4 факта о пользе водных игр для малыша 4 факта о пользе водных игр для малыша
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - бир жылга чейин

Бала үчүн суудагы оюндардын пайдасы жөнүндө 4 факты.

Суу бала үчүн көнүмүш стихия: сиз кош бойлуу кезиӊизде бала суунун чөйрөсүндө жашаган, баланын өсүүсү үчүн суу оюндары эмнеге маанилүү экендигин айтып беребиз.

Организм тутумунун ишин жакшыртуу.

Суудагы активдүүлүк баланын терисинин жана булчуӊдарынын табигый укалануусун камсыз кылат. Бул анын нервдик, дем алуучу, таяныч- кыймылдаткыч тутумунун иштешине жакшы таасир этет. Жүрөк кан тамыр аппараты үчүн да пайдасы бар: Суу оюндарынан улам кан айлануу жакшырат.

Булчуӊдарды чыӊдоо.

Баланы сууда сүзүүгө эрте үйрөтүү – аны дене бойлук өсүүсү үчүн чоӊ плюс болуп саналат. Бала чабак уруп жүргөндө, организминин бардык булчуӊдары иштеп турат. Омуртка мында жүккө ээ болбойт. Бул болсо жаракат алуу коркунучун жокко чыгарат.

Боюн бошотуу.

Суу адамды тынчтандырат. Баланын организми бош болгондо алмашуу прцесстери жакшы жүрөт. Баланын ичи бурап оорусу жана ичинин катуусу азыраак болот.

Коркунучтун алдын алуу.

Сүзгөндү билбеген балдар аӊ сезимдүү курагында эле суудан корко беришет. Сууда сүзүүгө эрте үйрөтүү баланын суудан коркуусунун алдын гана албастан, бала суунун үстүндө кармала аларлыгынын жана көлмөгө түшүп кетсе, жардамга чакыраарлыгынын кепилдиги болуп саналат.

EmptyView