Как найти обувь, такую же удобную, как и подгузники? Как найти обувь, такую же удобную, как и подгузники?
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - бир жылдан үч жылга чейин

Жалаяк шымдар сыяктуу эле ыӊгайлуу бут кийимди кантип табуу керек?

Балага кандай бут кийим керек? Бир жашка чейин кеп пинеткалар – баланын таманынын кыймылын тарытпаган, жылуулукту сактаган жана баланын терисин дүүлүктүрбөгөн эмчек эмген балдар үчүн жеӊил түйүлгөн ботинкалар жөнүндө жүрүп жатат.

Ананчы? Бала басканды үйрөндү, демек ага чыныгы бут кийим сатып берүү, өзгөчө көчөгө чыкканга ылайыктуу сатып берүүнү ойлонуу учуру келди. Эгер кандай болбосун бут кийимге адамдын классикалык муктаждыгын карап көрсөк (ыӊгайлуулук сапат, тышкы келбети), анда сиз баланын бут кийимин сатып алууда негизги аспектини түшүнөсүз, 1 жаштан баштап туруктуулук. Бала басканды үйрөндү, бирок бул ыӊгайсыз жагдайларды жокко чыгарбайт, аларды минималдаштыруу керек.

1 Жашындагы тура бут кийим Бала үчүн туура бут кийимдин деталдарын талдайлы:

  • Аркасы бүтүн жана катуу – ал оӊой чечилсе, мындай бут кийимди алганга болбойт;
  • Бийиктиги - баланын бут кийими кончун түздөп туруу үчүн кызыл ашыкка чейин жеткидей болсун;
  • Липучкалар - сыдырмага же боого караганда дайыма жакшы болот;
  • Таманы – катуу, бирок ийилчээк;
  • Жылуулук - табигый материалдарга көӊүл буруу керек, себеби алар нымдулуктун ченемдеги деӊгээлин камсыз кылат жан аптималдык аба табын кармап турат.
  • Дагы эмне маанилүү?

    Сезондук жагдайлар тууралуу унутпаӊыз. Мисалы, сиз кышкы бут кийим издеп жүрсөӊүз анда бала кышынлда кие турган шарттуу байпакты жана колготкини ченегенге ала барыӊыз. Балаӊызга башка бирөөнүн бут кийимин жырткыча кийгенге бербеӊиз, бул деген чоочун таманга жана буттун башка өзгөчөлүктөрүнө көнүү болуп саналат. Балаӊыздын бутунун өлчөмүн дайыма текшериӊиз, себеби ал ар бир эки ай сайын өзгөрүп турат.

    EmptyView