Здоровая атмосфера в доме как залог здоровья ребенка Здоровая атмосфера в доме как залог здоровья ребенка
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - бир жылга чейин

Үйдөгү тынчтык баланын ден соолугунун ачкычы.

Бала өтө сезимтал келет. Үй-бүлөдөгү чыӊалган мамиле, уруштар, бирин-бири түшүнбөстүк – мунун бардыгы баланын ден соолугуна таасир этет. Үй бүлөдөгү кырдаал – анда бала жашап турган энергетикалык мейкиндик. Эгер бул мейкиндик психологиялык жактан чыӊалып турса, балага да оор болот. Эмне болуп жатканын бала түшүнбөйт. Бирок туура эмес нерсе болуп жатканын сезет. Айрым учурларда бала мунун бардыгына өзүн күнөөлү сезип, аны оӊдогонго аракет кылат. Ага бир нече жолду табат. Алардын бири сейрек кездешпеген, жана аӊ-сезимсиз жол – «ооруп, каза болуу».

Ооруганга укук.

Ооруганга укукту ишке ашыргандан көрө, сезимге укукту ишке ашырган жакшы. Эгер ата-энеси эмоциясын билдире албаса, балага да муну үйрөнүү оор турат. Андан тышкары, сиздин психикалык чыӊалууӊуз, жаракат алуучу эмоцияӊыз, реалдуу турмушта «жоктугуӊуз» балаӊызга таасир бербей коюушу мүмкүн эмес. Ушундан улам анын агрессивдик аракеттери келип чыгат, ооруйт. Баланын ооруганына сиз жооптуу экениӊизди окуп алып, сизде азыр кандай сезим пайда болду? Күнөө, коркунуч, өзүӊүзгө карата жинденүү? Мына ушуларга жол бербеш керек. Бул эмоциялар да баланын ден соолугуна зыян. Өзүӊүздү күнөөлөөнү токтотуӊуз, андан пайда жок. Ата-эненин коркунучунда жашоо балага андан да ашык кооптуу. Үй-бүлөлүк да, жеке да көйгөйлөрдү чечүү керек. Албетте, бул процесс узакка созулат, андыктан чыӊалууну төмөндөтүүнү үйрөнүү керек.

Тынчтаныӊыз, тынчтануу гана керек!

Баланын көзүнчө урушпаганды эрежеге айландырыӊыздар, аны менен бирге бала менен баарлашуудан мурун тынчсызданганыӊызды, коркууӊузду да жеӊип алууну эрежеге айландырыӊыз.

  • Дем алууну калыбына келтирүү (демди тартуу 5 секунд, демди чыгаруу 5 секунд) эмоцияӊызды теӊ салмакта алууга жардам берет. Андан кийин, колуӊуздун учу менен төшүӊүздү көрсөтүп «Мен бул жактамын!» - деп айтыӊыз – бул сиздин оюӊуздун топтолушуна, жана бала турган жерде сиз да турганыӊызды сезгенге жардам берет.
  • Сизге эмоциялар үчүн «таштанды чака» керек. Бул кыйкырып алуу үчүн баштык же «жинденүү» үчүн жашик болушу мүмкүн. Жиниӊиздин бардыгын ошолорго айтып чыгарып алыӊыз. Мындай жөнөкөй оюн чыӊалууну азайтарын сезесиз.
  • Сууда чайынып алыӊыз же бети колуӊузду жууӊуз. Дене үчүн суу менен жол-жоболор жан дүйнөнү да тазалайт.
  • Бул жөнөкөй ыкмалардан кийин бала менен сүйлөшкөнгө болот. Эгер бала чыр чатактын күбөсү болуп калса, же үй-бүлөдө болгон окуяга кабатырланып баштаса, адамдар кээде урушарын, бирок бул алардын ажырашып кетишин түшүндүрбөстүгүн, кээде ичте толуп кеткен күптүнү чоӊ кишилер деле айтып чыгарганга сөз жетпей каларын, бул чырга баланын тиешеси жоктугун айтып коюуӊуз.

    Үйдөгү абалды өзгөртүү.

    Кармалып турган агрессия, чыӊалуу, кыйнаган кабатырлануулар - үй ичиндеги мейкиндикте топтоло берет. Балдар буга ооруп, жаман кулк-мүнөзү менен реакция берет. Үйдү тазалоо керек. Ошондой эле ага жакшы нерсени, чыгармачыл нерсени киргизүү зарыл.

  • Бала менен чогуу генералдык тазалоо жүргүзүӊүз. Оор жумуштар энергетикага таасир этет. Баланы сизге жардамдаштырыӊыз, бул тажатма аракеттер көӊүл ачуучу иштерге айлансын.
  • Үй ичин кантип кубантуу керектигин балаӊыз менен чогуу ойлонуӊуз: жаӊы вазон же терезе жапкыч сатып алуу керекпи, сүрөт тартуубу, же жыпар жыт берген лампаны жандыруубу… Үйдүн дубалдарын жана дивандарды «такылдатыӊыз» ичиндеги «заарлар» жана «таарынткычтар» чыгып кетсин.
  • Үйгө тазалыкты жана жарыкты каалап кетиӊиз, болгон мейкиндик жакшылыкка жана кубанычка толуп жатканын элестетиӊиз. Бул сиздерде салтка айлансын!
  • Бирок, энеси менен атасы шайкештикке келе албай, бул оюнду ойноп гана жүргөн болсо, анда бул бала үчүн андан да жаман кыйраткыч болуп саналат. Топтолгон негативди баладан чыгарганга болбойт, бирок «Мен азыр абдан капа болуп турам, жиним келип жатат. Кечирип койчу, бир аз өзүм менен болуп турайын!» деп, жан дүйнөӊүз жабыркап жатканын балаӊызга айтканга болот.

    «Бут кийимдеги таш» ыкмасы.

    Бул оюн чыӊалуу кооптуу абалга жеткенге чейин, андан арылууга жардам берет. Бут кийимге кирип кеткен таш бизге дайыма тоскоолдук жаратат. Аны алып салбасак, жара пайда болот. Ага тийишкен адам, чагылган жибергендей эле болот. Андай болбошу үчүн «Бут кийимиме таш кирип кетти, мен өзүнчө боло турайынчы» (кучактаганды каалап жатам, жылуулук жетпей турат) деп бири-бириӊиздерге айтыӊыздар. Ошентип бири бириӊиздердин сезимиӊиздерди, муктаждыгыӊыздарды сезип, жардам сурай баштайсыздар. Ал эми үй ичиндеги абал жакшырат.

    EmptyView