Как часто необходимо осматриваться у педиатра? Как часто необходимо осматриваться у педиатра?
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - жаңы төрөлгөн

Педиатрга канчалык тез барып туруу керек

Баланын төрөлгөн биринчи жылында педиатрга көрүнүп туруу маанилүү. Бир жашка чейинки убакыт – бул баланын организми назик болот, анын үстүнө кесепетин дарылагандан көрө, көйгөйдүн алдын алган оӊ. Медициналык кызматкерлер балдарга бир жашка чейинки курагында атайын схема боюнча байкоо жүргүзүшөт: балдарды кууш адистер карашат, атайын анализдерди тапшыртышат, өзгөчө изилдөөлөрдү жүргүзүшөт.

Төрөт үйү. Бала төрөлөрү менен аны бир нече жолу карашат, биринчиси – төрөлгөндө болот. Ага Апгар боюнча баа беришет. Апгар – бул врачка балага байкоо жүргүзүү планын түшүнүгүн берүүчү өзгөчө шкала. Бул баалар баланын жашосуна эч кандай таасир бербейт.

Наристени неонатолог күн сайын кароодон өткөрөт. Ал наристенин салмагынын динамикасын жана жалпы абалын көзөмөлдөшү керек, ошондой эле канын анализге алат: негизги көрсөткүчтөргө жалпы анализ жана тукум куучу патологияга атайын скрининг. Сиздин макулдугуӊуз менен наристеге Б гепатитинен жана кургак учуктан профилактикалык эмдөө жасайт. Үйдөгү биринчи күндөр. Энеге эӊ маанилүү жана жоопкерчиликтүү маселелер боюнча жардам берүү үчүн бала төрөлгөн биринчи айында врачтын жана участкалык медайымдын анын үйүнө келүү системасы түзүлгөн. Бир айга толгонго чейин врач менен медайым кезеги менен үйүӊүзгө келип турушат. Жуманын биринчи күндөрү алар эки жолу келишет, андан кийин жумасына бир жолудан келип башташат.

Бир ай болгондо сиз биринчи жолу бейтапканага балаӊыз менен барасыз. Врачка жана медайымга суроо бергенден, жардам сурагандан жана алар менен кеӊешкенден тартынбаӊыз. Врачта биринчи жолу кабыл алууда болуу Эмчек эмген балдарды кабыл алууга ар бир врачтын атайын убактысы болот. Аны бейтапкананын регистратурасынан алдын ала тактап алыӊыз. Педиатрдын кароосуна жалаяк, алмаштырууга жалаяк шым жана баланын документтерин алып келүү керек. Кабыл алууда баланын салмагын текшеришет, боюн ченейт, көкүрөк клеткасын жана башын ченешет. Баланын кийимин чечкенге жана кийгизгенге оӊой кийинтиӊиз.

Врач баланы бутунан башына чейин карашы, жүрөгүнүн согушун, өпкөсүн угушу, курсагын кармап көрүшү, киндигинин айыгышын баалашы керек. Баланын салмак кошконун жана боюнун узундугун жазып коёт. Андан кийин сизди кандын жана зааранын анализине, ошондой эле жүрөктү, башты, жамбаш бел муунун жана ичеги карынын УҮИден өткөрүүгө жиберет. Бөбөктүн ден соолугун комплекстүү баалоо үчүн кууш профилдеги врачтардан – ортопедден жана хирургдан, неврологдон, офтальмологдон, зарыл болсо – башка врачтардан дагы өтүшүӊүздөр керек. Бул варчтардын ар бири бөбөктү өз алдынча карап, ден соолугун баалап чыгышат да, корутунду беришет. Дарылоо керек болсо, баланы каттоого алышат да, терапия ыкмасын жазып беришет. Андан тышкары, бөбөк менен алектенүү, көндүмдөрүн өөрчүтүү жана гиманстика боюнча энесине кеӊеш беришет. Баланын өмүрүнүн биринчи жылында кароо планы так аныкталган: силер педиатрга, зарылдыкта кууш адистерге тез-тез барып турушуӊуздар керек. Бөбөк 1 жашка чыкканга чейин ар бир ай сайын ченеп турушат. Кароо жүргүзүп жаткан учурда сиздин макулдугуӊуз боюнча керектүү эмдөөлөрдү жасашат. Ай сайын ченеп туруу баланын абалын жана өөрчүшүн контролдоп турганга, жана ооруп калышынын алдын алууга жана ага мүмкүндүк бербегенге врачка мүмкүндүк берет. Бир жашынан кийин баланы бейтапканага азыраак алып барып каласыз: эгер көйгөй болбосо, болжол менен жарым жылда бир жолу. Ошондой эле пландан тышкары кароого каалаган учуруӊузда жазылып, кабыл алуусунда боло аларыӊызды эстен чыгарбаӊыз.

EmptyView