Апаке, мен сизди жакшы көрөм деп сөз менен жакында айта алам.
Ата-энелердин бардыгы теӊ бала отурганды, эмгектегенди качан үйрөнөрүн, биринчи кадамын качан жасарын, качан биринчи тиши жарылып чыгарын чыдамсыздык менен күтөт. Бирок, булардын ичинен эӊ зарыгып күткөн окуясы – баланын биринчи сөзү.
Бала бир нече этаптарды басып өтүп, сүйлөөнү акырындап үйрөнөт. Бирок, анын биринчи этабы эненин курсагында жатканда эле болуп өткөнү эӊ кызык. Түйүлдүктүн мээсинин кеп үчүн жооп берген бөлүгүндө активдүүлүк кош бойлуулуктук 7-айында эле көрүнөт. Энеси кадимки үн чыгарганга салыштырмалуу, ар бир катуу сүйлөгөн сайын же сөздөрдү жай жана көркөм айтып жатканда көрүнүп турат. Сүйлөө манерасын мындай алмаштыруу бала үчүн тилдик сабак болуп саналат деп эсептешет эксперттер.
Кош бойлуулуктун аягында түйүлдүк сөздөрдү угуп баштайт. Жаӊы төрөлгөн балдар көп эмес, бирок маанилүү билимге ээ болушат, мисалы, эне тилин чет тилден айырмалай алуу жөндөмүнө ээ. Ошентсе да, баланын кебинини өсүшү кадам сайын жүрүп турат.
Эки ай болуп калганда бала «гу-гулап» үн чыгара баштайт. Бул үндөр анын андан ары кептик өөрчүшүүн негизи болот. Төрт ай курагында бала бадылдап калат. Өсүү улана берет, он эки айында бала жөнөкөй сөздөрдү сүйлөп баштайт. Эки жашында бала ойлонуп сүйлөй баштайт, ал эми үч жашында – айланасындагылар менен сүйлөшө баштайт. Бардык чөйрөсүнүн өнүгүүсүндөй эле, баланын кептик өнүгүүсү да белгилүү этаптарды басып өтөт.
Балаг гугулап баштайт. Бул ал айткан биринчи тыбыштар болот. Бала ата-энесинин көӊүлүн бурдуруу үчүн, тыбыштарды колдонуу аркылуу үн аппараттары менен эксперимент жүргүзөт.
Эркин тыбыштарды айтуу менен бала бир нерселерди сүйлөгөн болот, уккан үндүрдү туурайт, ошондой эле үндүү, айрым учурларда үнсүз тыбыштарды айтат.
Оӊой айтылучу жарылма үнсүздөрдүн топтому менен бала биринчи сөздөрүн – «мама», «папа», «баба» сөздөрүн айтат. Алгач бул сөздөрдүн маанисине көӊүл бурбастан, эркин эле айтат. Акырындык менен аны туура дарегине айтканга көнүгөт.
Бала бир нече сөздү айтып калат – айланасында көргөн нерселеринин (оюнчуктун, бөтөлкөнүн, кийимдин) аталышын атайт. Мисалы, ачка болгондо «бөтөлкө» деп айта алат. Балким башын чайкап, «жок» деп айта алат.
Эки жашында бала башка адамдардан уккан сөздөрдү жана фразаларды кайталап калат. Анын сөздүк кору 50 гө жакын сөздү камтып калат: «привет», «пока» ж.б. Сөздүк корунун көбөйүшүнө жараша бала 4-6 сөздөн турган жөнөкөй сүйлөмдөрдү курууну үйрөнөт.
Бала кебинде ат атоочту колдонуп калат. Бул болсо 1 жана 3-жакты колдонуунун тилдик эрежелерин түшүнүп калгандыгын туюнтат. Эми сиз балаӊыз менен толук кандуу сүйлөшө аласыз, аны менен диалог жүргүзүүгө болот. Бала мектепке чейин жетиши мүмкүн болгон кептин бардык көндүмдөрүн толук өздөштүрүп бүткөнүн анын бул жетишкендиктери көрсөтүп турат.
Кеп – коммуникациянын негизи, демек, сиздердин алдыӊыздарда бала менен баарлашуу жана аны окутуу үчүн ири мүмкүнчүлүктөр ачылып жатат. Түшүндүрүӊүз, айтыӊыз, суроолорго жооп бериӊиз. Жана айтуу гана маанилүү эмес, кичинекей инсандын керектөөлөрүн эске алып, угуу да маанилүү экендигин эч качан унутпаӊыз.