Подборка игрушек-зубогрызок для малыша Подборка игрушек-зубогрызок для малыша
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - жаңы төрөлгөн

Балага оюнчуктарды – тиштеп-чайноочторду тандоо

Баланын тиши чыгып жатат – бул ар бир үйдөгү татаал мезгил. Баланын бүлөлөрү ооруп жаткандыктан, анын уйкусу бузулат. Ал эми бүлөлөрүнүн оорусун гелдер же маздар гана токтотушат. Бул учурда балага баланын тиши чыкканга жардам берүүчү нерсени тандап алышыбыз керек. Бүлөнү жарып чыгаргыч – баланын бүлөлөрү ооруп, кычышып, тиши чыгып жатканда балага жардамга келүүчү оюнчуктарынын бири. Бул жашында айлана чөйрө балага оозунун жардамы менен таанылат: наристе бардыгынын даамын татып көрө берет. Ошондуктан бала үчүн мыкты нерсеге – бүлөнү жарып чыгаргычка талап катуу болот.

Бул укалоочу каражатта бурчтар, тиштери болбошу керек. Ошондой эле ал оӊой жуулушу, жугушсуздандырылыш зарыл. Бала анын бөлүгүнөн тиштеп үзүп албашы үчүн бекем материалдан болушу зарыл. Ачык түстөгү жарып чыгаргычтар баланын көӊүлүн буруп, аны оорудан алаксытышы мүмкүн. Негизги критерий: ал жеӊил жана жумшак, ошондой эле баланын кичинекей алакандары кармаганга ыӊгайлуу болушу керек. Үч айлык балдар үчүн ашыкча деталсыз жөнөкөй жарып чыгаргыч тандаган жакшы. Кызыктуураак моделдер 6 айдан жогору курактагы балдарга туура келет.

Жарып чыгаргычтар түрү боюнча айырмаланышат:

  • Силикондон жасалгандар жеӊил чоюлат жана бүлөлөрдү мыкты укалайт
  • Термопласт резинадан жарып чыгаргычтар силикондон катуураак болушат, бирок бүлөлөрдү ошондой эле жеӊил укалайт
  • Вибрациясы бар жарып чыгаргычтар балдарды алаксытышат. Жумшак вибрация баланын бүлөсүнө ооруну басуучу натыйжа берет.
  • Кездемеден жасалган жарып чыгаргычтар сезимтал наристелерге туура келет. Айрым учурларла жарып чыгаргычтардын мындай комплектациясына
  • жыгачтан шакекчелер салынат. Мындай максатка бактерияга каршы касиетке ээ болгон клен туура келет. Мындай оюнчукту жууганга да болот. Жарып чыгаргыч футлярда болгону өтө ыӊгайлуу болоруна көӊүл буруӊуздар. Стерилдегенден кийин ал таза турарына ишенимде болосуз. Тиши чыгып жатканда балага муздак жардамга келет – аны менен баланын бүлөсүнүн шишиги азаят жана ооруну басуучу натыйжа берет. Оюнчукту муздаткычка салып муздатыӊыз да, балага бериӊиз, ага бул жагат! Жарып чыгаргычтын ичиндеги сууга кабатыр болбоӊуз – ал кирдеп кетпеген жана тунмасы калбаган дистиллирленген суудан толтурулган.

    Мыкты жарып чыгаргычтарды тандоо: Vulli Жираф Софи жарып чыгаргычы Жирафик Софи – дүйнөдөгү эӊ мыкты жарып чыгаргыч. Бул оюнчуктар менен жылдыз ата-энелердин: Ума Турмандын, Мадоннанын, Сандра Буллоктун, Алла Пугачеванын жана Максим Галкиндин, Оксана Федорованын жана башкалардын балдары ойношот. Негизги артыкчылыгы:

  • 100% табигый гипоаллергендик материал;
  • тактуу түс баланын көӊүлүн тартып турат;
  • кармаганга, соргонго жана чайнаганга ыӊгайлуу.
  • Кемчиликтери:

  • баасы өтө жогору;
  • кытайдын жасалмалары белгилүү.
  • Bright Starts Зебра шылдырагы Өзүнө бир нече элементти: күзгүнү, шылдыракты, шакекчелерди жана жарып чыгаргычты камтыган уникалдуу илип коймо оюнчук. Бардык катуу элементтер зебранын бутуна тигилген, ал эми корпусу тактилдик кабыл алуусун өөрчүтө тураган түрдүү фактурадагы материалдардан тигилген. Бул оюнчуктун бекиткичи бекем болгондуктан, аны керебетке же коляскага илип койгонго болот. Кызыктуу зебра айлана чөйрөнү изилдөөгө түрткү берип, баланы көпкө кызыктырат! Жаӊы төрөлгөн наристеге да, андан улураак да балага туура келет.

    Негизги артыкчылыктары:

  • түрдүү оюнчуктарды көп болушу;
  • ыӊгайлуу жарып чыгаргыч
  • илме формасында чыгарылган;
  • кир жуучу машинада жууганга болот.
  • Кемчиликтери:

  • баасы жогору;
  • жумшак оюнчук суу боло берет жана аны жууш кыйыныраак.
  • Canpol Babies 2/450 шылдырагы Шакекче-шылдырак кызыктуу оюнчук да, жарып чыгаргыч да болуп саналат. Анын ичинде ар түстөгү, акырын үн чыгаруучу кичинекей шарчалар жайгаштырылган. Релеьефтик пластиктен жана силикондон элементтер баланын сезгенген бүлөсүнө жакшы жардам берет. Шакекче кармаганга ыӊгайлуу. Түрдүү формалардагы шакекчелер жана түрдүү түстөр баланын көрүүсүнүн, угуусунун жана майда моторикасынын өсүүсүн өбөлгөлөйт. Бети тегиз эмес, бул баланын тактилдик кабыл алуусунун өөрчүшүнө пайдалуу. Бала төрөлгөн учурдан баштап эле аларга туура келет. Негизги артыкчылыктары:

  • баанын жана сапаттын идеалдуу катышы;
  • кармаганга ыӊгайлуу;
  • моториканы өөрчүтөт.
  • Кемчиликтери:
  • жок.
  • Pigeon R1 бүлө жарып чыгаргыч Жөнөкөй, бирок балдар үчүн сүймөнчүктүү бүлө жарып чыгаргычтын формасы балага ыӊгайлуу жана коопсуз материалдардан даярдалган. Шылдырак кармагычы жана баланын тиши чыгып жатканда тиштегилегенге жагымдуу болгон резинадан жалпак рельеф бөлүкчөсүнөн турат. Ашыкча деталы жок, сезгенген бүлөлөрүн назик укалайт. Кармаганда жагымдуу үн чыгарат. Бүлөнү жарып чыгаргыч - оюнчук тиш чыгып жатканда кычышууну гана баспастан, сенсордук өөрчүшүнө да жардам берет. Балдарга үч айынан баштап жарай берет. Негизги артыкчылыктары

  • шылдырак жана бүлөнү жарып чыгаргыч;
  • ашыкча элементтери жок.
  • Кемчиликтери:
  • баасы бир топ жогорулатылган.
  • Bright Starts Көӊүлдүү шакекчелер – бүлөнү жарып чыгаргыч Ачык түстөгү кооз оюнчук баланы алаксытпастан эле, кычышып жаткан бүлөсүн укалаганга да жардам берет. Түрдүү рельефтеги ачык түстөгү 8 шакекчени колдо тандап кармаганга кызыктуу, анын 2өөсү жумшагыраак материалдан жасалган, ал балага өзгөчө жагат. Моториканын өсүүсүнө, сенсордук кабыл алуусуна көмөк көрсөтөт. Материалы сапаттуу жана учтуу бурчтары болбогондуктан, оюнчук балдар үчүн коопсуз. Бала төрөлгөн мезгилден баштап колдонууга болот.

    Негизги артыкчылыктары:

  • ачык түстө;
  • баасы жагымдуу;
  • моториканы өстүрөт;
  • илип коймо катары колдонууга болот.
  • Кемчиликтери:
  • жок.
  • EmptyView