Бессонные ночи родителей Бессонные ночи родителей
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - жаңы төрөлгөн

Ата-энесинин уйкусуз түндөрү

«Уйкусуз түндөр» жана «ата-энелик» сөздөрү бири-бири менен абдан тыгыз байланышкан. Бир фактыны таанып, кабыл алыӊыздар: жаӊы төрөлгөн наристенин же ал гана эмес бир жаштагы баланын ата-энелеринин уйкусу улам канбай барат. Кимдир бирөө кээде –кээде гана, кээси дайыма, ал эми айрымдары жылдап уйкусу канбай жүрө берет. Эгер сиз жылдар бою уйкусу канбаган адамдардын катарына кирсеӊиз, «уйкулуу» тунеллдин аягындагы жарыкты көрүү сизге оор болот, бирок уйкусуз түндөрдүн көйгөйлөрүн жеӊилүүнүн натыйжалуу ыкмалары бар. Уйкусуз түндөр жана ата-энелик

«Адаттагы» бала бир күндө он алты жарымга чукул саат уктаарын адистештирилген адабияттардан улам билсеӊиздер керек. Бул орточо арифметикалык көрсөткүч, ал баланын уйкусунун белгиленген эӊ аз убактысы (9 сат) жана эӊ узак убактысын (21 саат) эске алат. Ар бир бала өзгөчө экендигин түшүнүү керек, ошондуктан уйкунун туруктуу циклинин өнүгүшү убакытты жана чыдамкайлыкты талап кылат. Балаӊыз түнкүсүн уктабагандыгы үчүн өзүӊүздү күнөөлөбөӊүз.

Жашы Адаттагы уйку цикли Чарчоо белгилери Күнү бою уктоо мерчеми

0–3 ай Суткасына 16-18 саат. Адатта бала катары менен 2 саттан ашык эмес ойгоо болот.

  • алаканын түйүү
  • баёлук
  • чукул кыймылдар
  • адамдардын жүзүндө оюн топтоого көйгөйлөр
  • 4 же андан көп. Уктап жаткан учурунун узактыгы кыска убакытка көшүлүп кеткенден бир нече саатка айырмаланып турат.

    3–6 ай Суткасына 15–16 саат.

  • 0–3 айдагыдай эле
  • 2–3. Адатта, кыска мөөнөттүү эки жолу көшүлүү жана жана бир жолку узак уйку. 6–12 ай суткасына 13–14 саат, түндө 10–12 саат, күндүз 1–3 саат аралыгында 2–3 ирет уктайт.

  • эпсиздик
  • ачулангандык
  • көзүн ушалоо
  • кызыгуу жоголуу
  • 2. Адатта, эртеӊ мененкисин же күндүз кыска мөөнөттүү көшүлүп кетүү жана узакка бир жолку уйку.

    1–2 жаш жана андан жогору суткасына 12–14 саат. Адатта бир күндө 2 саат бою бир жолу.

  • чыдамсыздык
  • тамактан баш тартуу
  • ачуулануу
  • қарым-қатнашка барбоо
  • 1. Бир нече саат. Мындай уйкуга муктаждык 3-4 жашка чейин болушу мүмкүн.

    Уйкусуз түндөрдүн көйгөйүнөн чыгуу Көптөгөн ата-энелер үчүн уйкусуз түндөр нагыз азап болуп саналат. Баланы жөн эле тынчытып, бир түн бою уктаганга мажбурлай турган конкреттүү ыкма да жок. Балаӊыздын муктаждыгын сизден артык эч ким түшүнбөйт дагы. Бул сиздин артыкчылыгыӊыз – балаӊызды тынчытуунун оптималдуу ыкмасын табыӊыз. Уйкусуз түндөрдүн көйгөйүн чечүү үчүн, эксперименттөөдөн, эрежелерди өзгөртүүдөн корпоӊуз. Пайдалуу бир нече кеӊешке кулак төшөӊүз:

  • Шашпаӊыз. Эгер сиз тынчытуунун жаӊы стратегиясын байкап көрүп жатсаӊыз, аларды өтө тез алмаштырбаӊыз, ар бирине бир нече күн бөлүӊүз. Бул баш айлануудан алыс кылып, сиз жасап жаткан нерсенин пайдасы барбы, жана ал канчалык деӊгээлде натыйжалуу экендигин аныктаганга мүмкүнчүлүк берет.
  • Жардам суроодон корпоӊуз. Колдоонун бардык аӊ-сезимдүү сунушун кабыл алыӊыз. Ал гана эмес өзүӊүз чайынып алуу же тамактанып алуу үчүн бирөөнөн баланы кармап турууну сурануу менен, бир азга болсо да өзүӊүздү жеӊилдетесиз.
  • Өз керектөөлөрүӊүздү кандырыӊыз: күн сайын сууга чайыныӊыз, кийимиӊизди которуӊуз, адаттагы тамактарды жеӊиз, кофеинден алыс болуӊуз жана сууну көп ичиӊиз – мунун бардыгы өзүӊүздү жакшы сезгенге жардам берет.
  • Сезүү жөндөмүӊүзгө ишениӊиз. Балаӊыз бир нерсе болуп жатат деп эсептесеӊиз, дарыгерге кайрылыӊыз. Төрөлгөндөн кийинки алгачкы күндөрү наристеге кесиптик колдоо жана пайда болуучу бир нече көйгөйлөр менен жалгыз калбоо керек болот.
  • Көчөгө чыгып туруӊуз. Ушунчалык чарчагандыктан, сейилдөө гана сиздин каалаган нерсеӊиз болуп калат. Бирок, ишенип коюӊуз, жагдайды өзгөртүү сизге пайда гана алып келет.
  • Баланын уйкусу келгенинин белгилери:

  • бет түзүлүшүнүн өзгөрүшү – адаттагыдан бырышууга чейин;
  • түнөрүү жана бечара кейпине түшүү;
  • бөлөкчө көз караш же мейкиндикке тигилүү;
  • колдору жана буттары менен чукул чыӊалган кыймылдар;
  • муштумун түйүп алуу;
  • көзүн жана кулактарын ушалоо;
  • эстөө;
  • ыйлоо, жаны тынбоо, тынчтанбоо – булар акыркы белгилери.
  • Уктатуу үчүн балага эмне керек? Наристелердин көбү кантип уктаарды билишпейт. Аларды буга үйрөтүү керек. Биринчи айларында уйкунун жекече схемасын түзүүнүн үстүндө иштеӊиз, ал акырындык менен адатка айланышы керек. «Уйку ритуалын» иштеп чыгуу үчүн адистер төмөнкүлөрдү сунушташат: - Күндүз бала ойгонгондо, аны тойгузуӊуз да, ойноочу килемченин үстүнө жаткырыӊыз. Оюундун чарчоонун биринчи белгилери башталганга чейин созулушу баланын жаш курагына жараша болот. Чарчоо белгилерин дароо таанып калууга жана тынчытуу ыкмасын киргизүү менен, аларга жооп кайтарууну үйрөнүү зарыл. - Кечинде, тамактандырып бүткөндөн кийин, оюндун убактысын киринтүүгө алмаштырыӊыз. Балдар үчүн лосьонду колдонуу менен укалоо анын денесинин эс алышына алып келет. Уйку алдында баланын ашыкча жигердүү болуусунан алыс болуӊуз. Ага канчалык узакка уктатпай койсоӊуз, ошончолук ал көп чарчап, тез уктайт деп ойлобоӊуз. Чынында көӊүлү чөккөн баланы жооткотуу оорураак болот. - Бала уйку үчүн жайлуу кийинишин көзөмөлдөӊүз. Шейшептин тазалыгын текшериӊиз, ишенип кийгизгидей жалаяк шымды тандаӊыз. Балдардын көпчүлүгү караӊгы, мыкты желдетилген бөлмөдө жакшы укташат.

    Уктатуу жана тынчытуу ыкмалары Жалаякка ороо Ата-энелердин көпчүлүгү баланы жалаякка ороо пайдалуу деп эсептешет. Муслин же пахтадан жеӊил кездеме – балага керектүү нерсе. Улуураак же жигердүүрөк бала үчүн пахтадан одеял туура келет. Ысыкта баланы ысып кетүүдөн сактаӊыз – уктаар алдында аны жеӊил кийинтиӊиз.

    Қолго алып тынчытуу Балдарды эмизип жатканда же кучактап турганда уктап калышат. Баланы ушундай ыкма менен тынчытууга ата-энелер каршы эмес. Бала мээримге жана кучактаганга муктаж болот, ошондуктан алардын кыйкырганы дал ушуга байланыштуу. Бала эмне себептен: чарчаганынанбы, ачкаданбы же колго алып уктатууну каалагандыктанбы - кыйыкырып жаткандыгын билүү үчүн сизге бир нече жума керектелет. Байкап туруӊуз. Баланы жумшак сылап-сыйпалоо, «шшшш» деген үн, керебетин терметүү, музыка же бешик ыры тынчтандырганга жардам берет. Балдар өз алдынча тынчтана албайт, ошондуктан кайсы бир убакытка чейин ата-энесинин жардамына муктаж. Баланын укташы үчүн кучактоо гана жетиштүү болгон убакыттан ырахат алыӊыз.

    Қолго алып тынчытуу Бул ата-энесиин кучагында жатып уктаганга көнгөн балдар үчүн жакшы ыкма, бирок, ата энелери алар өз керебетинде укташын каалайт. Баланы таза, кургак жана ыӊгайлуу керебетке жаткырыӊыз да, үстүнө колуӊузду акырын коюп коюӊуз. Терметип, сылап-сыйпап же колуӊузду жөн гана анын денесине кармап, аны тынчыта аласыз.

    Жайлуу тынчытуу Улуураак балаӊызды уктатып жатсаӊыз, ал уктаганга чейин бөлмөдөн чыгыӊыз. Төшөгүндө өз алдынча ыӊгайлуу жатканга мүмкүндүк бериӊиз. Бала ыйласа, жанына келип, тынчытып коюнуз. Анын ыйынын себебин түшүнүүгө аракет кылыӊыз. Эсиӊизде болсун: чарчаган балага төшөккө өз алдынча жатууга мүмкүндүк берүү – эгер анын бардык муктаждыктары канааттанганда гана туура болот.

    EmptyView