Первый зубик: все индивидуально Первый зубик: все индивидуально
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - бир жылга чейин

Биринчи тиштери: бардыгы жекече.

Баланын жашоосундагы биринчи жылы ал үчүн гана эмес, анын ата-энелери үчүн да ачылыштарга толтура. Бирок, балаӊыздын ар бир кичинекей ийгилигине сыймык менен кошо кабатырлануу да коштоп жүрөт. Ата-эне бардыгына кабатырланат: бала жетиштүү тамактанып жатабы, ашыкча тынч эмес уктап жатат окшойт, туура өсүп жатабы? деген суроолор толтура болот. Бул кабатырлануунун чексиз тизмегинде борбордук орундардын бирин баланын биринчи тиштери да ээлейт. Ата-эненин балага кабатырлангандыгынын дээрлик бардыгы «анан биздин тишибиз чыга баштады…» деген сөздөрдөн башталып, «кошунанын баласы жарым жашка толгондо төрт тиши чыгып калган, а бизде алигиче бирөө да чыга элек» деген сөздөр менен коштолот. Себептүү да, себепсиз да кабатырлана берүүнү токтотуу үчүн башкаларга теӊелгенди токтотуу керек. Жана биринчи тиштер качан чыга башташат, эмне себептен ар бир балада ар башка учурда чыгарын түшүнүп алуу маанилүү.

Биринчи тиши: бардыгы жекече болот.

Сиз бардык балдарды бирдиктүү стандартка шайкеш келтире албайсыз, ага аракет да кылбаӊыз. Айрым балдарда тиши төрт айында эле жарылып чыга баштаса, айрымдары жети айында деле жок тиши менен ата-энесин кубантып жүрө берет. Балдар эки-үч тиши менен төрөлгөн учурлар да болгон. Бардыгы жекече болот жана ал көптөгөн факторлордон көз каранды. Бирок, жок дегенде кандайдыр бир багыт алуу үчүн врачтар тиштердин жарылып чыгуусунун графигин түзүп чыгышкан. Эгер сиз ага көӊүл коюп карасаӊыз, анда деле так мөөнөт жок экенин көрөсүз – бардыгы теӊ эки ай ары-бери айырма менен берилген.

Биринчи тишин качан күтөлү? Деги биринчи тиш качан пайда боло баштайт? Алардын түбүнүн калыптанышы кош бойлуу учурда эле жүрө баштаган: сүт тишиники 7-10-жумасында, туруктуу тишиники – 17-жумадан кийин. Орточо алганда 4 айында баланын сүт тиштери бүлөнүн ичинен акырындап жыла баштайт да, болжол менен 6-7 айында тышка «жарып»чыгат. Эреже катары, булар ортоӊку астыӊкы тиштери. Анын артынан үстүӊкү төрт тиши жарылып чыгат, анан – астыӊкы азуу тиштери чыгат. Негизинен, бала бир жашка чыкканга чейин сегиз сүт тиши жарылып чыгып калат. Калган он эки тиши эки жашка толгонго чейин жарылып чыгат.

Тиштердин жарылып чыгышынын болжолдуу графиги: · астыӊкы ортоӊку тиштери – 6–9 айында; · үстүӊкү борбордук тиштери – 7–10 айында; · жогорку азуу тиштери – 9–12 айында; · астыӊкы азуу тиштери – 11–14 айында; · үстүӊкү биринчи молярлар – 12–15 айында; · астыӊкы биринчи молярлар – 12–15 айында; · үстүӊкү клыктары – каптал тиштери – 16–20 айында; · асытӊкы клыктары –каптал тиштери – 17–22 айында; · үстүӊкү экинчи молярлар – 20–33 айында; · астыӊкы экинчи молярлар – 24–36 айында.

Сиздин балаӊыздын тишинин жарылып чыгышынын ылдамдыгы жана ырааттуулугу башкача болушу мүмкүн. Бул анын андан ары тиштеринин тазалагына эч кандай таасир этпейт. Артта калганы жарым жылда кайра кубалап жетүүсү мүмкүн. Бала бир жашка чыкканда бир да тиши жарылып чыга элек болсо гана тынчсыздануу керек. Мындай учурда сиз стоматологго барышыӊыз зарыл.

Кечигүүнүн себептери. Тиштин жарылып чыгышынын кечигишин мурунку замандарда балада кандайдыр бир оорунун (мисалы, итийдин) болушу менен түшүндүрүшкөн. Бирок азыркы медицина муну жокко чыгарган.

    Биринчи тишинин пайда болушунун мөөнөтү төмөнкүлөрдөн көз каранды:
  1. Тукум куучулуктан. Эгер үй-бүлө мүчөсүнүн кимдир бирөөсүнүн тиши белгиленген мөөнөттөн кеч жарылып чыккан болсо, балаӊыздын тишинин тез жарылып чыгышын күтпөй деле койсоӊуз болот: ал ата-энесин тарткан.
  2. Төрөлгөн датасы. Мөөнөтүнөн мурда төрөлгөн балдардын тиштери, негизинен, кечирээк чыгат.
  3. Эненин кош бойлуу кезинде тамактанышынан. Бул баланын тишинин калыптанышына түздөн-түз таасир берет.
  4. Кош бойлуу кезинде энесинин түрдүү дарыларды ичишине жараша. Баланын тиши өспөй калган учурлар да болот. Муну адентия деп аташат, жана ал тиш-жаак тутумунун өөрчүшүнүн аномалиясы - тиштеринин башаты жоктугу менен байланышкан. Бирок бул өтө сейрек кездешет. Жарылып чыгуу графигинин дал келбестиги – кабатырлануунун себеби эмес. Эгер, ошентсе да сизди баланын жалпы абалы жана өсүү ылдамдыгы кабатырлантса, организминдеги мүмкүн болууларды жокко чыгаруу үчүн врачка көрүнүӊүздөр.

EmptyView