Боитесь оставить ребенка с папой наедине? Советы Боитесь оставить ребенка с папой наедине? Советы
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - бир жылга чейин

Баланы атасы менен калтыргандан коркосузбу? Кеӊештер.

Бала төрөлгөндөн кийин балага кам көрүү боюнча баардык түйшүктөр, өзгөчө атасы иштеген болсо, эненин мойнуна түшүп калат. Андыктан, төрөлгөндөн кийин биринчи учурларда бала үчүн эне эӊ керек адам болот, себеби ал балага тамакты, жылулукту жана ишенимди берип турат. Айрым учурларда баланы атасы менен калтырыш керек болгон жагдайлар пайда болот.

Биринчиден, эне нерв болбошу үчүн төмөнкүнү эстен чыгарбаш керек: экөө теӊ ата энеси болуп саналат, демек ата баласына атайын зыян келтирбейт.

Андан кийин атасы менен баласынын чогуу болушун кантип жайлуу кылыш керектигин ойлонуп көрүү керек. Баласы менен калганда атага эмне керек болоорун сөзсүз ойлонуӊуз. Балдардын буюмдары, жалаяк шымдар каякта тургандыгын, балдар тамагын кандай даярдаш керектигин, баланы сейилдөөгө кандай кийинтиш керектигин көрсөтүӊүз.

Негизинен ата баланы оӊой эле карай алат, бирок анын ыйлаганынан коркот. Ошондуктан бала ыйлап калганда эмне кылыш керек экендигин сөзсүз түрд айтып берииз.

Атасы үчүн дагы бир көйгөй баланы уктатканы жаткыруу. Бул учурду сөзсүз эске алыӊыз да, баланы кантип уктатуу керектигин айтып бериӊиз. Кичинекей балдар энесинин жытын жакшы билишет, ошондуктан атасы менен өзүӊүздүн бир футболкаӊызды же түнкү ич кийимиӊизди таштап коюӊуз. Бул кийимди баланын керебетине коюп койсо, бала тез жана жакшы уктайт. Баланы атасы менен жалгыз калтырууну чечсеӊиз, эч кандай коркунучтуу нерсе болбойт, бул баланын атасы экендигин унутпаӊыз. Алгач ата ар бир жарым саат сайын сизге телефон чалып, түрдүү суроолорду берип турушу мүмкүн, бирок эртеби кечпи ал көнүп калып, өз алдынча караганга үйрөнөт.

EmptyView