Дневной сон малыша Дневной сон малыша
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - бир жылдан үч жылга чейин

Баланын күндүзгү уйкусу

Бир жарым жашында балдардын көпчүлүгү күндүз 1,5-2,5 саатка созулган бир узак уйкуга өтөт. Бул курактын негизги өзгөчөлүгү катары күндүзгү уйкудан жалган баш тартуу болушу мүмкүн, анын себеби баланын өсүшүнүн кезектеги мезгили. Бала сиздин бардык сунушуӊузга, бардык өтүнүчүӊүзгө, ошондой эле тамакка чакырууӊузга же уктоого тартаарыӊызга каршы болуп, бардыгына «Жок!» менен жооп берет. Бала күндүз уктабай да коюушу мүмкүн, кечкисин мурдагыдан узак жаткырасыз же уктатар алдында бир бөлмөдөн экинчи бөлмөгө качып кетет.

  • Бала күндүзгү уйкудан качканына капалануу керекпи, балким ал уйкудан баш тартуу керектир? Бирок күндүзгү уйку сөзсүз керек. Күндүзгү уйкудан баш тартууга али эрте. 1,5-2 жашында күндүзгү уйкуну бир жолу өткөрүп жиберсе эч нерсе болбойт. Бирок, такыр эле уктабай коюу баланы чарчатып, натыйжасында түнкү уйкусун да бузат, бала күндүз чуркап жүрүп, түнкүсүн жакшы уктайт деген болбогон кеп.
  • Бул өтүп кетеби? Мындай регресстер негизинен бир жарым – эки жашында пайда болот да, бир нече жумага созулат. Эгер ата-эне чыдамкайлыгын, токтоолугун жана ырааттуулугун көрсөтсө, жаш курагы боюнча түшкү уйкунун режимин жана эрежелерин карманууну улантат, кайрадан күндүз жакшы уктап баштайт.
  • Эгер сиз балаӊызды өстүрүүчү сабактарга алып барып жүрсөӊүз жана мындай күндөрү баланы уктатыш оор болсо, секцияларга эртеӊ менен же түшкү уйкудан кийин алып барган оӊ.
  • Ийкемдүү бирок, ырааты менен жасаӊыз: бала баштаган оюнун бүткүчө күтүӊүз, бирок уктатар алдында мээримдүү жана камкор ата-энелер белгилеген туруктуулукту унутпаӊыз.
  • EmptyView