Недостаточная лактация Недостаточная лактация
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - жаңы төрөлгөн

Сүттүн тартылышы

Лактацияы жогорулатууга багытталган чараларды жүзөгө ашырардан мурун, бул чын эле сизге керектигине көз жетип алыш керек.

Лактацияны көбөйтүү Көптөгөн энелер балдарына сүт жетишпей жатат, сүтү калориясыз, «сапаты төмөн» болуп жатат деп эсепетешет. Статистика боюнча да ушул сезимдер эмчек эмизүүдөн баш тартуунунун жайылган түрү болуп саналат. Бирок, чындыгына келгенде, көптөгөн энелер үчүн сүттүн чыгышы реалдуу көйгөй болуп саналбайт. Баланын кулк-мүнөзүнө түрдүү себептердин таасири болушу мүмкүн. Бул сүттүн өлчөмүнө жана сапатына жараша эмес. Ый, тынчсыздануу жана чыркоолоо көпчүлүк учурларда ачкалыктан эмес, ашыкча толкундангандан же чарчагандан болуп калат. Ал гана эмес сүттүн чын эле аз чыгышы убактылуу гана көйгөй болгон учурлар болот. Лактацияны жогорулатуунун натыйжалуу ыкмалары бар, алар колдонгондон бир нече күндөн кийин эле сезилер натыйжаларды берет.

Эсиӊиздерде болсун! Эмчек эмгек наристеге бир суткада 8-12 жолу эмчек эмизүү керек. Бул ченемдүү көрүнүш. Саатты карап, убакытты так жөнгө салуу жана эмизүүнүн санын чектөө баланы да, энени да стресс болушуна алып келет, анын натыйжасынжа андан ары эмчек эмизүүнүн локтациясына жана максаттуулугуна шек жаратат.

Эгер бала төмөнкүдөй болсо, анда сиздин лактацияӊыз жайында:

  • Акырындап салмак кошуп жатса. Бала төрөлгөндөн 3 ай куракка жеткенче орточо салмак кошуусу жумасына болжол менен 150-200 г, 3 айынан 6 айга чейин – 100-150 г, 6 айынан 12 айга чейин – болжол менен 70-90 грамм.
  • Терисинин түсү жана булчуӊ тонусу жакшы.
  • Өзүнүн кичинекей комбинизонунан жана жалаяк шымдарынан өсүп жатат. Колдорунда жана буттарында кичинеден май бүктөмдөрү бар.
  • Жайдары, бактылуу, жооп берет жана кубанычтуу.
  • Эмчекти жакшы эмет
  • Бир суткада болжол менен 6 жалаяк шымды «булгайт». Бала, балким, чоӊ заараны көп жасабастыр, бирок анын чоӊ заарасынын консистенциясы суюк болсо, демек, ал тоюп жатканынын белгиси.
  • Балдар эмнеге тез-тез тамактангысы келет?

  • Жайлуулук жана тынчуу үчүн. Балдардын эмүү рефлекси күчтүү болот, андыктан алар тамактангысы эмес, жөн эле эмгиси келе берет. Айтмакчы, тез-тез эмизип туруу эненин сүтүнүн иштелип чыгышын өбөлгөлөйт.
  • Наристенин курсагы кичинекейлигине жана денесинин жалпы өлчөмүнө жараша тез-тезден, бирок аз аздан тамактануусу керек.
  • Бала тез өсүү фазасына киргенде, алар көбүрөөк калория талап кыла башташат. Тез-тезден тамактанууну талап кылышы – бул өзүнүн жашоодогу керектөөлөрүн камсыз кылуу каражаты болуп саналат.
  • Эмчек эмизүүнү ийгиликтүү жүргүзүү сунуштун жана талаптын принцибине негизделет. Бала канчалык көбүрөөк сүткө муктаж болсо, ал ошончолук тез-тезден тамактандырууну талап кылып турат. Кезегинде, эненин эмчегинде сүтү канчалык көп болсо, лактация мөөнөтү ошончолук узак болот.
  • Баланын ден соолугу чыӊ болбогондо. Эмчек сүтү табигый антителого ээ, ал инфекциялар менен күрөшүүгө жардам берет. Тез-тезден эмизүү баланын иммунитетин чыӊдоого жана вирустук же бактериялык инфекцияларды тез жеӊип кетүүгө түрткү берет.
  • Лактациянын жетишсиздигинин себептери

  • Эмчеккее жасалган хирургиялык кийлигишүү (аны чоӊойтуу же кичирейтүү). Врачтар эмчек бездеринин тканын сактап калууга аракет кылышса да, хирургиялык кийлигишүү терс кесепетке ээ. Нерв жолдорунун жана сүт жолдорунун жабыркашы лактацияга байланыштуу көйгөйлөрдү жаратышы мүмкүн.
  • Эмчек бездеринин инфекциясы (мастит же үрптөрүнүн молочницасы).
  • Бала соруунун жана жутуунун күчтүү жана координацияланган техникасын билбейт. Баланы эмчекке туура эмес коюшат. Эгер баланы эмчекке туура койгонуӊузга ишенимде болбосоӊуз, мед. айымга же врачка консультацияга кайрылыӊыз.
  • Айрым препараттарды ичүү (оралдык контрацептивдерди).
  • Эненин организминдеги гормоналдык өзгөрүүлөр: менструация, бойго бүтүү, гормоналдык терапия.
  • Эмчек эмизүү аз болгондуктан стимуляциянын жетишсиздиги.
  • Тамеки тартуу, алкоголду жана баӊги заттарын колдонуу.
  • Кош бойлуулук
  • Айрым чөп чайларды же фитопрепараттарды ичүү.
  • Аялдын үрптөрүнүн ашыкча сезимталдыгы. Бул эмчек эмизүүнү кыйноого салат да, лактацияны басаӊдатат.
  • Эрте кошумча тамак берүү (катуу тамактарды), ошондон улам бала эмчекти жакшы эмбей калат.
  • Сүт жакшы чыкпай калса эмне кылуу керек Алды менен, эне кабатырланбашы керек, стресс лактацияга терс таасир этет. Бул учурда врачка же эмчек эмизүү боюнча консультантка кайрылуу керек. Лактацияны жогорулатуу боюнча квалификациялуу кеӊеш беришет.

  • Баланы мүмкүн болушунча тез-тезден эмизүү керек. Бала эмчекти канчалык тез-тез эмсе, эненин организми сүттү ошончолук көп иштеп чыгат.
  • Көкүрөк бези одоно болуп кетпеши үчүн, көкүрөкту укалоо;
  • Медикаментоздук айрым препараттарды колдонуу. Энени дыкат текшерип бүткөндөн кийин, дарыны врач гана дайындашы керектигине көӊүл буруӊуз.
  • EmptyView