Вакцинация: за и против Вакцинация: за и против
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - жаңы төрөлгөн

Баланын денесинин бышып кетиши, ага кандай чара көрүү керек?

Дененин бышып кетиши – эмчек эмгек наристелерде көбүрөөк кездешчү, теринин сезгенип жабыркоосу. Бул катта биз тери көйгөйүнүн себеби жөнүндө айтып, аларды болтурбоо үчүн бир нече кеӊеш беребиз.

Дененин бышып кетиши кандай болот? Дене бышуунун бир нече баскычы бар.

  • Биринчиси – тери кызарып калат, бирок анын катмары бузулбай, таза бойдон.
  • Экинчиси – тери аябай кызарат да, ал жабыркайт. Адистер муну эрозия дешет.
  • Үчүнчүсү – тери нымдашып, түлөй баштайт, эрозия жарага айланат.
  • Дененин кайсы жери бышат? Негизинен, теринин бүктөлгөн жерлери жабыркайт. Көбүнчө чатында, жамбаштарында, моюнунда, колтуктарында «жашынып жатат».

    Эмне себептен тери бышат? Сезгенүү процессин түрдүү дүүлүктүргүчтөр пайда кылат. Негизги «күнөөлүүлөрдүн» тизмегинде тер, теринин майы, заара жана синтетикалык айналар турат. Ошондой эле, баланын назик терисинин сезгенүүсүнө сүрүлүү, ным жалаякта көпкө болуусу же толуп калган жаляк шымы, ошондой эле гигиена эрежесин сактабастык түрткү кылат.

    Дененин бышып кетүүсүн кантип болтурбоо керек? Бала тердеген жагдайдан алыс болуӊуздар:

  • Бөлмөнүн табына көз салыӊыздар. Термометрдин мамычасы 18-20 градустан жогору болбогону жакшы.
  • Синтетикадан баш тартып, табигый (пахта, лен) кездемелерди пайдаланыӊыз.
  • Сүрүлүү тобокелдигин минимумга жеткириӊиз:

  • Балага тар кийим кийгизбеӊиз жана катуу кездемелерден алыс болуӊуз.
  • Гигиена эрежелерин сактаӊыз:

  • Баланы күн сайын киринтиӊиз.
  • Теринин бүктөлгөн жерлерине коргоочу тери майларын же балдар майын шыбап туруӊуз.
  • Жалаяк шымдарын тез-тез алмаштырыӊыз жана узактыгы болжол менен 10-15 мүнөттү түзгөн аба ваннасынын пайдасын унутпаӊыз.
  • Териси быша баштаганда балдар упасын колдонуӊуз. Ал кургатуучу натыйжага ээ.
  • Тери бышкан экинчи жана үчүнчү баскычтарда педиатрга сөзсүз кайрылыӊыз. Балдардын тери оорулары тез өөрчүйт, ошондуктан консультацияга барууну создуктурууга болбойт.

    EmptyView