Развитие ребенка Развитие ребенка
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - жаңы төрөлгөн

Баланын ѳсүшү

Эгер сиз ѳтѳ кѳп энергияңызды жана күчүңүздү коротуп, баладан минималдуу гана энергия, кѳпчүлүк учурларда анын сизге карата түшүнүксүз байланышын алып жатканын сезип келсеңиз, анда бул ай үчүн сиз кубанышыңыз керек. Бала кѳбүрѳѳк кыймылдап, жылмайып, ал гана эмес сиз менен баарлашып баштады.

2 айлык бала Наристеңиздин жылмайганы жүрѳгүңүздү ѳзгѳчѳ кубанычка бѳлѳйт. Мурда, эгер балдарга анча кѳңүл бѳлбѳсѳңүз да, сиз азыр наристеңиз менен байланышты оңой түзѳ аласыз. Бул процессти тездетүү жана жеңилдетүү үчүн, баланын кѳзүнѳ дайыма тик караңыз, эркелетип сүйлѳңүз, назик жана кѳбүрѳѳк жылмайыңыз. Балаңыз сизге жооп катары жылмайып калганда, ага сѳзсүз оң реакция жасаңыз – сѳз менен, мимика менен же кучактап коюңуз. Бул учурду психологдор ата-эне менен баланын ортосундагы «баарлашуу бийи» деп аташат.

Эмизүү Бул учурда бала ачка болгондогу белгилерин кѳбүрѳѳк кѳрсѳтүп, аны тез-тез эмизип турууну талап кыла алат. Балагы ылайыкташканга аракет кылыңыз, жана аны эмизүү учурун сезе билүү жѳндѳмүңүзгѳ ишениңиз. Эгер мурда баланы эмизүү учурунда бир эле эмчегиңизден эмизсеңиз, эми экѳѳнү тең тандоого бериңиз. Бала түнкүсүн эмизгенге муктаж болот, бирок эмизүүлѳрдүн ортосунда 5-6 саат уктай алат. Баланын бул үзгүлтүксүз узак уйкусу – ата-эне уктап алышы үчүн сонун мүмкүндүк.

Уйку Бул айларында баланын уйкуга болгон адаттары бир топ ѳзгѳрѳт. Күндүз ал 1 сааттан 3 саатка чейин катары менен уктай алат, эмчек ээмп бүткѳндѳн кийин жарым сааттан же бир сааттан кийин чарчаган белгисин кѳрсѳтѳт, бул баланы сиз керебетине жаткыруу үчүн белги болуп саналат. Бул куракта бала суткасына 9 дан 18 саатка чейин уктай алат.

Кулк мүнѳзү Адатта 2 айлык бала кѳп ыйлайт, албетте, бул ата-энесин бушайман кылат. Бала ыйлаганына бир нече себеп болушу мүмкүн. Алардын ичинен эң кенен жайылганы – нерв тумунуну жетилиши, чектен тыш дүүлүгүүсү, ашыкча чарчоо, ата-эненин кучагын каалоосу. Ата-энелер буга чыдаганга кѳнүп, баланын ар бир ыйынын артында эмне бар экендигин түшүнүүгѳ үйрѳнүүсү гана керек. Анын бардык керектѳѳлѳрүн канааттандырганга аракеттениңиз. Айрым учурларда баланы жѳн гана кучактап коюу же аны сейилдѳѳгѳ алып чыгуу эле жетиштүү болот.

Ѳсүү этаптары Бала рефлектордук кыймылдардан аң-сезимдүү кыймылдарга ѳтѳт. Сизде бала ойной ала турган кичинекей, бирок коопсуз оюнчуктар бар экендигине ынаныңыз. Бирок, бул куракта бала кѳп учурларда ѳзүнүн колдорун жана буттарын таануу менен ѳткѳрѳт. Анын бул аракети сизге эс алганга бир аз убакыт берет. Мындай кызыктуу «нерселер» ага таандык экендигин түшүнүү үчүн, бала азырынча абдан кичинекей, ошондуктан анын колдору же буттары кѳзүнѳ кѳрүнѳ калса, алар менен кызыгып ойной баштайт. 2 айлык бала сизди ээрчип карай баштайт. Сиздин бетиңизди кѳзү менен кантип тапканын, кѳзүңүзгѳ тике караганын, анан жылмайганын байкаңыз. Оюнчуктарды бала кѳргѳндѳй кармаңыз жана бала аларды карап тургудай кылып кѳзѳмѳлдѳңүз. Эгер балаңыздын кѳзү чалыр же дагы бир четтѳѳлѳр болсо, врачка кайрылыңыз. Дарылоо канчалык эрте башталса, четтѳѳлѳрдү жоюуга мүмкүнчүлүк ошончолук чоң болот.

Салмагы жана бою 2 айлык бала жумасына болжол менен 150-200 граммга жакын салмак алат. Денесине салмакты тегиз эмес алса, кабатырланбаңыз. Салмагынын жана боюнун, ошондой эле башынын кѳлѳмүнүн ѳсүшүн ар бир жума сайын эмес, бир нече жуманын жыйынтыгы боюнча баалоо керек.

Вакциналоо Бул курагында бала вакцина алышы шарт. Бул окуяны унутуп калбаш үчүн календарда же күндѳлүктѳ белгилеп коюңуз. Жол-жобого бара жатып, баланын жеке катталуу китебин алууну унутпаңыз, анда жүргүзүлгѳн жана андан кийинки эмдѳѳлѳр кѳрсѳтүлѳт.

Коопсуздук Баланы бул курагында полдогу даярдалган ыңгайлуу жерге жаткырыңыз. Эгер үй жандыгыңыз болсо, аны баланын коопсуздугу үчүн алысыраак кармаңыз. Бала кулап кетип, жабыркап калбашы үчүн, аны ороо үчүн стол үстүндѳ, полдо же дагы башка ал үчүн кооптуу орундарда кароосуз калтырбаңыз.

Угуусу Балаңыз катуу жана күтүүсүз үндѳргѳ кандай реакция кыларлыгын байкап кѳрүңүз. Эгер ал үндѳрдѳн балаңыз чочуса жана корксо, демек, анын угуусу жайында. Балдардын кѳпчүлүгүнүн угуусу тѳрѳлѳрү менен текшерилет, эгер сизде кандайдыр бир кооптонуу болсо, врачыңызга кайрылыңыз. Врач карап бүткѳндѳн киийн, аудиологго баруу керекпи же жокпу, жана кайталап тестиден ѳтүүнү айтып берет.

Ал эми энесичи? Жумасына жок дегенде, бир нече саатты ѳзүңүзгѳ бѳлүп, ѳзүңүзгѳ ырахат тартуулай турган нерсени жасаганга аракеттенип кѳрүңүз. Анын үстүндү дал ушул азыркы мезгилде сейилдѳѳ, сууда сүзүү, йога жана жеңил салмактагы машыгуу аркылуу ѳзүңүздүн дене боюңузду формага калыбына келтирип ала турган учур. Негизгиси – жагдайды ашыкча түшүнүп, жүктү кѳбѳйтүп албоо (машыгуунун саны, интенсивдүүлүгү жана узактыгы). Эгер баланы эмизип жаткан болсоңуз, ашыкча интенсивдүү кѳнүгүүлѳр лактациянын азайышына алып келерин эстен чыгарбаңыз. Чуркоо учурунда бекем кармоочу бюстгалтер тагыныңыз, ал кѳкүрѳгүңүздүн ашыкча кыймылын минималдаштырат. Эгер заараңызды кармай албай жатсаңыз, чуркаганга жана кайталанма чукул кѳнүгүүлѳр сунушталбайт. Эгер сиз тѳрѳттѳн киийнки текшерүүдѳн али ѳтѳ элек болсоңуз, азыр барывп кѳрүнүңүз. Бул учурга кындан кандын чыгуусу токтоп калышы керек, ал эми жатын жана ички органдар кош бойлуулукка чейинки абалга кайтып келип калышы зарыл. Бул болсо врач менен контрацепциянын варианттары жѳнүндѳ кеңешүүнүн идеалдуу мүмкүнчүлүгү. Айрым аялдар убакыттын жетишсиздигин шылтоолоп, тѳрѳттѳн кийин медициналык кароодон ѳтпѳй жүрѳ беришет. Бирок, андай ѳтүп коюу эненин гана саламаттыгына эмес, баланын да саламатыгына маанилүү болуп саналат.

Сиздин эмоцияларыңыз Айрым энелер, ѳзгѳчѳ улуу балдары бар энелер, бул этапта автопилотто - чарчап, алсырап жүрѳ беришерин моюндарына алышат. Дал ушул учурда аталардын кѳпчүлүгү эмгек ѳргүүсүнѳн ишине кайткан болушат да, баланы кароо жана тарбиялоо түйшүгү энеге жүктѳлүп калат. Ошондон улам аялдар, ѳзгѳчѳ кош бойлуулукка чейин жигердүү кесиптик ишин аткарып жүргѳн аялдар, коомдон бѳлүнүп калгандай сезишет. Ѳзүн жалгыз калгандай сезбеши жана депрессиядан алыс болушу сүчүн, досторуңуз же кесиптештериңиз менен баарлашууга убакыт табыңыз, кесибиңиздин чѳйрѳсүндѳ болуп жаткан ѳзгѳрүүлѳргѳ жок дегенде үстүртѳн тааныш болуп туруңуз.

Ѳзүнѳ кам кѳрүү Эгер сиздин чачыңыз «түщѳ баштаса», кабатыр болбоңуз. Кош бойлуу учуруда кармап туруу фазасынан ѳтѳт да, чач азыраак түшѳт. Тѳрѳттѳн кийин гормоналдык фон калыбына келгенде, алар «артта калганын басып ѳтүшѳт» Кабатырланбаңыз, жакынкы аралыкта чачыңыздын түшүүсү кѳнгѳн деңгээлге чейин кыскарат. Азыр тишиңизге жана бүлѳсүнѳ ѳзгѳчѳ кам кѳрүңүз. Кош бойлуулук жана тѳрѳт тиштин абалына таасир этет, ошо үчүн стоматологго сѳзсүз барыңыз. Кариести учурунда дарылоо жана балага ооз кѳңдѳйүнүн «каралбаган» жеринде кѳбѳйүп жаткан зыяндуу бактерияларды жугузуп албоо зарыл.

Сиздин уйкуңуз Күүгүм кирип бара жатканда эле, басып жүрүп уктап кетип жатасызбы? Демек, чарчаганыңыз жана түнкүсүн эмчек эмизүүнүн жыйынтыгы чыгып жатат. Бул учурдан жакшы ѳтүп кетүү үчүн балаңыз менен чогуу күндүз уктап алганга аракет кылыңыз. Бул 1-3 сааттык уйку сизге чоң жардам берет. Ошондой эле кечки саат сегизде башыңыз жаздыкка тийгенде уктап кетсеңиз, турганга аракет кылбаңыз. Балаңыз мүмкүнчүлүк берген учурда уктай бериңиз. Бардык тирчилик иштерин жасоого жетишүү үчүн, туугандарыңыздын же досторуңуздун жардамынан баш тартпаңыз.

Жубайыңыз менен болгон мамиле Акыркы эки ай ичинде сиз секс жѳнүндѳ ойлонбосоңуз да керек. Тѳрѳттѳн кийин калыбына келүү, дене бойлук алсыроо жана балага толугу менен кѳңүл буруп кетүү энелердин кѳпчүлүгүнѳ интимдик мамилеге күч калтырбай коёт. Эгер жубайыңыз менен сексуалдык жигердүүлүктү калыбына келтирүүгѳ даяр болсоңуз, анда дал азыр баштасаңыз болот. Бирок, кандай болбосун убакытта бойго бүтүп калышы ыктымал экендигин эстен чыгарбаңыз. Эгер бул этапта бойго бүтүрүү орунсуз деп ойлосоңуз, врачтын кеңеши менен контрацепциянын оптималдуу варианттарын тандап алыңыз.

EmptyView