Как отвечать малышу на неудобные вопросы? Как отвечать малышу на неудобные вопросы?
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - бир жылдан үч жылга чейин

Баланын ыӊгайсыз суроолоруна кантип жооп бериш керек?

Балаӊыз канчалык чоӊоюп бара жаткан сайын, анда ошончолук көп суроолор пайда боло берет – кичинекей балдардын кызыгуусу сизди кээде ыӊгайсыз абалга калтырат. Психологдор белгилегендей, төрт жаштагы бала бир күндө ар түрдүү багыттагы төрт жүзгө жакын суроо берет. Алардын бардыгына ата-эне дароо жооп бере алат. Айрым «ыӊгайсыз» суроолор уулуларды ыӊгайсыз кылып коюушу мүмкүн.

«Суроо бере берген балдар» менен баарлашуунун бир нече жөнөкөй эрежеси:

  1. Суроолоруна жооп бериӊиз. Балага аны менен теӊ адамдай, токтоо жана ишенимдүү, апкаарыганыӊызды же уялганыӊызды билгизбей жооп бергениӊиз маанилүү.
  2. Жооп баланын жашына шайкеш келиши керек. Кыска жана жеткиликтүү жооп бериӊиз. Физика жаатындагы билгендериӊиздин бардыгын балага айтып берүүнү кажети жок.
  3. Чынчыл болуӊуз. Бул эрежени айтуунун кереги жоктой да сезилет, бирок көптөгөн ата-энелер «жакшы» ойдон улам баланы алдап коюуга болот деп эсептешет. Эгер бала жообуӊузга канаатанбаса, анда ал маалыматты башка булактардан издегенге киришет. Ал жактан кандай маалымат аларын айтпай деле коёлу. Эгер бала аны
  4. ата-энеси алдаганын туйса, анда алардын сизге болгон ишеними такыр жоголот.
  5. Компетентсиз экениӊизди көрсөтүүдөн коркпоӊуз. Эгер бала Сиз жообун билбеген суроону берсе, туура эмес жоопторду ойлоп табуунун ордуна, билбестигиӊизди жөн гана моюнуӊузга алыӊыз. Маалыматты чогуу издегенге аракет кылыӊыз, же аны билгендерден сурап көрүӊүз.
  6. Жинденбей жооп бериӊиз. Кээде балдар туура эмес учурларда суроо беришет. Мындай учурда токтоолукту сактап, сиз азыр иш менен алектенип жатканыӊызды, бирок бул суроого анан кайрыларыӊызды түшүндүрүп коюӊуз.

Бонус катары, баланын эӊ оор суроосуна жоопту мисалга келтирели: бала кайдан жаралат? Бир аз кичирээк балдар үчүн психолог М. Хорс төмөнкү схеманы карманууга кеӊеш берет: «Кыздар өзүлөрү кантип жаралганы тууралуу суроолорду берип баштаганда, эгер атасы менен апасы бирин бири сүйгөндө балдар жаралат деп айтчумун. Эки жылдан кийин бала төрөлүшү үчүн бири-бирин сүйүп гана тим болбостон, өбүшүү да керек, ошондо эненин курсагында бала пайда болот» деп кошуп түшүндүрө баштадым.

Педагог А. Соболева мындай дейт: «Балдар каяктан жаралат?» деген суроого: «Эненин курсагынан. Балага ал жакта коопсуз жана жылуу болот, себеби алар эненин жүрөгүнүн алдында өсүшөт» деп токтоо жооп бергенге болот. Эӊ кичинекейлер үчүн ушул жетиштүү.

Андан улуураак балдар үчүн балдардын сексуалдык билими маселеси менен алектенген педагогдор жана психологдор тарабынан жазылган көптөгөн энциклопедиялар жана китептер бар. Бул тема боюнча дал ошол китептер мыкты жардамчы жана жетелөөчү болуп калат, бирок бала кызыккан суроолорун сизге каалаган учурунда бере алышы үчүн, аны бала менен чогуу окуган жакшы.

Суроолордон корпоӊуздар, бала кенедей кезинен эле аны менен сүйлөшө баштаӊыз, үй-бүлөдө ишеним мамилесин куруӊуз. Ошондо гана сиздер ортоӊуздардагы мамиледе көптөгөн көйгөйлөрдөн алыс болосуздар. Ийгилик каалайм!

EmptyView