Цените каждый момент Цените каждый момент
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - бир жылга чейин

Ар бир мөөнөттү баалаӊыз.

Бала бир жашка чейин өсүп, баарынан тез өнүгөт. Ар бир учурду баалоо жана эч нерсени өткөрүп жибербөө маанилүү. Бул жашка жеткенче бала эмнени үйрөнгөнүн, талдап көрбөйлүбү.

Баланын сегизинчи айы тиши жарылып чыкканы менен мүнөздөлөт. Кычышкан бүлөлөрү жана жарылып чыгып жатканда оорушу балага дискомфорт, ал эми ата-энесине баласы үчүн кабатырланууну жаратат. Жагымсыз сезимди азайтуу үчүн бала бардыгын эле оозуна сала берет. Бул маселе үчүн ар түрдүү тиштегичтер бар: резинадан, муздатуучу натыйжа менен. Негизгиси, аларды гана эмес, бала оозуна сала турган бардык нерселерди тез-тез жууп туруу керек. Баса, бала чайнашы үчүн катуу алманын, сабиздин, сушканын, печеньенин кесимин бергенге болот.

Азыр сиздин балаӊыз өз алдынча отура алат жана ишенимдүү отурат. «Пластунча» эмгектей баштайт. Ошондуктан баланы ороочу столдо же диванда кароосуз калтырбаӊыз, ал бийиктиктен жеӊил эле кулап түшүшү мүмкүн.

Бала 8 айга келгенде бир нерсени карманып, бутуна тура алат жана ага бейтааныш чөйрөнү карап жана таануу менен бир нече убакытка тура берет.

Өстүрүүчү оюндарды манжалары менен кубанып ойнойт: «Чи-чи-чи – карга» же «ладушки» оюндарын ойнойт. Активдүү оюндарга көбүрөөк көӊүл буруӊуз. Дайыма алектенүүнүн натыйжасында бала көзүн, кулактарын, мурдун, колдорун өз алдынча көрсөтө алат.

Азыр сиздин балаӊыз музыкага жан дили менен жооп берет жана өзүнчө бийлей алат. Анын эмоцияларынын диапазону кеӊейет – сиз анын жүзүнөн нааразылыгын, таӊ калганын, кубанычын, суктанганын, туруктуулугун сезе аласыз.

Ошондой эле «му», «ам», «ав» сыяктуу жеӊил муундарды кайталай алабыз, ал эми анын сөздүк кору «апа-ата-баба-бер-жок» деген сөздөр менен көбөйдү.

Азыр баланы мээрим, сүйүү жана эмоционалдык жылуулук менен курчоого аракет кылыӊыз, анын талаптарына көӊүл буруӊуз. Наристе кезинде үйүнөн көбүрөөк жылуулук жана назиктикти алган бала, чоӊойгондо стресске көбүрөөк туруктуу болорун изилдөөлөр көрсөткөн.

EmptyView