Как правильно хвалить ребенка? Как правильно хвалить ребенка?
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - бир жылдан үч жылга чейин

Баланы кантип туура мактоо керек?

Ар бир балага мактоо аба суудай керек. Ал өзүнө ыраазы болушу үчүн, мындай сөздөрдү ал көбүрөөк угушу маанилүү. Ата-эненин сөзү жаӊырык сымал, «ички үн» болуп саналат, жана аны бала өмүр бою эсинде сактап жүрөт. Силерден алган өзүнө ишенүүнү жана мактоону ал башка эч жерден ала албайт. Өзүлөрүнүн кул-мүнөзү менен ата-энелер баланын өзүн-өзү туура баалоосунун кышын коёт. Бул абдан маанилүү, муну биз өз тажрыйбабыздан да билебиз: негизинен турмушта башкалардан мактоону да, жактырууну да ала албайбыз.

Буларды туура жасоону үйрөнүү маанилүү. Туура эмес мактоо:

  1. Ким мактап жатканына шектенүүсүн жаратат.
  2. Дароо баш тартканга алып келет.
  3. Баланы өзүнүн кемчиликтеринде кармалууга мажбурлайт.
  4. Балага тынчсыздануу жаратат же баланын жигердүүлүгүнө тоскоол болот.
  5. Манипуляция катары кабыл алат.

Ашыкча мактоо эмнеси менен коркунучтуу? «Сен дүйнөдөгү эӊ таланттуусуӊ», «сен аябай чынчылсыӊ», «сен аябай уяттуусуӊ» деген дифирамбалар ал анчалык эле уяттуу эместигин жана дайыма эле чынчыл боло бербестигин ал өзү билгендиктен ата-эне анын ишин атайын ашыкча мактап жатканын сезет. Натыйжада ал кабатырлана баштайт. Бала ата-энеси койгон бийик планкага «жетпесин» сезет. Баланы мактагыӊыз келсе, төмөнкү ыкмаларды колдонуӊуз:

  1. Баланын аракеттерине жана жасагандарына көӊүлүӊүздү коюӊуз.
  2. Бала жасаган нерселердин ичинен сиздин оюӊузча эӊ мыктысын тандап алыӊыз.
  3. Сүрөттөп мактоо ыкмасын колдонуӊуз. Сүрөттөп мактоо деген эмне? Улуу адам көргөнүн жана сезгенин сый урмат менен сүрөттөп берген жагдай. Сүрөттөлгөн нерсени угуп, бала өзү-өзүн мактоого жөндөмдүү болот.
  4. «Сен жакшы иштедиӊ», «мына көк беттик деген ушу», «өзүӊө сыймыктансаӊ болот» деп жыйынтык чыгарыӊыз.
  5. Өтө чоӊ мактоодон алыс болуӊуз, бул ага зыян келтириши мүмкүн.
  6. Мурдагы алсыздыгына же кемчилигине ишарат кылган мактоодон алыс болуӊуз.
  7. Сиздин энтузиазмыӊыз баланын бир нерсеге өз алдынча жетүү каалоосуна дал келерине ынаныӊыз.
  8. Эгер сиз баштапкы реакцияӊызга эрк берсеӊиз, анда аны тереӊирээк байкоолор менен толуктаганга үйрөнүшүӊүз керек.
  9. Ушундай болмок деп мактагыӊыз келсе, өзүӊүздүн сезимиӊиз тууралуу айтууга болот: мисалы, «Сени менен бүгүн түштөнгөнүбүз мага аябай жакты».
  10. «Сенин колуӊан баары келерин мен билгем» деген сөздөн алыс болуӊуз. Сиз билген эмессиз жана биле да алмак эмессиз. Ал эми бала болсо анын аракетин көӊүлгө албаганыӊызды сезип калышы мүкмүн.
  11. Балдардын каталарын кабыл алыӊыз жана аны үйрөнүүнүн бир бөлүгү катары кабыл алыӊыз. Жинденбеӊиз жана ачууланбаӊыз.
  12. Мактап жатканда да, сындап жатканда да балаӊызды кимдир бирөө менен салыштырбаӊыз.
  13. Өзүӊүздүн атыӊыздан мактоодо «мен» сөзүн колдонуӊуз: «Мен сени менен сыймыктанам!», «Мен аябай кубанып турам!». Баланы туура мактоодо бала: «Мен бир нерсени жакшы жасарымды ата-энем көрүп турат» деген ыраазычылыгын жаратат. Ал эми Мен деген сөз менен мактоодо: «Менин жасагандарым ата-энеме абдан маанилүү. Менин кулк-мүнөзүм аларга жакшы маанай тартуулайт. Биз бир бүтүндүкпүз» дегенин көрсөтөт. Мындай мактоо аларды жакындатат.

EmptyView