Идеи как провести день рождения ребенка Идеи как провести день рождения ребенка
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - бир жылдан үч жылга чейин

Баланын туулган күнүн өткөрүүгө идеялар.

Балынын туулган күнүн үйдөн эле көӊүлдүү өткөрүүгө болот! Бул макала адаттагы балдар столу менен чектелгенди каалагандар үчүн. Майрамдын темасын тандаӊыз. Майрамдын темасын тандоо - сиз жасай турган нерселердин эӊ биринчиси. Мындан толтуруу, көӊүл ачуу жана тамак көз каранды болот. Кандайдыр бир каарманды же теманы тандагыӊыз келбесе анда түстү тандоого болот. Эгер бала сары түстү жакшы көрсө, анда сары майрамды уюштуруӊуз.

Сиздин тизмеӊиден улам тема жөнүндө ойлонууну сунуштайбыз.

  • Цирк
  • Цирк жөнүндө тематиканы стандарттуу сынактарды жана эстафеталарды сүрөттөө менен колдойбуз: канат (пол үстүндөгү жип) боюнча басабыз, үйрөтүлгөн күчүк кызыктуу буйруктарды аткарат, аба толтурулган шарларды тегеретип ыргытабыз, фокус көрсөткөндү үйрөнөбүз.
  • Жомоктор жана мультфильмдер
  • Сиздин мээӊизге келе турган биринчи тема: Сиздин балаӊызга жаккан жомокко же мультфильмге арнап майрам уюштуруӊуз. Так аныктай албасаӊыз, жомоктогу микс жасайбыз. Аниматор жон эле жомокчу же сыйкырчы болушу мүмкүн. Ошол эле эстафета жана сынактарды пайдаланыбыз, бирок сөз менен сүрөттөөнү алмаштырабыз: принцессаларды сактап калабыз, шишкаларды корзиналарга салабыз, варенье бышырабыз, алтын ачкычты издейбиз. Бул түшүнүктүү.
  • Пират кечеси (же жөн эле деӊиз стилиндеги туулган күн).
  • Жакшы көргөн сынактарды башкача кылабыз: кемеледи чрөгөрөбүз, сандыкка бирден тыйын салабыз, узун колбаса шариктери менен согушабыз, балык кармайбыз жана кара белгилерди таратабыз.
  • Дүйнөнү айланып
  • Күн ысып турганда жаратылышта попуастардын көӊүлүн ачабыз же Гаваи кечесин уюштурабыз. Бул темага өткөнгө саякат деген теманы киргизсек болот: Ковбойлор жана индеецтер, Робингуд, Римдиктер жана Египеттиктер, алгачкы адамдар.
  • Принцессалар жана феялар
  • Бул майрамды тариздөөдө көйгөйлөр жаралбашы керек, бир чети кыздардын бардыгы ушул стилди жакшы көрүшөт. Принцессалар кезеги менен буурчактын үстүндө уктай алышат, хрустал туфлисин ченейт, балда бийлегенди үйрөнөт жана «мыкты уктаган сулуу үчүн» белектерди алышат.
  • Башка планеталыктар, космос
  • Бири бириӊерден ар түрдүү башка планеталыктарды жасап, аквагримм менен шыбаныӊыз да көӊүл ачыӊыз. Космостук тематиканы, жылдыздуу кемелерди жана планеталарды кошуӊуз. Өтө кызыктуу болот!
  • Илим жана кесиптер
  • Бул майрам үчүн самындан көбүктөр жана жаш химиктердин башка топтомдору менен укмуштуудай «тажрыйбалар» жакшы туура келет. Эгер сөз адаттагы оюн программасы жөнүндө болуп жатса, майрамды бир же бир нече кесиптерге арнасак болот. Эстафеталарда врачтар, өрт өчүргүчтөр, космонавтар, ашпозчулар жана чач тарагычтар мелдешсин.
  • Кино жана сериалдар
  • Балдар менен бардык этаптарды басып өтөбүз – сценарийди жазуудан, ролдорду бөлүштүрүүдөн, гримден жана репетициядан баштап кинону тартууга жана «Оскарды» тапшырганга чейин.
  • Мастер-класстар
  • Майрамда балдар аябай аз (3-5) болгон, ал эми имарат кыймылдуу оюндар үчүн ыӊгайлашпаган болгон учурга мыкты вариант. Фотозонаны уюштурганды унутпаӊыз. Мейли ал жөнөкөй болсун, бирок ачык болсун – мындай фотозонадан силердин сүрөтүӊөр ошол күндүн маанайын берет! Сүрөттү кимге ишенүү керек? Репортаждык фотого тартууга жооптуу адамды майрам башталганча дайындаӊыз, себеби даярдануунун кадрлары дагы аябай кызыктуу. Эне дасторконду кантип даярдап жатат. Атасы шариктерди кантип илип жатат. Үй бүлө толугу менен гиганттык гүл үчүн гүлдүн жалбырактарын чогулуп кесип жатышат. Эгер өздөрү каалаган сүрөтчүлөр көп болсо (мисалы кимдир бирөөлөрдүн ата энелери), кийин мыкты кадрларды тандап алып «бактылуу учурлар менен» алмашуу үчүн бардык сүрөттөрдү файлды алмаштыргычтарда топтоосун өтүнүӊүз. 1,5-2 саат бою жигердүү көӊүл ачууга болот. Андан кийин балдар чарчап калышат. Чакан шамшум этүүнү уюшутуруу керек жана суроолого жооп бергенге жана чуркаганга кереги жок болгон кызыктуу нерсе уюштуруу зарыл. Балдарга куурчак театрын, андан улуураак балдарга кызыктураак – илимий шоу көрсөтүүгө болот. Сынак учурунда балдарга белек бербей эле койгон жакшы. Бул алардын көӊүлүн өзүнө бурат, айрым учуларда кагылышууларга да алып келет. Улам эле бир нерселер жоголот, кулайт, айрылат ж.б. Балдар алмаша башташат жана бир биринен ал буйумдарды сурап башташат. Андан көрө белектерди даярдап, аларды майрамдын аягында таратуу керек.

    EmptyView