Гемангиома у детей Гемангиома у детей
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - жаңы төрөлгөн

Балдардагы гемангиома

Гемангиоманын түрлөрү Гемангиомалар түзүмү боюнча түрдүү болушат. Сыртынан алар наристелердеги калга окшош болот. Капилярдык гемангиома теринин үстүӊкү катмарында болот. Ал жалпак болуп, капилляр жиптерден өрүлгөн сыяктуу ичке тамырлардан турат. Эмчек эмгек балада гемангиома уӊкур-чуӊкурлуу болот. Ал чоӊ тамырлардан: веналардан же артериялардан, көпчүлүк учурларда веналардан куралат. Алар кызыл түстүү калдай көрүнөт, айрымдары теринин үстүнө одур бодур болсо, айрымдары теринин ичине карай болот.

Бул өсмө комбинирленген типте да болушу мүмкүн, мында каппилярдык жана каверноздук биригип айкашкандагысы болот. Ошондой эле аралаш гемангиома да болот. Ал кан тамыр, лимфатикалык жана нерв тканынан бир эле маалда пайда болот. Үстүӊкү катмарда пайда болгон өсмөлөр – биз териден көрүп тургандар, жана тереӊдеги – жабык же ички (тери алдындагы). Булар ички органдарда да: боордо, бөйрөктөрдө, сөөктө, ичеги карын бетинде, тамактын шилекей катмарында, жаактын ички бетинде жайгашышы мүмкүн. Гемангиомалар көпчүлүк учурларда теринин жана шилекей кабыкчаларынын чектелген жерлеринде: эриндерде, арткы (аналдык) тешикте, жыныс органдарында жайгашат. Башта, моюнда, далыда, желкеде, кабакта, жамбашта да болот.

Гемангиомалар эмне себептен пайда болот Мунун себептери так түшүнүктүү эмес. Гемангиома – коркунучсуз өсмө, башкача айтканда, кан-тамырдын шишиги. Ал эми шишик, бул ткандардын туура эмес бөлүнүшү менен байланышкан аномалия. Балким эненин организмине башка бир нерсе таасир эткендир, андыктан бала тубаса гемангиома менен төрөлгөндүр. Буга аял кош бойлуу кезинде алган кандай болбосун препарат, түрдүү нурлануулар, ал гана эмес күндүн ашыкча тийиши, микротолкундуу мештин, мобилдик телефондун, компьютердин, планшеттин нурлануусу күнөөлү болушу мүмкүн. Төрөт учурунда алган травмалар мындай пайда болууларга эч кандай таасир этпейт.

Гемангиомаларды дарылоо Гемангиомалардын 60–70% өзүнөн-өзү кетип калат. Эгер эмчек эмген балада шишик кетпей, же өсүп жатса, хирургдар оперативдик дарылоону сунушташат. Мындай пайда болууну криотеструкция менен алып салышат: аны тоӊдурушат, анын негизинде кан тамырлар кичирейет жана гемангиома жоголот. Дарылоонун дагы бир ыкмасы – склерозирлөө. Муну көбүнчө каверноздук кан тамырдын гемангиомасында колдонушат: ичине атайын зат сайылат, кан тамырлар кичирейет жана анын натыйжасында жабылып калат. Ошондой эле хирургиялык дарылоону жана лазерь менен алып салууну колдонушат. Дарылоонун дагы бир түрү: шишиктин ичине гормон сайышат да, сезгенүү процессин чакырышат. Сезгенүү төмөндөп бара жатканда, тырык ткань пайда болот, ал жабыркаган кан тамырларды механикалык түрдө чоёт. Эгер шишик териде же баланын ички органдарында болсо, анда аны консервативдүү жүргүзүшөт. Гемангиомалар убакыттын өтүшү менен кичирейсе, врачтар бул процесске кийлигишпей, көзөмөлдөп гана турушат.

Гемангиомаларды качан алып салуу кажет Гемангиомаларды алардын өз алдынча жоголуп кетишин күтпөстөн, төмөнкү учурларда эрте жаштагы куракта алып салышат:

  • көп травма алган, же жаралар басып кеткен жерлерде (арткы тешикте, жыныс органдарында, баланын бетинде – эрининде жана мурунунда, көздөрүнүн жанында) жайгашса;
  • көлөмү өсүп жатса, же ылдам өссө;
  • өмүргө маанилүү органдардын иштешине тоскоолдук жаратса же аларга зыян келтирсе (мисалы, баш мээнин же көздүн кан тамырлары, бул көрбөй калууга алып келиши мүмкүн).
  • Наристенин ата-энелерине сунуштамалар Қандай жагдайда болбосун жаӊы төрөлгөн наристедеги гемангиома өзгөчө көӊүл бурууну талап кылат. Өсмөнү сүрөткө тартып, ченешет, ай сайын пергаментте же целлофанда тартып алып турушат, аны андан кийин салыштырып көрүп, өсүп жаткандарын түшүнүшөт, муну менен бирге бала дагы өсүп жатканын эске алуу керек. Демек, эгер гемангиома баланын өсүүсүнө пропорционалдуу өсүп жатса, анда бул ткандардын гана өсүүсү. Эгер ал эселеп чоӊоюп кетсе, анда шишиктин өзүнүн өсүүсү болуп саналат. Клеткалардын өсүүсүнө кантип зыян келтирбеш керектигин билип алуу маанилүү. Бул эмне себептен болушу мүмкүн? Ал тарапты укалоого болбойт. Укалаган учурда кан айлануу күчөп, өсмө чоӊоюп кетиши мүмкүн. Гемангиоманы механикалык жана химиялык бузулуулардан коргоо керек. Бул өсмөнү колдон келишинче тез алып салуу сунушталат. Кандай болбосун жакшы шишикти травмага кабылтуу аны малигнизациялоого алып келет, т.а. ал айыкпас шишикке айланат. Гемангиомаларга башка жакшы же айыкпас шишик сыяктуу эле, күндүн нуру узак тийгенге болбойт. Балдардагы гемангиома баланын денесине пропорционалдуу өсүп жатса, органдарга тоскоолдук жаратпаса жана травмалабаса, аны алып салышпайт. Алты же жети жашында алар толугу менен жок болуп кетет.

    EmptyView