Развивающие игрушки для детей своими руками Развивающие игрушки для детей своими руками
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - бир жылдан үч жылга чейин

Балдар үчүн өз колу менен жасалган өстүрүүчү оюнчуктар

Өстүрүүчү оюнчуктар бала үчүн, өзгөчө беш жашка чейинки куракта абдан маанилүү – алар балада белгилүү бир көндүмдөрдү, логикалык ой жүгүртүүлөрдү өөрчүтүүгө мүмкүндүк берет, формалар, өлчөмдөр, түстөр жана башкалар жөнүндө түшүнүк берет.

Сиз мындай оюнчуктарды өз алдынча жасай аласыз: алар сиздин мээримиӊизге жана аракетиӊизге толгон болот, демек балага пайда гана алып келет!

Бул куракта майда моториканы өөрчүтүүгө топчулоочу жана чечүүчү элементтери менен оюнчуктар түрткү берет, мисалы, өстүрүүчү жаздыкчалар. Мындай элементтер катарында топчулар, жабыштыргычтар, кнопкалар, шакекчелер, жиптер ж.б. боло алат. Баланын көӊүлүн бурдуруу үчүн өзүӊүз жасаган оюнчукка кичинекей коӊгуроону же бубенчикти кошуп коюӊуз. Сиз фетрден оюнчукту жаздыкча же китепче түрүндө өз алдыӊызча жасай аласыз, анда жогоруда белгиленген элементтер болот. Мындай оюнчукту тигүү талантына ээ болбосоӊуз да жасап коюуга болот, ал баланын көӊүлүн өзүнө бура алат. Жаныӊыздарда эле жайгашкан дүкөндөн арзан эле баада сатып ала турган кадимки эле ийне менен фетрдин буга пайдасы тиет.

Бир жарым –эки жашында турмуш кырдаалын туюндуруучу оюнчуктарга маани берүү керек. Мындайларды сиз үйүӊүздөгү бардык нерседен жасай аласыз: сцена даярдаӊыз да, ар бир персоналдын оюн туюндуруп берүүсүн сураӊыз. Конкреттүү түстөрдү жана формаларды атоону жана көрсөтүүнү, кайсы-бир аракетти тандоону талап кылган варианттар да туура келет.

Эки жашынан баштап, сиз бала менен бирге пластилинден, кагаздан, полимер чопосунан түрдүү нерселерди жасай аласыздар. Түрдүү жагдайларды моделдештирүүчү карточкалар жардамга келет.

Балаӊызга көӊүл бурушуӊузду, ага конкреттүү эмне жагарын түшүнүүнү жана ал үчүн үйүӊүздөн тапкан нерселерди кантип ылайыкташтырууну ойлонууну сунуштайбыз. Оюнчук катары бардыгын колдонууга болот: предметтерди макарон салынган мескейге катуу, аларды кол менен кормап көрүп, табуу, оозун ачыш керек болгон пластик контейнерлери, коопсуз канцелярия ж.б. Балдарга жаӊы оюнчуктар зарыл деле болбойт, бирок сиздин көӊүл бурууӊуз аларга керек: фантазияӊызды иштетиӊиз, ошондо сиздин наристе муну сөзсүз баалайт!

EmptyView