Выкладывание на животик Выкладывание на животик
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - жаңы төрөлгөн

Кѳмкѳрѳсүнѳн жаткыруу

Кѳмкѳрѳсүнѳн жаткыруу – бул кѳңүлдүү да, чѳйрѳнү таанууга ыңгайлуу да жана баланын ѳсүүсү үчүн манилүү да болуп саналат. Баланын башынын, мойнунун, ийнинин жана далысынын булчуңдарын чыңдоо үчүн, анын ар бир күн тартибине баланы кѳмкѳрѳсүнѳн жаткырууну киргизүүнү кеңеш беребиз. Бул булчуңдарды ѳстүрүү, оодарылуу жана эмгектѳѳ кѳндүмдѳрү үчүн абдан керек, ошондой эле балага айлана чѳйрѳнү таанууга мүмкүндүк берет.

  • Бала сергек жана кѳңүлдүү болуп турган убакытты тандаңыз (эң жакшысы – бала кусуп жибербеши үчүн ал тамак ичкенге чейин же болбосо тамактангандан кийин 30 мүнѳттѳн соң).
  • Полго салынган одеялга баланы кѳмкѳрѳсүнѳн жаткырыңыз. Баланын алдына ѳзүңүз да кѳмкѳрѳңүздѳн жатыңыз.
  • Аны менен сүйлѳшүп, ырдай баштаңыз. Сизди кѳрүш үчүн, башын кѳтѳргѳнгѳ түрткү кылыңыз.
  • Бала башын кѳпкѳ кармап тура албаса, кабатырланбаңыз. Баланын башы анын денесинин эң оор бѳлүгү болуп саналат, андыктан бала аны кѳтѳрүү үчүн ѳзгѳчѳ күч жумшайт.
  • Күнүгѳ бир нече мүнѳттѳн үч жолудан баштаңыз.
  • EmptyView