5 способов помочь развитию речи вашего ребенка 5 способов помочь развитию речи вашего ребенка
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - бир жылга чейин

Балаӊыздын кебинин өсүшүнө жардам берүүнүн 5 ыкмасы.

Мыкты ыкма – баарлашуу үчүн бардык шарттарды түзүү. Балага тез сүйлөп кетүүгө жардам берүүчү эӊ маанилүү беш пункт.

  1. Сүйлөӊүз Чогуу болгон бардык убакытта бала менен сүйлөшө бериӊиз. Колуӊузда кармап турган буюмдардын атын атаӊыз же балага «Бул топ. Ал эми бул машинка» деп айтып бериӊиз. Аткарып жаткан ишиӊизди сүрөттөп бериӊиз: «Биз азыр шым кийип жатабыз. Эми – куртканы. Анын сейилдегенге барабыз!» «У-у-у, кандай гана катуу машина өтүп кетти!», «Кар! Бул карга каркылдап жатат», «Мына апанын телефонуна чалып жатат» деп, болуп жаткандардын бардыгына түшүнүк берип туруӊуз.
  2. «Атабыз бизди эмне деп атайт? Жүрү, атабызга чуркап баралы!», «Сенин коёнегиӊ чарчаса керек? Керебетке жаткысы келип жатабы?» деген сыяктуу суроолорду бериӊиз.
  3. Угуза окуӊуз. Китеп окуп жатканда сүрөттөрүн сөзсүз көрсөтүӊүз жана аларда эмне тартылып турганын түшүндүрүӊүз. Мунун бардыгы баланын кепти өздөштүрүүгө кызыгуусун өбөлгөлөйт, сөздүк корун кеӊейтет жана түрдүү предметтер, аракеттер, кубулуштар, сапаттар ортосунда логикалык байланышты түзөт.
  4. Туура үйрөтүӊүз. Баланын аӊ сезиминде сөздөрдүн жөнөкөйлөтүлгөн формасын бекемдебеӊиз. Эгер бала мышыкты «мый» деп атасы, түшүндүм деӊиз да, «ооба, бул мышык» деп туура атап бериӊиз. Албетте, мындай сөздөрдү өзүӊүз ойлоп таппаӊыз.
  5. Кунт коюп угуӊуз. Аӊгемелери үчүн ыраазы болуӊуз: кызыгууӊузду көрсөтүӊүз, көзүнө караӊыз. Бала сиз менен айланада болуп жаткандар жөнүндө сүйлөшкүсү келгендей кылыӊыз. Бул анын көп сөздөрдү колдонуусуна жана аларды татаалыраак сүйлөмгө курууга өбөлгө болот.
  6. Сыйлык бериӊиз жана мактаӊыз. Сиз айткан сөздөрүӊүздү кайталатыӊыз. Алгач баланын сөзү түшүнүксүз болот, бирок бир аз чоӊоё түшкөндө, сиздин артыӊыздан сөздөрдү так кайталап калат. Бул балага сүйлөмдү аӊ-сезимдүү түзгөнгө жардам берет. Кичине болсо да ийгилигин сөзсүз мактаӊыз.

EmptyView