Как у малыша формируется привычка сна Как у малыша формируется привычка сна
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - жаңы төрөлгөн

Уктоо адаты наристеде кантип калыптанат

Баланын өмүрүндөгү алгачкы жумалары көптөгөн нерселерге ыӊгайлашуу убагы болуп саналат. Биз ата-энелер үчүн айныгыс өзгөрүүлөргө көбүрөөк көӊүл буруп, балдар дагы адаптациядан өтөөрүн эсибизден чыгарып коёбуз.

Бардыгы жекече өтөт Наристенин өмүрүнүн биринчи жумаларында бала тамактандыруунун, уйкунун жана жигердүүлүктүн биз алдын ала билген адаттарына ээ болот деп күтүүбүз туура эмес. Бирок көпчүлүк учурларда биз балдарды алар канчалык уктаганына жараша «жакшы» жана «жаман» деп бөлүп коёбуз. Жаӊы төрөлгөн наристенин уйкусу бала кийинки балалык чагында кандай уктарлыгын аныктабайт. Төрөлгөндөн кийин калыбына келүү, жатындан сырткары жашоого, тамактанууга, тамакты сиӊирүүгө көнүгүү жана ал гана эмес дем алуу актысы да наристеден өтө зор энергияны талап кылат. Адистер баланы баланча саат уктайт деп айткандарынын бардыгы теория гана. Балаӊызды болбогон идеал менен салыштыруунун кереги жок – бул сиздин ишенимиӊизди толугу менен талкалап коёт. Баланын уйкусун жалпы көрүнүштүн бөлүгү катары кабыл алганга аракет кылыӊыз жана ал сиздин балаӊыздын өмүрүндө болуп жаткандарга тоскоолдук жаратканга мүмкүндүк бербеӊиз.

Эмнени күтүүгө болот? Жана эмне ченемдүү болуп саналат?

Жаӊы төрөлгөн наристелер бир суткада 9 сааттан 18 саатка чейин, 3 айдан 6 ай куракка чейинки балдар 15-16 саат, 6 айдан 12 ай куракка чейинкилер – 13-14 саат, 1 жаштан 2 жашка чейинкилер – 12-14 саат, 2 жаштан 5 жашка чейинкилер 12-13 саат укташат. Бирок, эсиӊиздерде болсун, бул теория гана. Өмүрүнүн биринчи айында балдардын көпчүлүгү салыштырма тынчыраак болушат. Алар тамактануу үчүн гана ойгонушат, курсагын тойгузгандан кийин дароо эле уйкуга кетишет. Экинчи айдан баштап алар, эреже катары, көбүрөөк ойгонот да, күнүнө бир нече жолу ыйлашат. 3 айга чейинки балдар түн ичинде тамактануу үчүн ойгонушат. Алар сүттү дайма ичип турууну талап кылышат жана чоӊураак өлчөмдөгү тамакты дароо сиӊире алышпайт. Адатта бөтөлкө менен тамактанган балдарга караганда, эмчек эмген наристелер тез-тезден ээмп турушат. Кичинекей балдар күн менен түндү ажырата алышпайт. Болжол менен 6 айынан баштап алар түн ичинде узагыраак уктап, күндүзү кыскартат. Баланын алгачкы алты айында ата-энелердин көпчүлүгү түн ичинде ойгонушуп, минимум бир жолу аны тамактандырышат. Бул ченемдүү көрүнүш. Күн өткөн сайын бала түнкүсүн узагыраак уктай баштайт. Балдар «тез»уйку фазасында көп убактысын өткөрүшөт, ошондуктан алар үн чыгарышып, кыймылдап турушат, уктап жатканда жигердүү болуу – балдар үчүн ченемдүү көрүнүш.

Уктоо адатын балдар кантип калыптандырышат? Айрым фактылар

  • Уктап кетүү – табигый процесс. Күнүӊкү иштерге энергия корогондуктан, организм чарчайт, ал эми уйку күч кубатты калыбына келтирүүгө көмөк көрсөтөт. Уйкунун учурунда баланын организминде өөрчүү гормону жигердүү иштелип чыгат, энергия аккумуляцияланат жана анын андан ары жалпы өөрчүшү үчүн өтө керек болгон эскерүүлөр чыӊдалат.
  • Балдарды карап туруп, алардын чарчаганын жана уйкусу келгенин билип коёбуз. Бул белгилерге дароо аракет кылган камкор ата-эне азыраак машакаттанат.
  • Ашыкча көӊүл чөгүү баланы ыйлатып, аны тынчытуу үчүн узак процессти талап кылат, бул болсо ата-эне үчүн да, бала үчүн да оор. Балага көӊүл бура, аны байкай билгиле, наристеӊиздерди түшүнүүгө үйрөнүӊүздөр!
  • Эмизип жатканда же ата-энелеринин кучагында жатканда көпчүлүк балдар ойгонуп алышат. Ушул өзгөчө убакыттан ырахат алыӊыздар. Баланы кантип тынчытуу керектигин чечкенге андан кийин деле жетиштүү убакыт болот.
  • Тынчытуунун туруктуу, мурда белгилүү болгон жана ырааттуу жол-жоболор бала өзүн коопсуз сезе турган жана аны чын эле бардыгы жакшы көрөрүн түшүнүүгө мүмкүндүк берүүчү туура адаттарды калыптандырат.
  • Айрым эксперттер уйку генетикалык шартталган деп эсептешет. Узак уйкуга муктаж болбогон ата-энелердин балдары да дал ошондой адатка ээ болгон учурлар кездешет. Биз балдарыбыздын ДНКсын өзгөртө албайбыз,бирок алардын уйкусу үчүн максималдуу жагымдуу шарттарды түзө алабыз.
  • Балдар, эреже боюнча, караӊгылатылган,жакшы желденген бөлмөлөрдө тынч укташат. Бирок имаратты күн сайын инсоляциялап туруу муктаждыгы жөнүндө да унутпашыбыз керек, себеби күндүн жарыгынын таасиринен улам мээде мелатонин – уйку гормону өөрчүйт. Бул ошондой эле циркаддык ритмдин – организмдин өзгөчө ички саатынын калыптанышына түрткү берет.
  • Айрым ата-энелер балдарына тигил же бул музыканы, же бешик ырын угузуп коюшат, алар муну менен «уктоо» адатына көнүктүрүшөт, ал болсо укташ керек деген белгини берет. Тынчытуу учурунда бир аз- фондук чуу добуштарга анча сезимтал болбошуна жардам берет.
  • Балага, анын жашына карабастан, күн сайын китеп окуп берип туруӊуз. Бул аны алаксытуунун эӊ мыкты ыкмасы, ал ошол эле маалда акыл эсинин өөрчүшүнө көмөк берет.
  • Уйкунун жакшы адатын калыптандырууга балага кантип түрткү берүү керек? Негиздерин түшүнүү

  • Бала канча убакыт уктагысы келгендиги жөнүндө өзүнүн түшүнүгү болорлугун сиз моюнга алып, кабыл алышыӊыз керек. Албетте, бул ою сиздин оюӊуздан айырмаланышы мүмкүн.
  • Ата-эне катары сиздин милдетиӊиз – анын уйкусу үчүн таза, коопсуз жана жагымдуу чөйрө түзүү жана бала уктагысы келген учурлар ага мүмкүндүк берүү болуп саналат. Баланын милдети – күч кубатты жана энергияна алуу үчүн ашыкча көйгөйсүз жана узак убакытка уктоо (канча талап кылынса, ошончо убакыт).
  • Баланын өзүнүн керебети болуп, дайыма ошондо укташы керек. Бирок бул жөн эле сөз, иш жүзүндө балдар ата-энелеринин керебетинде, конок үйдө, коляскада жана аларга ыӊгайлуу болгон бардык жерлерде укташат.
  • Эмне болуп жатканын бала билиши үчүн, уйку алдында тынчытуунун кадимки ритуалын жасаӊыз. Ырааттуулук жана көшөрүү тез тынчтанууга түрткү берет, бул чын эле иштейт.
  • Түн ичинде тамактандырып жатканда, баланы тамактан кийин даро уктап калышы үчүн, аны шаштырбаӊыз. Жеӊил өчүрүлүүчү жарык жөнүндө алдын ала кам көрүӊүз.
  • Күндүзгү уйку баланын ченемдүү өсүшү үчүн маанилүү болуп саналат. Күндүз жакшы уктаган балдар, түн ичинде жакшы укташары далилденген.
  • Кечкисин баланын жигердүү болушунан алыс болуӊуздар. Жылуу ванна, жумшак кийим, китеп окуп берүү жана түн алдындагы тамактандыруу – баланын бекем жана узак уктоосуна даярдануу ыкмасы.
  • Адатта, жаӊы төрөлгөн наристелерге күндүз 3-4 саат уктоо жетиштүү. Балаӊыз сиздин уландыӊыз эмес экендигин эстен чыгарбаӊыз. Ал жекече темпераменти менен өзгөчө инсан, ал анын адаттарына таасир этет. Айрым учурларда бала жакшы уктайт, ал эми кээде андай эмес. Жагдайга ылайыкташыӊыз: өзгөртө алганды гана өзгөртүӊүз, баланын «уйкулуу» адаттарын бекем алкака киргизип албаӊыз.
  • EmptyView