С чего начинать детский прикорм С чего начинать детский прикорм
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - бир жылга чейин

Балага кошумча тамакты эмнеден баштоо керек

Кошумча тамак – бул баланы жалпы дасторконго адаптациялоонун физиологиялык чарасы. Чоӊоюп келе жаткан баланы акырындык менен эмчек сүтүнөн же сүт аралашмаларынан тамак-ашка көндүрүү керек. Эгер бала жасалма тамактандырууда болсо, кошумча тамакты 4 айлык курагынан баштаган жакшы, аралаш тамактандырууда болсо - 4,5 айынан, ал эми эмчек ээмп жүрсө – алты айынан баштап киргизүү туура болот.

Биринчи кошумча тамак. Балдардын энелерине педиатрдан кеӊештер. Бала чоӊоюп келе жатат, ал 6 айдан ашып калды. Эмчектеги сүт күн сайын тартыла баштайт, а сиз болсо ашканадагы шкафтан балдар идишинин топтомун алып чыгуу керектигин түшүнө баштайсыз. Бир нече жума өткөндөн киийн, кашыгы менен баягы кооз табактын, баягы төгүлбөс чыны сыяктуу эле пайдасы тие баштайт.

Биринчи кошумча тамак: эмнеден жана кантип баштайбыз.

Көпчүлүк учурларда баланын чоӊдордун тамагы менен таанышуусу жашылчалардын пюресинен башталат. Алгач аны жашылчанын бир түрүнөн (мисалы, картошкадан) жасашат, акырындык менен анын өлчөмүн көбөйтө башташат. Андан кийин сабизди, кабачокту кошо башташат. Күлгүн кызыл түстөгү жашылчаларды алгач азыраак бергенге аракет кылыӊыз. Бала аллергетик болсо, сабиздин ордуна түстүү капустаны, анан брокколини киргизиӊиз. Мунун бардыгы бирдей массага аралаштырып, сүт аралашмасын кошобуз. Балага бир суткага керек болгон сүттүн өлчөмү туруктуу болушу керек. Ал пюренин айынан баланын рационунан чыгып калбашы зарыл, ошондуктан кошумча тамакка 50х50 кылып, сүттү кошуп туруу керек. Эгер бала эмчек ээмп жүргөн болсо дагы, пюрени сүт менен аралаштырган жакшы болот. Биринчиден, бала жаӊы тамакты жактырып жейт, ал үчүн бул даамы физиологиялык жактан белгилүү тамак болуп калат. Экинчиден, кошумча тамак менен бирге, сүттүн керектүү санын ала алат. Эреже катары, баланын 4-5 айынан баштап жашылча пюресине түзөтүүчү кошулма - тооктун (бөдөнөнүкү да боло берет) сууга бышырылган жумурткасынын сарысы сөзсүз киргизилет –беш айлык курагында тооктун жумурткасынын төрттөн бир бөлүгү, жана 6 айында бир күнгө жумуртканын жарымы кошулат. Жашылча пюресинде болуш керек болгон, түзөтүүчү экинчи кошулма - бул өсүмдүк майы. Бул үчүн рафинирленген, мыкты сапаттагы майды алуу керек. Бул биринчи сыгылган май болбосун – ал ичеги карындын былжырын дүүлүктүрөт. Оливка майы же жүзүмдүн данегинин майы туура келет, бирок алар сөзсүз түрдө рафинирленген болушу зарыл. Бир тамчыдан кошуп баштоо керек. Жарым жылдын ичинде, бала алты айында чай кашыктын жарымына чейин (2,5 мл) жетиши зарыл. Беш айынан бир жашка чыкканга чейин жашылча пюресине 3-4 компоненттен ашык нерсе аралаштырылбайт (мисалы, сабиз, картошка, кабачок, түстүү капуста же брокколи). Пияз, петрушка жана башка ингредиенттер бир жашка толгондон кийин кошулат.

Кошумча тамакты киргизүү принциптери.

Биринчи принцип – туруктуулук. Бул кичине дозадан баштоо керек дегенди туюндурат (жарым чай кашык пюре). Калгандарын аралашма же эмчек сүтү менен алмаштырабыз. Кийинки күнү бир чай кашык беребиз, андан кийин эки чай кашык, ошентип порция көбөйө берет. 2 жуманын ичинде кошумча тамак менен бир эмчек эмизүүнү толугу менен чыгарып койгонго болот.

Кошумча тамак киргизүүнүн экинчи принциби – аёо принциби. Бул болсо бала аны оӊой жутушу үчүн, тамак пюре сымал болушу керек дегенди туюндурат.

Үчүнчү принцип – машыгуу. Кошумча тамак негизги тамактын - эмчек эмизүүнүн же аралаш сүт берүүнүн алдында же ага чейин берилетпи дегенге басым коюлат. Биринчи жана акыркы тамактандырууну кошумча тамактануу менен алмаштырганга такыр болбойт.

Кошумча тамакты дени сак балага гана бере баштаарын эстетип кетмекчибиз, эгер бала куса болуп, ыйлап, өзүн жаман сезип жатса – кошумча тамакты баштабайбыз.

Биринчи кошумча тамактан кийин киргизилүүчү өндүрүмдөр.

Биринчи кошумча тамакты киргизгенден бир айдан кийинки экинчи кошумча тамак катары иштетилбеген 10%дык сүт менен боткону тандоо керек.

Бир порцияга: 200 мл сүт, 10% акшак. Өмүрүнүн биринчи жылындагы бөбөктөр үчүн даяр ботколордун түрлөрү сатыкта бар, аларды сүт же суу менен аралаштыруу гана керек.

Мында да эреже бар: биринчи кошумча тамактын жана ботконун ортосунда сөзсүз түрдө эмчек эмизүү же бала жасалма тамактандырууда болсо сүт аралашмасын берүү керек.

Негизинен, баланын күндүзгү менюсу бул этапта мындай болот: биринчи тамактандыруу – эмизүү (сүт аралашмасы), экинчиси – ботко, үчүнчүсү – эмизүү (сүт аралашмасы), төртүнчүсү – жашылчадан пюре, бешинчиси – эмизүү (сүт аралашмасы).

Үчүнчү кошумча тамак – эт менен. Бул болжол менен 7 айында башталат. Эт сүттү же сүт аралашмасын эмес, жашылча пюресин сүрүп чыккандыгы менен өзгөчөлөнүп турат. Эттен кошумча тамак берүү үчүн жумшак этти тандашыбыз керек. Бул коёндун, тооктун же үндүктүн эти болушу зарыл. Фаршты жашылча пюресинен өзүнчө бышырып алабыз.

Бул тамактандырууну түшкү тамактануу учуруна саат 14:00гө беребиз. Үчүнчү кошумча тамакты киргизүүдө кошумча тамактардын ортосундагы аралыктын эрежесин сактабайбыз. Анда 7 айлык баланын күндүзгү менюсу мыдай болот: биринчи жана акыркы тамактандыруу – эмчек эмизүү же сүт аралашмасы, саат 10до бала сүттөн ботко, саат 14тө эт фаршы менен жашылча пюресин жейт. 8 айынан баштап ден соолугу чыӊ, аллергиясы жана ичеги карынында көйгөйлөр болбогон балдарга эттен сорпо бере баштайт жана анын жашылча пюресиндеги өлчөмүн 50 мл ге чейин жеткирет. Ошентип 8 айлык бөбөк түшкү тамактануусуна 50 мл сорпо, 30 гр. эттен фарш жана 120 гр. жашылча пюресин алат. Негизинен 9 айына чейин саат 18деги тамактандыруу акырындык менен кычкыл сүттүү өндүрүмдөргө (йогурт же быштак менен айран) алмаштырылат. Бул кошумча тамак деп саналбайт – бул улам тартылып бара жаткан эмчек сүтүн же сүт аралашмасын алмаштыруу. Балага бир тамактандырганга 170 мл йогурт (же айран) жана 30г. дан ашык эмес сыр беребиз. Мунун бардыгын бирдей массага чалып, акырындык менен кичине дозадан баштап бере баштайбыз.

9 айга чейин пюредеги 30 г фаршты 40 г фрикаделькиге алмаштырабыз (ар бири 20 г дан 2 даана). Түшкү тамактанууда жашылча пюресинин өлчөмү эми 110 г га чейин азаят. 10 айында фрикадельканы бууга бышкан котлетке (40 г) алмаштырабыз жана батондон сухарик (10г) кошобуз. Плюс шорпо (50 г) жана жашылча пюреси (100 г) биригип, тамактандырууга туура келген 200 г ды берет. Пюре сымал массага чалып, саат 14 тө кашык менен бере баштайбыз.

Кошумча тамактарга ширелерди киргизүү. Азыркы учурда баланын жана эненин тамактанышы ушунчалык жарды, анда витаминдер, микроэлементтер, минералдар өтө аз болушат, андыктан ширелер жана жемиштерден пюрелер көп жолу бизге жардамга келет. Бул ферменттик тутум жана ичеги карын органы үчүн мыкты машыгуу. Табигый тамактандырууда ширелерди жана жемиштерден пюрелерди үч айынан баштап киргизет, ал эми жасалма тамактандырууда бир аз эртерээк – 2-2,5 айынан башташат. Эрте жашында ширелерди ичпеген балдар, чоӊойгондо уйку безинин ферменттерин бөлүп чыгаруу менен байланышкан көйгөлөргө жана ичеги карын жана нерв тутумунун ооруларына ээ болгондугу делилденген. Албетте, наристелерге бериш үчүн кутучалардагы ширелер туура келбейт, алар 3жаштан жогорку балдарга эсептелген. Бир жашка чейинки курактагы балдар үчүн ширелер жаӊы сыгылган болушу керек. Энеси негизинен жемишти кыргычтан өткөрүп, марля аркылуу сыгып алып, анан дароо балага берет.

EmptyView