Меняем подгузник вне дома Меняем подгузник вне дома
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - бир жылга чейин

Жалаяк шымдарды үйдөн тышкары жерде алмаштырабыз.

Айрым учурларда балдардын күтүүсүз нерселери коомдук жайларда: сейилдеп жүргөндө, соода борборунда, кафелерде келип калган учурлар болот. Ал эми үйгө чейин жол узак… Ошондо өзүӊө өзгөчө көӊүл бурдурбастан, баланын жалаяк шымын «алаканда» кантип алмаштырууга болот? деген суроо жаралат. Башкысы, колуӊузда керектүү нерселердин бардыгы болушу зарыл: бир жолку жалаяк, камдыктагы эки жалаяк шым, баланын жеке гигиенасы үчүн ным салфеткалардын таӊгагы жана колдонулган жалаяк шымды утилдештирүү үчүн баштык же сумка.

Атайын сумканы сатып алуу.

Жытты жана нымдуулукту өткөрбөгөн колдонулган жалаяк шымдар үчүн сумкалар балдар дүкөнүндө сатылат. Бул аксессуарга кошумча катары бир жолку колдонулуучу түзсүз баштыкчалардын рулонун сатып алыӊыз – алар сумканын ичин булгабаш үчүн жалаяк шымдарды ороп койгонго пайдасы тиет.

Суу өтпөгөн жалаякты сатып алыӊыз.

Мындай жалаяк өзүнчө же колдонулган жалаяк шымдар үчүн сумка менен комплектиде сатылышы мүмкүн. Жалаяк шымды алмаштырардын алдында аны баланын астына төшөӊүз – сиз бала жаткан нерсенин бетин булгабайсыз жана баланы тышкы жабууларга денеси тийишинен коопсуздандырасыз

Ылайыктуу орун табыӊыз.

Эгер жакын жерден баланы ороо үчүн зонасы бар даарат бөлмөсүн таппасыз, ал тууралуу өтүп жаткандардан сурагандан уялбаӊыз. Жалаякты алмаштыруу үчүн бир аз ыӊгайлуу жана ылайыктуу жер – бул коляска жана автомобилдин арткы орундугу болот.

EmptyView