Как развлечь малыша без дорогих игрушек? Как развлечь малыша без дорогих игрушек?
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - бир жылга чейин

Кымбат баалуу оюнчуктарсыз эле баланы кантип алаксытуу керек?

Балаӊыз оюнчуктарга кызыгуусун тез эле жоготуп коёбу? Сиз өзүӊүз эки мүнөттүн ичинде жасап ала турган жөнөкөй оюнчуктарды көрсөтөбүз. Балага кымбат оюнчуктарды сөзсүз сатып берүүнүн кереги жоктугун унутпаӊыз. Балдар жөнөкөй эле оюнчуктар менен жан дилинен ойношот.

Фигуралар.

Эмне керектелет: Түстүү кагаз, ак картон, кайчы, клей, муз үчүн форма.

Кантип жасалат:

Кагаздан түрдүү фигураларды: айлана, квадрат, үч бурчтук, жылдызчалар - кесип алыӊыз. Ар бир фигуранын өз түсү болсун: мисалы айлана кызыл гана, квадрат көк гана түстө болот. муз үчүн форманын ар кайсы ячейкасына бирден фигура чаптап чыгыӊыз. Башка фигураларды картонго чаптаӊыз – бала тиешелүү ячейкаларга жайгаштыра алган карточкалар пайда болот. Бул оюн логиканы жана моториканы өстүрөт.

Гамак.

Эмне керектелет: Эски терезе жапкыч, стол.

Кантип жасалат:

«Столду терезе жапкыч менен «ороӊуз» да, учтарын бекем байлаӊыз. Анча бийик эмес жерде чакан мини-гамак пайда болот.

Деӊиз менен бөтөлкө. Эмне керектелет: Суу, ракушкалар жана деӊиз таштары менен жалтырактар.

Кантип жасалат: Бөтөлкөнүн түбүнө 1/3 кылып ташты, ракушкаларды жана жалтырактарды салыӊыз, бөтөлкөнүн оозуна чеийн суу куюӊуз. Бөтөлкөнүн оозун суперклей менен шыбап, капкагын жаап коюӊуз.

EmptyView