Полезные альтернативы торту Полезные альтернативы торту
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - бир жылдан үч жылга чейин

Тортко пайдалуу альтернативдер

Майрам көбүбүздө дал ушул торт менен ассоциацияланат. Бирок, иш жүзүнө келгенде бул өзгөчө балдар үчүн ийгиликтүү чечим эмес. Аны алып келүү татаал.

Сиздин аны кескилегениӊизди балдар күтүшпөйт. Торттор көп учурларда балдар үчүн пайдасыз өндүрүмдөрдөн жасалат. Мындай бардык учурларда туулган күнгө торттун ордуна даамы таттуу башка альтернативаны табуу керек. Сиздерге тандоого дароо бир нече варианттарды сунуштайбыз!

  • Кекстер
  • Бул таттуулар салттуу торттун миниатюралык варианттары. Алар башкалардай эле кооз, ачык, оригиналдуу жасалат. Гүлдөн бутондор же кремден толкундар, жүрөкчөлөр же шоколаддын бурганагы, мультипикациялык каармандар же тасмалардан кумирлер. Андан сырткары ал аны унсуз жана шекерсиз жасоого болот! Мисалы сабизден, же банандан. Интернетте укмуш рецептер абдан көп.
  • Макарундар
  • Француздардын мыкты пирожныйлары таттуу жана ар түрдүү гана болбостон, миниатюралык көлөмдө да болот. Макарунарды жегенге ыӊгайлуу, ал кийимди булгабайт, аны менен бирге аябай ачык ар башка түстөгү жана кооз, таттуу. Ошондуктан даамдуу бадам печеньелери туулган күндүн урматына чай ичүү үчүн идеалдуу вариант болот.
  • Кейкпопстор — таякчадагы пирожный
  • Кейкпопс — бардык балдар жакшы көргөн таттуу. Алар бардык түстөрдөн болушу, түрдүү жаныбарларды же мульт каармандарды дагы туюнтушу мүмкүн. Таттуунун декорун тандоо сиздин колуӊузда, ал эми кондитердик заводдордо аларды шекерсиз жана башка коопту заттарсыз жасоого болот.
  • Таттуу тамактарды жемиштер менен алмаштырсак болот. Жадагалса жемиштер менен торт балдарга аябай жагат! Ал салтанаттуу көрүнүп, балдарды даамы менен кубантат жана ден соолукка зыян келтирбейт.
  • Блинчиктерден торт. Блинчиктерди дээрлик балдардын баары жакшы көрөт. Алар таттуу, назик, таттуу каймак май креми менен классикалык бисквит тортко салыштырмалуу ал диетикалык. Мындай десерт столду адаттагыдай оригиналдуу жана кооз кылбайт. Бирок аны дагы презентабелдүү кылууга болот.
  • EmptyView