Эмоции в детском возрасте Эмоции в детском возрасте
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - бир жылга чейин

Бала курактагы эмоция.

Баладагы биринчи эмоция качан пайда болот? Туулган күнүнөн эле баштап! Адамдын биринчи эмоциялары жөнүндө анын биринчи туулган күнүнөн баштап эле айтууга болот. Бул физиологиялык себептер менен байланышкан терс кабатырлануулар.

Наристенин өмүрүнүн биринчи жумаларында улуулардын тигил же бул кырдаалдагы мимикаларын бизге аябай эскерткен беттин түрдүү көрүнүшүн кичинекей баладан байкоого болот. Бала сүйлөй албагандыктан ал ооруну же коркууну сезип жаткандыгын айта албайбыз. Негизинен көпчүлүк учурларда мындай өзгөрүүлөрдү баланын бет туюнтулушу билдирип турат. Негизинен наристе чаӊыруунун, ыйдын жардамы менен кандайдыр бир терс эмоциялар же физиологиялык керектөөлөр жөнүндө чоӊдорго айтып турат. Бул кандайдыр бир деӊгээлде дүйнө менен баарлашуу ыкмасы. Бир эле ошол жагдайдан пайда болгон эмоциялар бала өзүнүн айланасында жүрүп жаткан окуяларга ар кандай интерпретациялай баштагандыктан, бир эле ошол кырдаал чакырган эмоциялар түрдүү жаш куракта ар кандай болушу мүмкүн. Себеби бала айланасында болуп жакан окуяларды башкача интепретациялап баштайт. Убакыт өткөн сайын ойго жүргөн мөөнөт акырындан көбөйө берет да, терс эмоциялардын саны азаят.

3 айга чейин.

Бул жаш куракта баланын эмоционалдык абалы импульсивдик, ал тез тез өзгөрүп жана дайым эле актала бербейт. Бала өзүнүн оӊ эмоцияларын ушинтип көрсөтүү менен күлө, вокалдаштыра, кыймылдай алат. Мындай реакциялар «жандандыруунун комплекси» деп аталышат жана чоӊдордун эмоционалдык кайрылуусуна, оюнчукка, ырга, музыкалык мелодияларга реакция болуп саналат. Бул жаш куракта туугандарынын чоӊдорунун көӊүлүн өзүнө тартып жана эмоционалдык раекциялар (жылмаюусу, кыймылдары, чаӊыруусу, менен…) менен кармап турат. Энеси менен баарлашуу токтоп калса, оюнчук байкоосуз жоголуп кетсе, айлана чөйрө тез өзгөрсө (абанын табы, оору сезимдери, кыймылдардын чектелиши) терс эмоциялар пайда болушу мүмкүн. Күтүүсүз катуу үндөрдөн бала чочуп же көпкө чейин тынып калышы мүмкүн. Таӊ калуу жана капа сыяктуу эмоционалдык реакциялар баланын 4 айына чейин пайда болот. Үч айынан баштап наристе терс дагы, оӊ дагы, акырын чыккан үндөргө жана чоӊдордун түрдүү мимимкаларына күлүп калат.

6 айынан баштап Ушул учурда же мындан бир аз мурдарак бала чоӊдордун үнүнүн интонациясын айырмалап калат. Ал жагымдуу үнгө жылмайса, улуулардын катуу үнүнө кабагын түйөт. Бала күтүлбөгөн катуу үндөрдөн коркуп кетиши мүмкүн. Жарым жашка чыккан бала жакын адамы пайда болгондо кубанат жана аны менен баарлашуу мүмкүнчүлүгүнө сүйүнөт. Ал жакшы көргөн оюнчугун көргөндө эмоционалдык жактан кубанычын билдирип, жылмаят жана ага колун созот. Бала курчап тургандардын бардыгына теӊ эмоционалдык – тандоочу мамилени улам көрсөтө баштайт. Ал эмоционалдык түрдүү реакцияларды (оӊ жана терс, узактыгы жана мөөнөтү боюнча ар түрдүү) көрсөтүү менен предметтерди түсү, өлчөмү, формасы, фактурасы боюнча тандайт. Чоочун адамды көргөндө же жаӊы жагдайда болуп калганда жарым жаштагы бала кооптоно баштайт, коркконун жана тартынганын билдирет. Эгер анда жагымсыз сезимдер пайда болсо, ал бети башын бырыштырып, ары бери бурула жана нааразы боло баштайт. Коркунучту жана каарды бала 5-7 ай мезгилинде сезгенге жана көрсөткөнгө жөндөмдүү.

6-8 айларында. Бул мөөнөттө бала уялып чочулоосун көрсөтүүгө үйрөнөт. Ал эми эмоциаларды, башка адамдардын жүзүнүн мимикасын жана үндүн интонациясын мыкты туурай алат – түздөн түз баарлашууда жакын адамдарынын кулк мүнөзүн туурап каткырат, бышылдайт.

9 айга чейин

Бул куракта бала кандайдыр бир оюнчуктарына өзгөчө маани берип, алар менен токтоо жана кызыгып ойноп калат. Ал чоӊдор менен болгон көӊүлдүү оюндарга чын дилинет кубанат. Көӊүлдү бурдуруу жана көтөрүүгө сурануу үчүн, жылмайганын же нааразы болгонун пайдалнат. Ата энеси көпчүлүк учурда эмнеге тез жооп берээрин, каалган натыйжасына эмне жеткирээрин билип алгандан кийин бала, сүйлөп калган учурунда дагы ошолорду максатына жетиш үчүн колдоно берет. Бул курагында бала улуулардын түрдүү мимикаларын жана интонациясын таанып, аларга жооп бергенге жүндөмдүү болуп калат. Чоӊ адамдардын жылмаюусу аны кубандырып, өзгөчө гримастары ыйлатат жана коркутат. Тааныш эмес чоӊ адамды көрүп бала ыйлап жибериши, эмгектеп кчып кетиши, таарынганын билдириши ж.б. мүмкүн. Абалын өзү өзгөртө албаса, нааразычылыгын билдирет. 9 айдагы баланын эмоционалдык арсеналында түрдүү кырдаалдагы жүзүнүн түрдүү туюнтулушу: кызыгуу, рахаттануу, кубануу, көӊүл буруу, таарыныч бар.

12 айга чейин.

1 жаштагы бала сүрөт боюнча жакын адамын таанып, ага кубанганды билип калат. Бурап жүргүзүүчү оюнчуктар анын таӊ калышын күчөтөт. Наристе өз алдынча үн чыгарып калганда же оюнду туура пайдаланганда өзгөчө кубанат. Музыка же ыр угуп жатып ал аны тынч тыӊшайт, жылмайат, ага ылайыктап секирип бийлеши жана ырдашы мүмкүн. Бир жашка жеткен бала жигердүү эмгектеп жана баса баштайт, ал эми ата энелеринин кебинен «тийбе!» деген сөз көбүрөөк пайда болот. Бала көпчүлүк учурда тыюуларга таарынып, нааразычылыгын билдирет. Татаал жана бейтааныш жагдайларда бала улууларга суроолуу көзү менен карап турат. Бала ошондой эле мимиканы, күлкүнү, жесттерди жана улуулардын жана теӊтуштарынын оюн кыймылдарын активдүү туурап турат. Башка балдарга, картиналарга, китептерге өзгөчө кызыгуусу жаралат. Ал айланасындагы адамдарга, оюнчуктарга, предметтерге эмоционалдык жактан түрдүүчө мамиле жасайт (жакындашканга умулат, токтоо, жылмаят же түртүп салат, алыстайт). Ата энесинин сүйүүсүнө жана мээримине чулганган баладан дайыма кубанычта жүргөн жана жигердүү бала өсүп чыгаарын унутпаӊыздар. Анын эмоционалдуу көрсөтүүлөрү ачык жана ар түрдүү, ал эми кабатырлануусу – тереӊ жана толук. Баарлашуудагы дайыма тыюу сала берүү, бейкапарлык жана эмоционалдык жардылык баланын түнт жана ыйлаак болушуна алып келет.

EmptyView