Сделайте игрушки своими руками! Сделайте игрушки своими руками!
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - бир жылга чейин

Оюнчуктарды өз колуӊуз менен жасаӊыздар!

Өзү аракеттенип жасаган нерселердин жыйынтыгын эне баласына белекке берип жатса өтө башкача сезилет. Көптөгөн балага керек оюнчуктар дүкөндөрдө сатылбайт. Мисалы, сенсордук кутучаларды баланын энеси гана жасай алат. Элестетип көрүӊүз, жөнөкөй эле акшактардагы, таштагы же топчулардагы кичинекей манжалар үчүн канчалык пайда бар экенин сиз элестетип көрүӊүз!

Андан тышкары 1,5 жашка чейин наристелер жаӊы оюнчуктарга кызыгуусун тез эле жоготуп коет. Алар оюнчуктарды изилдешет, ойношот, алган маалыматын бекемдешет дагы, кайрадан жаӊы билимди издегенге жөнөп кетишет. Кымбат баалууу супер – өстүрүүчү оюнчуктарды сатып келген ата энелер ал оюнчук менен бала бир эле жума ойноп, андан кийин такыр көӊүл бурбай таштап салганына көп учурларда капа болушат. Бул оюнчук жаман эместигинен эмес, тескерисинче бала ал жөнүндө өзү каалаган нерсесин билип алгандан кийин ага кызыгы жоголгондугунда. Өз колу менен оюнчукту тез арада жасап балага жаӊы катары белекке берип койгонго болот!

Байпактан тактилдик кырк аяк.

Мындай оюнчук дээрлик балдардын баардыгына жагат, себеби ал кармаганга жагымдуу!

Аны жасаш үчүн бизге таза узун байпак, катуу жип, ичине толтургучтар (гречка, күрүч, буурчак, төө буурчак, макарондор, жёлудь ж.б.), көздүү топчулар керектелет.

Байпактын түбүнө биринчи толтургучту салыӊызда пайда болгон тоголокту бууп коюӊуз, экинчи толтургучту салыӊыз дагы, бууп салыӊыз, ошентип аягына чыгыӊыз. Аягында жипти катуу байлаӊыз. Көздүү топчуну ага кадаӊыз да, ойной бериӊиз!

Байпактан колго оюнчук. Жумушу беш мүнөт болгону менен, суктануу - чексиз! «Көздөр менен байпактын эмнеси кызык?» деп сурашынар мүмкүн. Мындай байпакты колуӊузга кийиӊиз да, наристеӊизге «Салам!» деп айтып көрүӊүз, бала кандай кабыл алаарын өзүӊүз көрөсүз. Мындай оюнчук үчүн бетин ар түрдүү кылсак болот.

Ленточкалар менен шакекче. Бул ачык «булгоочу» жөнөкөй предмет эмес. Мындай шакекчени баланын колуна берип көрсөӊүз, ал ленталардын кыймылын кубануу менен байкап турат. Мындай кызык оюнчук үчүн пластиктен же жыгачтан шакекче, 40 см.га чейин түрдүү узундуктагы лента же кружево керектелет. Ар бир лентаны эки жолудан бекем жана ишенимдүү байлаш керек.

Кичинекей шылдырактар. Өстүрүүчү бул керемет оюнчуктар түрдүү жаштагы балдарга аябай жагат. Мындай кичинекей шылдырактар канчалык көп болсо, ошончолук жакшы болот, демек түрдүү дабыштар да ошончолук көп болот. Ширенкенин кутучаларын, киндердин же тик-тактын кутучаларын колдонуӊуз да, алардын ичине ар түрдүү нерселерди салыӊыз. Колго жасалган шылдырактардан укмуштуудай сонун дабыштык лото жаралат: дабышы боюнча бири-бирине окшош болгон шылдыракты табууну баладан сураӊыз.

EmptyView