Как научить ребенка дружить Как научить ребенка дружить
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - бир жылдан үч жылга чейин

Баланы достошконго кантип үйрөтүү керек.

Эки жашынан баштап бала социалдык жашоого жигердүү аралашат жана биринчи досторун күтөт. Бул негиздер анын аӊ сезиминде өмүр бою калыш үчүн балага достошконду кантип үйрөтүү керек? Бала негизинен бир жарым жашынан баштап өзү менен теӊдерге тартыла баштайт. Негизинен алардын достук жөнүндөгү түшүнүгү балдар аянтында же песочницада биргелешип ойногонунан келип чыгат. Ушул курактан баштап эле өзүлөрүнүн теӊтуштарына карата мамилелери пайда болот. Оюнчуктарын бөлүшкөндү мажбурлабаш керек. Эгер бала оюнчуктарын бөлүшкүсү келбесе, балким учур келе электир. Үч жашка чейин бардык балдарда эгоцентризм болот.

Кичинекей балдардын өзгөчөлүгү ушундай, алар бирөөнүн жанында турса да, алардын ари бир өзүн бүткүл ааламдын борбору катары сезишет. Алгач алардан башка дагы «аалам борборлору» бар экенин түшүнгүлөрү келишпейт. Балдар чоӊойгон сайын өздөрүнүн эгоцентризмин жеӊип, айлана чөйрөнү реалдуу кабыл ала башташат. Баарлашууну жөнгө салууунун биринчи аракеттери дайыма эле ийгиликтүү боло бербейт. Себеби алардын аракеттерине кандай реакция болорун алар али билишпейт.

«Дос болом – дос болбойм» аныктамасы сиздин балаӊыздын лексиконунда 2,5 жашында пайда болушу мүмкүн. Балдар башка балдар менен танышууда

кыйынчылыктарга кездешип жаткандыгын көптөгөн ата энелер байкашат. Буга бир нече түшүндүрмө бар:

  1. Билбестик. Таанышуу жана биргелешип ойноону сунуштоо үчүн кайрылууга негизги фразаларды бул балага үйрөтүшкөн эмес.
  2. Ашыкча кам көрүү. Алардын балдары достошо албаганына энелер жана аталар көп учуруда өзүлөрү күнөлүү. Себеби биринчи кадам жасоо үчүн бегилүү бир чечкиндүүлүк жана өз алдынчалуулук керек. Ал эми ата энелер баласын ашыкча камкордукка ала берсе, ал үчүн баардыгын жасай берсе, анда бала өз алдынча чечим кабыл ала албай, тааныш эместер менен сөйлөшө албай калат.
  3. Мүнөз. Бул учурда ата энелерден көп нерсе көз каранды эмес. Эгер бала жалгыз ойногонду жакшы көрсө жана теӊтуштары менен сүйлөшкөнгө умтулбаса, аны мажбурлоого болбойт. Ал достошукусу келебегени темпераментинин жекече өзгөчөлүктөрү менен шартталган.

Бала ачык жана ынак өсүшү үчүн, ата энелери аракет кылуулары керек.

  1. Балага ишеним мамиле жасаӊыз. Сиз ал үчүн чечпеӊиз, бирок билип туруӊуз.
  2. Достук жөнүндө ырларды окуӊуз, айтыӊыз жана угуӊуз. Бала менен күнүгө сүйлөшүӊүз. Мындай маалымат достукун жана өз ара сыйлоонун баалуулуктарын калыптандырат.
  3. Оюнчуктар ортосунда көйгөйлүү кырдаалдарды ойноӊуздар. Эгер балага таанышуу оор болсо же жаӊы досуна бир нерсени айтып берүүдөн корксо, анда бул ыкма балага жардам берет.
  4. Баланын жашоосуна жана кызыкчылыгына кызыгып көрүӊүз. Балким сиздин балаӊызга башка адам жакпай, ошондктан аны менен сүйлөшкүсү келбей жаткандыр. Ошондуктан анын чечимин сылаӊыз.
  5. Үлгү көрсөтүӊүз. Досторуӊузду үйгө чакырыӊыз да, узак убакыттан бери достошуп жүргөнүӊөрдү, бири бириӊерге жардам бергениӊерди айтып бериӊиз.
  6. Конокторду чакырыӊыз. Бала өз үйүндө өзүн ишенимдүү сезет. Балким дал ушул балага башка адамдар менен сүйлөшүүгө чечкиндүүлүктү берээр.

Түнт бала.

Эгер бала бир туугандарысыз өсүп, ал эми баарлашуу аймагы чектелген болсо анда ал балдар жамаатына кирээрде түнт болот деп эсептешет психологдор. Балага баарлашууну анын балдары менен достошуу жолунда турган тосмо катары коркуусун жеӊүүгө кантип жардам бериш керек? Психологдор ата энелерге кеӊеш беришет

  • түнттүгүнүн себебин билгенге аракеттениӊиз
  • бала каалабаган нерсени жасаганга мажбурлабаӊыз
  • бала кандай болсо, так ошондой жакшы көрүӊүз
  • анын түнттүгүн көйгөй катары көрсөтпөӊүз
  • оюндардын, жомоктордун, сүрөт тартуунун жардамы менен коркууга каршы иштеӊиз
  • теӊтуштары менен танышканды жана баарлашканды балага үйрөтүӊүз
  • баланын чечкиндүүлүгүн жана көйгөйлөрдү өзү чече алгандыгын өбөлгөлөӊүз.
  • EmptyView