Подборка книг для молодых родителей Подборка книг для молодых родителей
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - бир жылга чейин

Жаш ата-эне үчүн китеп тандоо.

Ар бир эне ден соолугу чыӊ, бактылуу жана ийгиликтүү баланы тарбиялоону эӊсейт. Бул жеӊил эмес иштеги сыр менен көптөгөн авторлор бөлүшөт. Сизди кызыктыра турган китептердин тизмегин тандап койдук.

Арлин Эйзенберг, Хейди Э. Муркофф, Санди Э. Хатауэй, «Балаӊыз туулгандан бир жашка чейин». Рецензенттердин бири бул бестселлерди «Жаӊы баштап жаткан ата-энелер үчүн библия» деп атаган, аны менен макул болбой коюга мүмкүн эмес. Бул китепче «Кантип эмизүү керек?», «Канча жашынан баштап отургузуу керек?» деген суроолордон башталып, «Ата-энелик сезимиӊиз жок болсо, эмне кылуу керек?» жана «Веган-баланын рационун кантип толук кандуу кылуу керек?» деген сыяктуу стандартсыз суроолордон баштап, ар кандай темаларга миӊдеген суроолордон турат.

Анна Левадная, «Доктор_аннамама, менде суроо бар: #Баланын саламаттыгын кантип сактап калууга болот» и «Доктор_аннамама, менде суроо бар: #балага кантип кам көрүү керек». Бул китептерде балдарга кам көрүүнүн жана дарылоонун заманбап көз караштары камтылган. Айрым сунуштамалар көпчүлүк педиатрлардын жазгандарына каршы келет. Эгер сизге кызыктуу болсо, киндиктин калганын антисептик менен тазалаганга эмнеге болбосун, баланы эмнеге терметкенге болбойт, ден соолугу чыӊ балага супинатор менен бут кийим эмнеге кереги жоктугун ушу китептен окуп аласыз.

Ирина Мальцева, «Эрте өсүүнүн мыкты усулдары. Мария Монтессори, Гленн Доман, Николай Зайцев. 0 дөн 3 жашка чейин». Мында заманбап окутуунун белгилүү ыкмалары топтолгон. Эгер баланы жалаяктагы кезинен эле интеллектуалдык жактан өстүрүүнү пландап жатсаӊыз, варианттырды билиӊиз жана сизге жакыныраак аракетти тандаӊыз.

Олеся Жукова, «Баланы эрте жашынан үйрөтүү энциклопедиясы. 6 айынан баштап 3 жашка чейин». Китеп баланын өөрчүшүндөгү маанилүү маселелерге арналган: бала менен кантип баарлашуу керек, аны менен кантип ойноо зарыл, моториканы жана кепти кантип өөрчүтүү керек. Юлия Гиппенрейтер, «Бала менен баарлашуунун чоӊ китеби». Бул бестселлерде россиянын белгилүү психологдорунун биринин бир нече белгилүү басылмалары топтолгон. Китеп баланы тарбиялоодогу калыптанып калган шаблондордон алыстаганга жана балдар менен достошконго үйрөнүүгө жардам берет.

EmptyView