Идеи, как отпраздновать день рождения малыша Идеи, как отпраздновать день рождения малыша
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - бир жылдан үч жылга чейин

Баланын туулган күнүн майрамдоого идея

Кафелерде же балдардын оюн бөлмөлөрүндө майрам уюштуруунун ыкмасы тууралуу айтпайбыз, себеби интернетте «майрамды башынан аягына чейин өткөрүү» кызматтары толтура, алардын баасына оюн залына кирүү, аниматор жана фото-оператордун кызмат көрсөтүүсү, торт жана дасторкон жаюу кирет. Майрамды минималдык чыгымдар менен уюштурууну сиздер өз мойнуӊуздарга алсаӊыздар гана, биз бир нече идея беребиз.

Короодо пикник.

Бюджет кыскартылган болсо, бул мыкты вариант болуп саналат. Аба толтурулган шарлар менен кооздоо, кооз пледдер, таттуулар жана салаттар – ушулар менен сиздин пикник даяр болот. Мунун бир кемтиги - кышында төрөлгөндөр үчүн майрамдын бул түрү туура келбей калат. Мезгилдер ортосунда жаратылыштын кандай болбосун арада болушу майрамды бузат (жамгыр, күтүүсүз башталган катуу шамал), ошондой эле элементардык санитардык шарттар жок.

Үйдө.

3 жаштагы балага үй шартындагы туулган күн мыкты вариант болуп саналат. Үйдө бала өзүн эркин, корголгон жана ишенимдүү, жагдайдын ээси катары сезет. Балдар меймандарды кубануу менен тосуп алат, оюнчуктары боюнча экскурсия жүргүзөт. Балада майрамдын маанисин түшүнүү, келген меймандардын бардыгы аны куттуктап, кубантуу үчүн экендигин сезүү мүмкүндүгү болот. Ал эми чарчап калса, үйүндөгү өзүнө ыӊгайлуу жайга кетип калганга болот.

Үч жаштагы баланын туулган күнүнө кимди чакырса болот? Албетте, бул жаш куракта баланын достору болуп калат, аларсыз туулган күн көрксүз болуп, эсте калар эч нерсеси болбой калат. Балдарды ата-энелери менен кошо чакырыӊыздар, себеби аларга көз салып туруу керек.

Өз кол менен даярдалган чакыруу барактары. Чакыруу барактарын жасоого баланы да аралаштырыӊыз, ал аларды жалтырактар менен кооздоп, боёп, же кошумча деталдарын кесип жардам бере алат. Туулган күн ээсинен мындай чакыруу барактарын алуу бардыгына жагымдуу болот, ал эми майрам ээси окуянын маанилүүлүгүн сезет да, майрамды андан да ашык күтөт.

Электрондук түрүндөгү чакыруу барактары. «Сизди бул жакка, саат баланчада чакырабыз» деп жөнөтүп коюу өтө жөнөкөй болуп калат да, баланын майрамынын маанайын бере албай калат. Баланын же үй-бүлөнүн сүрөтүн чыгарыӊыз, ал үчүн фоторедактордун кызматын пайдаланыӊыз, сүрөттү ачык жазуулар, маскалар, конфеттилер менен кооздоӊуз, ошентип, өзгөчө чакыруу даяр болот. Эгер бала сүйлөп калган болсо, меймандарды кандай күтүп жатканы тууралуу бир-эки сүйлөм айттырыӊыз да, ал жазууну мессенжерде сүрөткө тиркеп, таратып жибериӊиз.

Майрам үчүн бөлмөнү кантип кооздоо керек?

Шарлар дайыма аз боло берет! Аларды атайын дүкөндөн тапшырык менен алууга болот. Ал жакта ассортимент өтө чоӊ, аркалар, сүйүктүү каармандар, шарлардан тутамдар. Консультанттарга тандалып алынган тематика жөнүндө айтып бериӊиз да, түстү тандаганда ошону карманыӊыз. Ичинде конфетти салынган түссүз шарларга жана шарлардан фонтандарга көӊүл буруӊуздар. Ошондой эле гелий баллонун ижарага өз алдынча алып, шарларды өзүӊүздөр үйлөп алсаӊыздар болот.

Майрамдык плакаттар.

Өз колуӊар менен жасап алсаӊыздар болот, бул процесске баланы да жана үй-бүлө мүчөсүнүн бардыгын аралаштырыӊыз. Же типографиядан тапшырык берсеӊиз да болот. Туулган күнүн жана убактысын, төрөлгөн учурундагы салмагын жана боюн, 3 жашында кандай ийгиликке жетишкендигин жана анын жашоосунда олуттуу окуялар качан болгондугун (отурганын, турганын, эмгектегенин, бийлегенди үйрөнгөнүн, биринчи жолу деӊиз көргөнүн, күлгөнүн, биринчи тиши чыкканын) жазыӊыздар, бул жерде бардык нерсе сиздин фантазияӊызга жараша болот. Бул меймандар үчүн кызыктуу жана талкууга түшө турган маалымат болот.

Сен канчага чыктыӊ?

Имаратты кооздоо үчүн баланын жаш курагына туура келген санды пайдаланганга болот. Мисалы, катуу картондон көптөгөн сандарды кесип алып, алар менен бөлмөнү кооздогонго болот.

Сыыыр деӊиздер!

Сүрөткө тартуу үчүн атайын зона түзүӊүздөр. Бул майрамга өзгөчөлүк берет, ал эми сүрөттөр болсо кооз, стилдүү жана кызыктуу болот. Мында өзүӊүздөрдүн фантазияӊыздарды иштетсеӊиздер болот, дубалдын бөлүгүнө бир түстүү кездеме тартып (шифон, фатин), аны майда бүктөмдөргө бүктөӊүздөр, же аны эки тараптуу скотч менен жана англиялык ийнелер менен бекитсеӊиздер да болот. Шарлар, кагаздан аппликациялар, гирлянддар аны кооздогонго жардам берет. Мында фантазияга чек жок, ал эми сизге керектүү элементтерди майрамдын темасы эле айтып берип турат.

Таттуулар! Балдар үчүн жөнөкөй рецептилер менен балдарга арналган тамактарды жасоого болот, мисалы:

  • Жемиштерден салат же жемиштерден кесимдер.
  • Үндүк этинен, уй этинен же тоок этинен котлеттер менен картофель пюреси.
  • Тооктон шпажкаларда шишкебектер.
  • Үй пиццасы.
  • Картошка фри.
  • Ар түрдүү начинкалары менен мини пирожоктор.
  • Үй бургерлери (котлета, булочка, томат пастасынан соус, сырдын жана жашылчалардын кесиндилери).
  • Жана, албетте, улуу даражалуу – торт.
  • EmptyView