Игры, помогающие в развитии речи Игры, помогающие в развитии речи
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - бир жылга чейин

Кептин өсүүсүнө жардам берүүчү оюндар.

Баланын кебинин өсүүсү – татаал жана маанилүү процесс. Ата-энелердин көпчүлүгү эртели кечпи «биз Р тамгасын айта албайбыз» дегенден «биз такыр сүйлөбөйбүз» дегенге чейин суроону өзүнө беришет. Ар бир баланын кебинин өсүшүнүн өзүнчө жолу болгонуна карабай, ченемдер, этаптар жана мыйзамченемдиктер бар. Сиздердин алдыӊыздарда баланын кебин өстүрүүнү демилгелөөнүн бир нече жөнөкөй оюну турат.

Топ.

Топту ырыгытуу же жерге тегеретүү аркылуу көнүгүүлөрдүн бир тобун жасаганга болот. Бул ыкма бир орунда отура албаган кыймылдуу балдар үчүн абдан жакшы. Оюн тыбыштарды, муундарды кайталаганга же суроолорго жооп бергенге мүмкүнчүлүк берет! Мисалы: Сиз «А» тыбышын айтып, балага топту ыргытасыз да, топту алганда ал ушул эле тыбышты кайталашын сунуштайсыз. Оюн кошумча сенсордук сезим бериши, тактилдүүлүктү өөрчүтүшү үчүн, түрдүү толтургучтары менен, түрдүү материалдардан жумшак топторду тандоо сунушталат.

Түтүкчө.

Мындай оюнчукту дүкөндө түрдүү варианттарда кезиктире аласыз: жыгачтан, пластмассадан, же өз алдынча кагаздан, фетрден же тешиктүү резинадан өзүӊүз жасай аласыз. Мындай оюнчук демдин туура чыгуусун өөрчүтөт, өзүнүн демин башкара билүүгө үйрөтөт, күчтүү, багытталган аба агымын калыптандырат, ал баланын кебине да, жана татаал тыбыштарды С, З, Ш, Ж, Р айтууда өтө маанилүү.

Эмне кандай айтылат? (фонетикалык угуунун өөрчүшү) Биринчиден, текшерүү сөзсүз керек болгон нерсе – баланын угуусу. Угулуш ар түрдүү болгон бир нече предметтерди топтойбуз да, балага алгач эмне кандай аталарын көрүү органы менен жаттап калышын, андан кийин көзүн жуумп, угуу менен табууну сунуштайбыз. Мисалы, тыйындардын үнү, стакандардын шылдырашы, резинадан оюнчук жана башка!

EmptyView