Балада долулук бар: эмне кылуу керек?
Балдардагы долулук көптөгөн ата энелер үчүн чыныгы көйгөйгө айланат: Бул учурда эмне кылуу керек, себебин кантип табуу жана эмоцияларынын мындай көрүнүшүнө кандай аракеттерди көрүү керек?
Алды менен бул ачык көрүнгөн эмоционалдык реакция, ал баланын ызы-чуусу, ыйы, начар кулк мүнөзү менен коштолот. Бала оӊой менен тынтана албаган абал. Мындай кул мүнөздүн себеби анын жаш курагына, нерв тутумунун өзгөчөлүгүнө, тарбиясына ж.б. көз каранды болот. Долулук таарынычтын, ата эненин таламынын кесепети же жагымсыз кабарды алууга жооп болушу мүмкүн. Бири бирине окшош эки абалды – долулукту жана чыргоолукту айырмалоого дароо үйрөнүү маанилүү. Чыргоолук – баланын ошол учурда каалаган нерсесине жетүүгө умтулуусу. Бул баардык өсүп келе жаткан балдарда кезедешет, жана коркуунун себеби болбойт. Эгер ата эне туура реакция жазаса чыргоолук чек араны түшүнүүгө жана кабыл алууга жардам берет.
Бала долулук кылып жаткан учурда, ага «көрүүчүлөр» маанилүү – көрүүчү болбосо долулук да болбойт деп эсептейт доктор. Бала башкаларга караганда ал баланын кулк мүнөзүнө сезимталыраак болгон адамды даана тандап алат. Бул пикир бала долуланып жатканда өзүн контролдой албай калат деген жалпы кабыл алынган пикирге каршы келет. Бала жагдайды мыкты баалайт жана ал долулануу учурундагы нерселердин баарын аӊ сезимдүү эле жасайт деп, Евгений Олегович ырастайт. Доктор бүткүл үй бүлөнүн буга карата аракетинин бир бирдиктүү стратегиясын – «көӊүл бурбай, баланын манипуляциясына берилбей коюуга» кеӊеш берет, ошондо бала долулук - бул абалдан чыгуунун жолу эмес экендигин түшүнөт да, анын өзүнүн кулк мүнөзүндө пайдаланууну токтотот.
Долулануунун себептери. Төмөнкү себептер көбүрөөк болот деген пикирди көптөгөн психологдор карманышат: «Мага көӊүл бур!» Көӊүл буруу жетишпеген балдар «ага кезекте тургандыгына» эртеби кечпи түшүнөт. Албетте, бул сиздин наристеӊизге жакпайт, андыктан ал энесине негизсиз долулукту бир топко көрсөтүп коет. Бул учурда алды менен өзүӊүздүн кулк мүнөзүӊүздү жана бала менен өз ара мамилеӊизди талдап көрүүӊүз керек. «Эгер мындай болсо, эмне болот эле?» Бала үчүн долулук - уруксат берилген нерсенин чегин текшерүүнүн мыкты ыкмасы. Аракет кылып көрүүнүн жана катанын негизинде ал эмнеге уруксат жана эмнеге уруксат эместигин түшүнөт. Бул процесс абсолюттук ченемдүү болуп саналат жана чек араларды «байкап көрүү» аркылуу дүйнөнү таануу жүрөт.
Балдар көпчүлүк учурларда өзүлөрүнүн терс эмоцияларын кармана албай жана аларды башкара албай калат, ошондуктан долулук - алардын табигый реакциясы. Бала өзүнүн кандай болбосун аракеттеринин даяр натыйжасын тезирээк алгысы келет, эгер алар жок болсо – анда долулугун баштайт! Мындай учурларда, чындыгында эле, капа болгондугун түшүнүү жана бул көйгөй баардыгын жокко чыгараарын түшүнүү маанилүү. «Бүгүн уруксат – эртеӊ жок!» Баланын долусунун себеби ата энесинин ырааттуулугунун жоктугу болушу мүмкүн, тактап айтканда, ата энеде чек коюунун так жана түшүнүктүү системасынын жоктугу. Бала өзүн кандай алып жүрөөрүн жана эмнени ориентир катары эсептээрин түшүнбөйт. Мындай учурда «акыйкатсыздык» сезимин жеӊгенге балага долулук жардамга керек.
«Мен чарчадым» Кыймылдуу оюндардын, эмоциялардын ж.б.лардын ири саны менен татаал жана каныккан күндү пландоодо долулуктун пайда болуу тобокелдиги өтө жогоруу.
«Денем ооруп жатат»! Ачкачылык, суусоо, ооруксунуу, муздап кетүү сыяктуу дене бойлук дискомфорт дагы долулуктун себеби болушу мүмкүн.
«Сүйүү өтө ашыкча» Долулук көп учурларда ата эненин сүйүүсү аша чаап кеткенде, ага каршы туруу болуп саналат. Ал көпчүлүк учурда кризистик жаш куракта болот.
Долулуктун белгилери Негизги белгилери катуу үн чыгарып ыйлоо, чаӊыруу, бүткүл денесинин булчуӊ тонусунун чыӊалышы. Анын ордуна импульсивдик жана баш аламан кыймылдары керек. Бала дубалды, столду, полду муштуму менен такылдатып башташы мүмкүн.
Эгерде бул учурда баланын денесин оорутуп койсоӊуз, жооп катары ал согуп, тиштеп, тытып жибериши мүмкүн. Кыймыл акырындык менен басаӊдайт: бала ыйлай берет, чарчаган белги пайда болот. Долулуктун белгисине ошондой эле тиштери менен тиштеп алууну (мисалы, эмеректин тышын), башын дубалга же полго ургулоосун, жерге жата калуусун жана буттарын «тыбырчылатып» жиберүүсүн киргизебиз. Долулуктун күчтүү приступтары карышууга же дем алуусунун токтоп калуусуна алып келиши мүмкүн. Мындан кийин балдар башынын ооруганына, жыгылгандан денесинин ооруганына жана кускусу келгенине даттанышат. Ага кандай аракет кылуу керек? Долулануу - баланын өсүүсүндөгү кризистик этаптардын белгилеринин бири гана экендигин түшүнүү маанилүү. Ата энелер көпчүлүк учурда балага жардам берүүнүн гармониялуу түрүн тандап алышат. Кайсы учурларда адистерге кайрылуу керек:
Балдардын долусунун башталышы көпчүлүк учурда бала бир жарым жашка келген учурга туура келет. Бала кичинекей болгондуктан өз эмоциясын контролдой албайт. Өзүнүн ойлорун, сезимдерин, каалоолорун туюндуруп, түшүндүрүп берүү үчүн керектүү деӊгээлде анын кеби али өнүгө элек. Бала эки – үч жашында компромисске барганды билбейт. Манипуляция ыкмасы менен баарын башкаруу жүрөт. Эгер үч жаштагы бала долулугу менен ата энесин бир жолу башкарып алса, ал андан ары бул тактиканы жигердүү колдоно баштайт.
- Долулануунун жана ыйлоонун жардамы менен бала чыӊалуудан жана стресстен кутулат.
- Долулануу учурунда чөккөн эмоцияларын алып чыгуу баланын эмоционалдык абалынын жана уйкусунун ченемдүү болушуна көмөк көрсөтөт.
- Эгер бала өзүнүн сезимдерин сизге ачык көрсөтсө (долулугун салуу аркылуу), анда бул силердин ортоӊордогу кандайдыр бир ишеним бар экендигин күбөлөндүрөт.
- Долулук аркылуу бала уруксат берилген нерсенин чегин байкап көргөнгө үйрөнөт.
- Долулук өтүп кеткенден кийин (эгер чоӊ киши аны токтотконго аракеттенбесе) бала ата энесинин кыныксыз кабыл алганын «эсептеп чыгат» жана андан ары ага ишенимин көбүрөөк пайдалана баштайт.
- Долулануунун башталышынын алдын алганга аракеттениӊиз. Эгер сизде буга окшош тажрыйба болгон болсо: аны эмоциянын активдүү көрүнүшү башталганга чейин эсептеӊиз.
- Баланын долулугун катуулук менен, кыйкырып же дене боюна жаза көрсөтүп токтотпоӊуз. Эгер бала долулануу учурунда өзүнө жана башкаларга зыян кылбаса, анда сиз аны күтүп жатканыӊызды ага айтыӊыз, ал тынчтанат да, силер сүйлөшө аласыздар.
- Долуланууга эмне жеткиргенин түшүнгөнгө жетишпей калсаӊыз, «Сен коркуп кеттиӊби?!», «Бир жериӊ ооруп турабы?!», «Сен ………каалайсыӊбы?!» деген суроолорду бергенге аракет кылыӊыз.
- Баланы кучактаӊыз. Бала өзүн коопсуз сезип калат.