С чего начинается интеллектуальное развитие ребенка? С чего начинается интеллектуальное развитие ребенка?
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - бир жылга чейин

Баланын интеттектуалдык өсүүсү эмнеден башталат?

Баланын мээси маалыматты соргучай эле сиӊирип алат. Бул анын ийкемдүүлүгү менен байланышкан. Балдар маалыматты тез жаттап калышат да, ошол сыяктуу эле кайра тез унутушат. Ошондуктан бардык жаӊы нерсени көп жолу кайталап айтууну талап кылышат. Балаӊыздын баш мээси кантип өөрчүп жатканын билгиӊиз келеби? Биздин бул жаӊы катыбызда бир нече кызыктуу фактылар бар.

Баланын өмүрүнүн алгачкы үч жылында баланын мээси башка органдарына караганда өтө тездик менен өсөт. Ушул убакыттын ичинде нерв клеткаларынын салмагы жана саны 3 эсеге чоӊоёт.

Наристе төрөлөрү менен эле энесинин жанында болгонуна реакция берет. Аны кеби менен жыты кубаныч гормонун иштетет, ал эми баланы кармаганы нервдик импульстарды жаратат. Алар баланын мээсине келип, нейрондук байланыштарынын пайда болушуна жана чыӊдалышына түрткү берет. Борбордук нерв тутумунун негизги органы жакшы «кубаттанууга» муктаж болот. Эгер чоӊ адамдын мээси түшкөн энергиянын 25%ын керектесе, баланын мээси 60%ын керектейт.

Баланын мээси маалыматты соргучай эле сиӊирип алат. Бул анын ийкемдүүлүгү менен байланышкан. Балдар маалыматты тез жаттап калышат да, ошол сыяктуу эле кайра тез унутушат. Ошондуктан бардык жаӊы нерсени көп жолу кайталап айтууну талап кылышат.

Баланын быдылдап сүйлөнгөнү анын мээси жигердүү кабыл алууга даяр экендигин билдирет. Бул учурда баланы сүйлөгөнгө үйрөтүп баштоо керек.

Эгер үй бүлөдө эки тилде сүйлөсө жана бала келечекте билингв болушу күтүлүп жатса, анын интеллекти ченемден ашкан темп менен өөрчүйт, ал эми көӊүлүн топтоо жөндөмү жогору болот.

EmptyView