Развивающие игры во время купаний Развивающие игры во время купаний
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - бир жылга чейин

Жуунтуп жаткандагы өстүрүүчү оюндар

Суу менен ойноо – көӊүлдүү гана эмес, пайдалуу сенсордук-кыймылдатуучу дагы аракет. Ошондой эле психологдор бул (бардык практикалык оюндар сыяктуу эле) баланын кебинин өөрчүшүнө жардам берет, себеби жуунтуп жатканда баарлашуу үчүн көптөгөн темалар пайда болот деп эсептешет.

Эмне себептен соргуч-эринче сууну өзүнө сиӊирип алат? Кагаздан жасалган кемени самындан көбүккө коюп койсо эмне болот? Эмне себептен айрым оюнчуктар сууга чөгүп кетишет да, айрымдары – калкып жүрө беришет? Балага суроо бергенди жана анын суроолоруна туура жооп бергенди унутпаӊыз.

Жуунтуп жаткана эмне менен алектенгенге болот?

Жуунтуп жатканда чайынма бөлмөгө ваннанын ичине пластиктен чылапчын, чака же контейнер коюп койгонго болот. Суунун бири бирине куюлушунун түрдүү ыкмаларын балаӊызга көрсөтүӊүз: чынынын, суу куйгучтун же сууну сиӊирип алып турган поролондон эринченин жардамы менен (эринчени катуу сыкса эмне болот?). Бул убакта бала көлөм түшүнүгү менен таанышат, эсептөө боюнча дагы бир жолу машыгат, себепти кесепеттен айырмалаганды баалайт.

Түрдүү буюмдарды сууга сүзүүгө коё берип, кайсынысы сүзүп кетерин, ал эми кайсы бири чөгүп кетерин карап туруу.

«Изилдөө объектилеринен» көбүрөөк даярдап коюӊуз: ванна үчүн оюнчуктарды, таштарды, тыйындарды, пластиктен идиштерди, резинадан оюнчуктарды даярдаӊыз. Тигил же бул буюм чөгүп кетерин же чөкпөй каларын табышын балаӊыздан сураӊыз.

Самындалган чачтардан түрдүү жасалгасын жасап, чач тарач оюнун ойноӊуздар.

Анан эмне пайда болгонун кол күзгүдөн карап, көрүӊүздөр. Башын жууганды жаман көргөн балдарга, бул оюн алаксыганга жардам берет.

Жигердүү жуунуулар. Эгер балага жууну кызыксыз болуп, же жуунуу процессин атайын эле создуктуруп жатса, ага жигердүү оюн сунуштаӊыз. Бул үчүн сиздин буйругуӊуз боюнча ал денесинин сиз атаган бөлүгүн жуушу керек. Оюнду динамикалуу кылыш үчүн, бири-биринен алыс жайгашкан дене мүчөсүн атоо зарыл, мисалы, курсак, анан таман, ийин жана ушул сыяктуу

Жуунуу процессин кызыктуу кылыш үчүн бул процесске позитивдүү жана фантазия менен мамиле жасоо зарыл. Балага бир аз эркиндик бериӊиз жана ар күнкү жол-жобону көӊүлдүү жана кызыктуу оюнга айландырыӊыз. Мында бала чыргооломок түгүл, ар бир күнү чайынма бөлмөгө өзү чуркап келип калат!

EmptyView