Питание мамы Питание мамы
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - жаңы төрөлгөн

Эненин тамактануусу

Эмизип жаткан эненин тамагы: меню, рацион, диета Кѳптѳгѳн жаш энелерди эмчек эмизип жаткан учурдагы тамагынын рацонунун ѳзгѳчѳлүгү кызыктырат. Эмизип жаткан аялга жана анын баласына кайсы азыктар пайдалуу, эмнеден баш тартуу керек?. Эмизип жаткан эненин диетасынын маңызы эмнеде? Эмизип жаткан аялдын тѳрѳттѳн дароо кийинки рацону

Эмчек эмизүү боюнча адистер тѳрѳттѳтѳн кийин аларга терс реакция болбогон азыктарды гана ичүүнү сунушташат. Сууга бышырылган түрдүү ботколор: гречкадан, сулудан, эгер балдардын ичи катпаса, күрүчтѳн боткону жегенге болот. Сууга бышкан эт (коендун, үндүктүн, тооктун же торпоктун) сиңимдүү болот. Эмчек эмизген энелердин бардыгынын сүйгѳн тамагы – меште бышкан алма (кѳк сорту). Жашылчалардан суп ичкенге, жаңы бышкан банан, галеттик печенье, сухарларды жегенге болот.

Тѳрѳттѳн киийнки алгачкы күндѳрү суу ичүү боюнча бирдиктүү пикир жок. Жекече абалга байкоо жүргүзүү керек, эгер сүт толуп чыкса, эмчек ооруп баштайт, анда суюктукту бир суткада 1 литрге чейин гана чектѳѳ жана баланы тез-тез эмизип туруу керек. Эгер ѳзүңүздү жакшы сезип турсаңыз, денени кургатып жибербеш үчүн, каалаган учуруңузда суюктук иче бериңиз. Жѳнѳкѳй же газдалган минерал суусун, кызыл эмес чай, кургак жемиштерден компотторду ичсеңиз болот.

Диетанын кереги барбы? Албетте,эмчек эмизип жаткан энеге диета керек. Бирок, эмчек эмизип жаткандагы диета – бул шарттуу гана аталыш, мында бардык таттуу тамактарга чектѳѳ же тыюу салына бербейт. Эмчек эмизип жаткан эненин диетасы саламат балансталган тамактын жалпы принциптерине негизделет: пайдалуу нерсени максимум, зыяндууну минимум жеш керек.

Тѳрѳттѳн кийинки алгачкы айларда диетаны катуу кармануу зарыл, себеби сиздин рационуңуздагы тигил же бул тамакка бала акандай реакция жасарлыгын билишиңиз керек. Бирок бир айдан киийн менюну олуттуу түрлѳтүүгѳ болот. Жаңы тамак-аштарга баланын реакциясына байкоо жүргүзүү үчүн, тамак-аш күндѳлүгүн жазып жүргѳнүңүз оң. Бир сабында жаңы тамак аштарды аталышын, экичнсинде – аларды ичкенден кийин балаңыз эмчек сүтүнѳ кандай таасир эткенин жазасыз. Рационго жаңы азыктарды 3 күндѳ бир жолудан кѳп эмес киргизүү керек. Эгер кайсы бир азыкка баланын денесинде исиркектер, дүүлүгүү пайда болуп, ичи бурап ооруп баштаса же кѳпсѳ, анда аны убактылуу колдонбой туруш керек. 3-4 жумадан кийин кайра жеп кѳрүңүз, балким балада реакция болбостур. Бала ѳсѳ берет, анын курсагы түрдүү даамдагы нюанстар менен сүттү ченемдегидей кабыл ала баштайт.

Айрым азыктар (пияз, чеснок) эмчек эмгек балага жагымсыз жыт менен даам бериши мүмкүн деп эсептелет, андайда алар балага жакпай калат. Ал эми кофеин баланын нерв тутумун дүүлүктүрѳт, бала бир топ чыргоолой баштайт. Күчтүү аллергендерди? Цитрус жемиштерин, шоколадды, уйдун сүтүн, жумуртканы, кызыл түстѳгү жашылчаларды жана жемиштерди тамакка кошпогон оң. Консерванттар жана тамак аш боёктору да аллергияны пайда кылышы мүмкүн, андыктан жаңы бышкан жана табигый азыктарга басым жасаңыз. Ѳзүңүз жеке кѳтѳрѳ албаган азыктарды да ичүүгѳ болбойт.

Эмчек эмизип жаткан учурда эненин туура тамактануусу Эмчек эмизип жаткан учурда рационалдуу туура тамактануу – бул пайдалуу, ар түрдүүчѳ меню. Сиз ѳзүңүз да, балаңыз да жакшы кабыл алган нерселердин бардыгын жегенге болот. Чектен чыкпаңыз: эки адам үчүн жегенге, же арыкташ үчүн ачка жүргѳнгѳ болбойт. Кичине порциялар менен, тез-тезден (бир күндѳ 5-6 жолу) ичип туруңуз.

Жаңы бышкан жашылчаларды жана жемиштерди кѳбүрѳѳк колдонуңуз. Майы аз балыктан жана эттен баш тартпаңыз. Кычкыл сүттүү азыктар (сүттүүлѳрдѳн айырмаланып) аллергиялык реакцияны пайда кылбайт. Майлдуу, туздуу, куурулган, ышталган жана консерваланган азыктарды пайдаланбаңыз. Фастфуддан жана экзотикалык азыктардан баш тартыңыз. Таттууларды жана меште бышкан ун азыктарын чектеңиз. Суусундуктардан алкоголь (спирт сүткѳ тез аралашат да, наристенин нерв тутумуна терс таасир тийгизет) жана газдалган таттуу сууга тыюу салынат, анын курамында химия менен шекер кѳп, лимонаддан бала метеоризмге кабылат (аллергияга да кабылыш мүмкүн).

EmptyView