Как отучить малыша от груди Как отучить малыша от груди
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - бир жылдан үч жылга чейин

Баланы эмчектен кантип чыгаруу керек.

Эмчек эмизүү энеге жана балага укмуш эмоцияларды жана бонустарды берет. Бала үчүн эмчек эмүү – бул тамактануунун эӊ эле балансталган ыкмасы, ал иммунитеттин негизин калыптандырып, интеллектуалдык өсүшүнө таасир этет, жана ага тыгыз эмоционалдык байланышты тартуулайт. Сүт иштелип чыгып жаткан учурда, ишке кирген татаал гормоналдык процесстер эмизип жаткан энени токтоо кылып, организмге төрөттөн кийин тез калыбына келгенге жардам берет.

Себебине карабай, дээрлик ар бир эне кайсы бир учурда баланы эмчектен качан жана кантип чыгаруу керек деп ойлонот. Эмчектен чыгарганга убакытты тандоо: Эмчек эмизүү маселесинде чечүүчү фактор болуп эненин психологиялык саламаттыгы болуш керек, себеби эне тынч жана баласына эмчек эмизгиси келгенине ишенимдүү болгондо гана сүттөн пайдалуу элементтерди бала ала алат.

Баланын эмчектен чыгарганга даярдык белгисине таасир этиши мүмкүн болгон кошумча факторлор:

  • Ал акырындык менен кызыгуусун жоготуп бара жатат, бирок кээде эмчек сурайт.
  • Бала сиздин табагыӊызда болгон нерсеге көӊүл бурат да, жеп көргөнгө аракет кылат, ошондой эле сиз тамак чайнап жатканда, сиздин жүзүӊүздү көӊүл коюп карап турат.
  • Бала өз алдынча отурат.
  • Сүткө караганда катуу тамакты чайнаш үчүн бир нече сүт тиши чыккан.
  • Бала чоӊоюп жатат жана негизинен өз алдынчалуулугун көрсөтөт: өз керебетинде уктайт, түнкүсүн жалаяк шымдын кереги жок, бөтөлкө менен «дос», эмчек эмбестен алаксынып калат.
  • Эмчектен чыгаруу этаптары:

    Биздин апаларыбыз жана чоӊ апаларыбыз кеӊешке радикалдуу чараларды берет: баланы эмчексиз калтырып, эки күнгө кетип калуу, эмчекке сары кычы сыйпап коюу ж.б. чынында мындай ыкмалар баланы да, энени да жабыркатат. Албетте, экстрендик учурлар өз эрежелерин айтышы мүмкүн, бирок буга аӊ-сезимдүү мамиле кылып, баланы акырындык менен чыгарыш керек.

    Бул процесстен ооруксунтпай чыгарып кетүүчү бир нече эреже:

  • Түнкүсүн эмизбей коюдан баштоо жеӊил. Ойгонуп кеткен балаӊызга суу же башка суусундук сунуштаӊыз. Эмчектен чыгарып жатканда, балага атасы турган жакшы болот. Энесинен чыккан сүттүн жыты баланы ыйлатып коюшу мүмкүн.
  • Баланы кошумча тамак менен кызыктырыӊыз.
  • Кошумча тамакка бала көнүп калганда, аны эмчек бергенге чейин бериӊиз. Эгер бала болбой эле эмчек сураса – берип коюӊуз, бирок өзүӊүз сунуштабаӊыз.
  • Эмчек эмизгендин ортосундагы убакытты узартыӊыз. Мисалы, 3 саатта бир эмес, 5 саатта бир жолу. Калган башка убактарда балдар тамагын бериӊиз.
  • Бир тамактандырууну балдар тамагы менен толугу менен алмаштырганга аракет кылып көрүӊүз. Эгер бала буга кабатырланбай, жинденбесе, кийинки жолу да ушинтип тамактандырыӊыз. Эмчек сүтү менен кошумча тамак кезектешкендей болсун.
  • Аягында эртеӊ мененки жана кечки эмизүүдөн баш тартыӊыз. Эртеӊ мененки тамактандыруу маститтин алдын алуу үчүн маанилүү, ал эми кечкиси болсо балага тынч уктаганга жардам берет.
  • Балага кантип жардам берүү керек?

  • Эмчектен чыгаруунун алдында баланы өзүнчө керебетте жатууга үйрөтүӊүз.
  • Жетишпеген жакындыктын ордун толтуруӊуз – баланы тез-тез кучактап туруӊуз, өбүӊүз жана көтөрүӊүз.
  • Бала ачка эместигине ынаныӊыз – салмагынын кошушун жана жалпы эле абалын көзөмөлдөӊүз. Эгер бала ыйлаак жана чыргоо болсо, анда эмчектен чыгаруучу мезгил али келе элек.
  • Сизге туруктуу ассоциацияларды алмаштыруу жардам бериши мүмкүн – мисалы, орун алмаштырыӊыз. Баланы ыӊгайлуу отургучка отургузуп, бардыгы менен чогуу тамак бере баштаӊыз.
  • Сиздин жытыӊыз менен оюнчуктарга баланын кызыгусун жана тартылуусун колдоӊуз. Бул ага эмчек эмизүүнүн ордундагы жаӊы байланыштарды түзгөнгө жардам берет.
  • Чыдамкай болуӊуз: эмчектен чыгарып жатканда көптөгөн балдар кыжырданган болуп, көбүрөөк көӊүл бурууну талап кылат. Бул ченемдеги көрүнүш.
  • Өзүӊүздүн абалыӊыз жөнүндө унутпаӊыз: жагымдуу адамдар менен көбүрөөк сүйлөшүӊүз, жагымдуу иш жасаӊыз жана бардык көӊүлүӊүздү эмчек эмизүүгө байлап койбоӊуз.

    Сүттүн тартылышы үчүн төшүӊүздү эч качан таӊбаӊыз – бул маститке же лактостазга алып келет. Сүттү тарттыруу үчүн кандай болбосун дарыларды дарылоочу врачыӊыздын кеӊещинен кийин гана колдонуӊуз. Эӊ негизгиси – бардык татаалдыктар убактылуу, жана сиз сөзсүз түрдө мунун бардыгын жеӊип чыгасыз.

    EmptyView