Советы по сцеживанию грудного молока Советы по сцеживанию грудного молока
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - бир жылга чейин

Эмчек сүтүн сааганга кеӊештер (мисалы, сейилдөө алдында)

Эмчек сүтүн сааш – балага эмчек эмизүү сыяктуу эле искусство. Сүттү сааганды жөнөкөй кылып, сүттүн бөлүнүү рефлексин өбөлгөлөөгө, ооруган үрптөрүн тынчытып, көбүрөөк өлчөмдө сааганга жардам бере турган бир нече кеӊешти сунуштайбыз.

Саагандын белгиленген тартибин карманыӊыз. Эӊ эле натыйжалуу кеӊештердин бири эскичиликти кармануу. Бир эле орунда, бир эле ошол стулда отуруп сааӊыздар, бир эле ошол суусундукту ичиӊиздер. Ар бир жолу саардын алдында бардык керектүү нерселерди бир гана ошол тартипте даярдыӊыз, дене бойду бошотуу үчүн психологиялык ыкманы колдонуӊуз. Мунун бардыгы теӊ эмчек сүтүнүн чыгышына рефлексти өбөлгөлөйт.

Эртеӊ мененкиси жакшыраак. Таӊ эрте – сүт эӊ көп болгон убакыт. Эгер сиз муздаткычта «стратегиялык камдык» жасаганга аракет кылсаӊыз, анда максатыӊызга жетиш үчүн ушул жакшы убак.

Эмчекти саардан мурун көкүрөгүӊүзгө бир аз укалоо жасаӊыз. Колтук тарабынан баштап, көкүрөгүӊүздөгү бир чекитти экинчи колуӊуз менен тегерете укалаӊыз. Андан кийин колуӊузду алмаштырыӊыз да, кайра укалаӊыз. Акырындап көкүрөгүӊүздүн айланасында айланып, укалоону улантыӊыз жана спираль боюнча ареолго карай түшүӊүз (бул өзүӊүз же врачыӊыз көкүрөгүӊүздө шишикти текшерип жатканга окшош болот). Көкүрөк клеткадан үрпкө карай сылоо жана анан бүткүл көкүрөктү кайталап сылоо менен укалоону аяктаӊыз. Андан кийин экинчи көкүрөгүӊүздү укалаӊыз. Эгер саап жатканда сүттүн агымы азайып калса, көкүрөгүӊүздү бир нече мүнөт укалап койсоӊуз, бул процесс кайра жанданат.

Бала бир эмчегиӊизди ээмп жатканда, экинчисин сааганга аракет кылыӊыз. Бала сүттүн бөлүнүп чыгуу рефлексин иштетет жана экинчи эмчегиӊизден сүттү саап алыш сизге жеӊил болот (муну колго караганда, электр сүт соргучу менен жасаган оӊтойлуу).

Сууну көбүрөөк ичиӊиз. Саардын алдында эки стакан суу ичип коюӊуз.

EmptyView