынса, балаӊыз үчүн бакчу апа жалдоо маселесин да жөнөкөйлөтүп аласыз. Муздаткычта илинип турган кадимки жазуу календары сыяктуу түзсөӊүз же смартфондо онлайн режиминде өз календарыӊызды түзсөӊүз жана аны менен үй бүлө мүчөлөрү менен бөлүшсөӊүз болот.

Бакчу апа

Баланы жаӊы адамдын колуна берип коюу – коркунучтуу чара, бирок кээде ансыз болбой калат. Аны менен диалог жүргүзө алгыдай, жакшы бакчу апа табыӊыз. Туура тандоо жасоо үчүн сунуштамалар, маектешүүлөр жана мүмкүн болгон бардык маалыматтардын пайдасы тиет. Баланын ар бир аракети тууралуу билип жана анын өсүүсүн байкап туруу үчүн бакчу апа менен тил табышуу өтө маанилүү. Эгер сиз бала үчүн аны аткаруу керек болгон ар күнкү иштердин тизмегин (өстүрүүчү оюндар, тамактануу, таза аба ж.б.) түзсөӊүз, анда бул сиздин да, бакчу апанын да жашоосун жеӊилдетет.

Бөлүп ал да, башкара бер

Милдеттенмелерди өнөктөшүӊүз менен бөлүштүрүп алуу дайыма жакшылыкка алып келет. Бир нече маселелер боюнча макулдашып алып, бардык учурда аракеттериӊизди координациялаганга жеӊил болот. Мисалы, баланы күтүүсүз жерден врачка алып баруу керек, мындай учурда баланы ким алып барарын, жана ал үчүн канча убакыт талап кылынарын алдын ала билсеӊиз жакшы болот.

Резерв

Адам факторун эч ким жокко чыгарган эмес, багуучу апа ооруп калышы мүмкүн же күтүүсүздөн иштен баш тартышы же сизди күтүүсүдөн дем алыш күнү ишке чакырып калышы мүмкүн – мындай кырдаал үчүн сизге жардам берүүгө даяр турган бир адам керек (дагы бир бакчу апа, тууган же жакын дос).

Кутман таӊ

Үйдөн бир карыш аттаганда эле татаалдыктар башталат, ошондуктан өзүнүзгө тынч жана жагымдуу убакыт бошотуп коюӊуз, ал убакытта сизди эч ким тынчыӊызды албасын. Эртеӊки күнгө кийимди алдын ала тандаӊыз, балага бардык керектүүлөрү менен сумканы даярдаӊыз, кийинки күнгө эртеӊ мененки тамакты жана түшкү тамакты даярдаӊыз. Минтип сиз ашыкча стресстен арыласыз жана күндүн башталышында эле толук эс алганга мейкиндик түзүп аласыз.

Өзүӊүзгө кам көрүӊүз

Эӊ татаалы – мындай укмуш ритмде өзүнө орун табуу өтө татаал. Бул дээрлик мүмкүн эместей сезилет, бирок аракеттенип көрүү керек жана өз календарыӊызга жумасына бир жолу бир окуяны киргизип коюӊуз, аны сиз йога боюнча алектенүүгө, жаӊы чач жасалгасына жана шопингге жетиштин дагы башка түрүнө арнаӊыз – бул энергиянын укмуштай булагы болот, ал сизге жакшы жашаганга жардам берет.

EmptyView