Объятия в жизни малыша Объятия в жизни малыша
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - бир жылдан үч жылга чейин

Баланын өмүрүндөгү кучактоолор

Кучактоо – жагымдуу процесс, бирок анын маанилүүлүгүн кантип ченегенге болот? Кучактап жатканда адам баласы колдоону сезет – албетте, муну менен эле бүтүп калбайт. Кучактоо жана сезимин билдирүү абдан маанилүү экендигин көптөгөн изилдөөлөр далилдешкен.

Изилдөөлөр.

Баланын мээсин сканирлөө менен, ата-энесинин ага болгон мамилесин жана аны канчалык кучактаарын түшүнүүгө болот – баланы көп кучактаса нейрондук байланыштар абдан көп болот, бул мыкты белги болуп саналат. Бул феномен Калифорния университетинин профессору Аллан Шор тарабынан аныкталган. Башка изилдөөдө Түндүк Калифорния университетинин доктору Кейтрин С.Лайт кучактоонун окситоцин гормонунун бөлүнүп чыгуу деӊгээли менен байланышын тапкан, бул гормон биз сүйүүнү жана ыкталганды кантип сезгенибизге жооп берет. Гарварддын доктору Мари Кларксон дагы бир ачылыш жасаган, ал балдар үйүндөгү тарбиялануучуларды изилдеген. Бул жактагы балдар өстүрүүчү оюндарды ойношот, курсактары ток, бирок тактилдик тажрыйбанын, сүйүүнүн, мээримдин жоктугу кан басымдын жогорулашына жана өсүү гормонунун туура эмес бөлүнүп чыгышына алып келген. Мындай көйгөйдү башка көйгөйлөргө шылтап койгон сейрек учур, бирок анын негизи – балага мээримдин жетишсиздиги болуп кала берет.

Мен бардыгын туура жасап жатканымды кантип түшүнсөм болот? Бир маанилүү учурду эстен чыгарбаӊыз – кучактоону жана өбүүнү бала иштеп табышы керек эмес, ал сөзсүз түрдө, жөн эле тартууланышы керек. Окумуштуулар керектүү санды да белгилешкен – баланы күнүгө жок дегенде 12 жолу кучактоо менен, ал 1 жашта болобу, 6 жашта болобу, баары бир баланын маанайына таасир эте аласыз

EmptyView