«Мам, купи»: как бороться с бесконечными детскими просьбами. Советы как договориться «Мам, купи»: как бороться с бесконечными детскими просьбами. Советы как договориться
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - бир жылдан үч жылга чейин

«Апа, сатып бериӊизчи»: баланын чеги жок өтүнүчтөрүн кантип токтотуу керек.

«Баланын «каалоолору» каяктан пайда болот?»

Эреже катары, каалоо пайда болуш үчүн бала аны көрүшү керек. Аны бул каяктан көрө алат:

  • Супермаркеттердин текчелеринен. Ата-энелер сатып алуулар менен алектенгенче, бала өзүнө «керектүү» бир топ буюмдарды таап алышы мүмкүн!
  • Анын жашындагы башка балдардан. Мисалга алсак, коӊшу балада жаӊы машина пайда болду дейли, ал короодогу балдардын бардыгынын көӊүлүн өзүнө бурат, анын үстүнө, ал жашыл түстө, кузову менен жана өзү жүрөт.
  • Башка балага белек. Башка балага сатылып алынган оюнчук, аны азыраак жакшы көргөндөн эмес, ал баланын туулган күнүнө карата алынганын балага түшүндүрүү өтө татаал.
  • телекрсөтүүдөн жарнама көрүп жатканда.
  • «Апа, сатып бериӊизчи» деген баланын сөзүнө кандай жооп бериш керек Баланын мүнөзү, максатка умтулуусу, өз ара мамилелеринин модели жана башка маанилүү белгилери бала кезинен эле калыптанарын бардыгыбыз билебиз. Албетте, татаал тарбиялоочу жолунда ата-эне бир топ кыйынчылыктарга дуушар болот.

    «Апа, сатып бер» деген баланын чыргоолонгон учурунда жалгыз калганда, акчаӊыз жетпей калышын айтуунун кереги да жок. Бала сизге ишенбейт, ал эми сиз анын ишенимин жоготуп алуу коркунучунда болосуз. Дүкөнгө барууну алдын ала даярдагнып алып, аны тарбиялоочу сабак катары колдонуӊуз.

    Мисалы, сиз бортко белгилүү бир гана товарларды ала тургандай оюнду ойлоп табыӊыз. Алар эмне үчүн керектигин жана алардын маанилүүлүгүн балага түшүндүрүӊүз. Үйдөгү же көчөдөгү «дүкөн» оюнунун жагдайын сөзсүз моделдештириӊиз, жана оюн аркылуу бардык азыктардан эле пайда боло бербестигин, бардыгына көӊүл коюунун зарылдыгы жоктугун, мисалы, андан ич же тиш ооруйт деп, түшүндүрүӊүз.

    Дүкөнгө баруудагы кулк мүнөздүн бир нече эрежеси

  • Бала ток болушу керек.
  • Сатып ала тургандардын тизмегин бала менен алдын ала талкуулап алыӊыз. Эгер ал дагы бир нерсени сурап баштаса, силер минтип сүйлөшпөгөнүӊүздөрдү эсине салыӊыз. Бала ыйлап жана кыйкырып баштаса, дүкөндөн чыгып кеткенге аракет кылыӊыз. Ал эми үйгө бара жатып, ал тынчыганда, анын жүрүм туруму сизди капа кылганын айтыӊыз, жана дүкөнгө кантип чогуу барыш керектигин сүйлөшүп алышыӊыздар керек.
  • Айрым учурларда «сатып бер» деп көп сурануунун артында балага жылуулук менен эркелетүү жетишпей жатканын байкоого болот. Бала жумшак оюнчуктарды дайыма көрсөтө берсе же тактилдик буюмдарды сатып берүүнү суранса, анда бала менен дагы бир жолу талкуулап көрүү керек.
  • Опузалоо менен алектенбеӊиз: каалаган нерсесин сатып берип, анын ордуна бир нерсени аткарусун талап кылбаӊыз.
  • Балага тиги же бул буюм эмне үчүн керектигин түшүндүрүп берүүсүн сураӊыз.
  • Сизге ойлонгонго убакыт бергенге балаӊызды үйрөтүӊүз.
  • Албетте, ар бирибиз эле өзүбүз бала кеде жетпеген нерсенин бардыгын балабызга алып бергибиз келет. Бирок баланын чыргоолонуусунда андан баш тартпаса, анын мээсинде туура эмес баалуулук калыптанып калышы мүмкүн. Кезектеги сатып берүү менен баланы сатып алганга жана сүйүүӊүздү ага алмаштырганга аракеттенбеӊиз. Ошондо гана көйгөй акырындык менен кете берет.

    EmptyView