Жаңы төрөлгөн

Наристе жана жаныбарлар

Албетте,көп учурда гигиена маселеси келип чыгат, жандыктан балага өтүүчү аллергия же инфекция сыяктуу нерселер тууралуу. Бирок врач бул суроолоруӊузга жооп бере алат. Биз мындай мамилелердин психологиялык түзүлүшүнө токтолобуз. Үйдө наристенин пайда болушу менен үй жаныбарында кызгануу пайда болуп, балага зыян келтириши мүмкүн деп, үй ээлери көпчүлүк учурда корко башташат. Мында ал жаныбарды сиз мурдагыдай эле жакшы көрүп жатканыӊызды, бирок анын «иниси» же «карындашы» пайда болгондугун туйдурушуӊуздар керек.

Жагымсыз угулса да, жаныбар – үй бүлөнүн толук кандуу мүчөсү. Демек, ага кадимкидей эле улуу балаӊызга түшүндүргөндөй түшүндүрүшүӊүз керек. Кош бойлуу учуруӊузда эле үй жандыгын өзүнчө жатканга, тизеӊизге отурбай калганга үйрөтүӊүз. Себеби жакында бул орундарды наристеӊиз ээлейт. Сиз жаӊы төрөлгөн наристеӊиздин жалаяктарын туугандарыӊыз аркылуу үйүӊүзгө эрте эле берип жиберсеӊиз болот. Туугандарыӊыз жаныбарды үй бүлөнүн жаӊы мүчөсү менен ушинтип алдын ала «тааныштырып коёт». Мындай шартта үй жаныбары баланы жагымдуу кабыл алат. Эгер байланышты түзө алсаӊыз, анда сиздин үй жаныбарыӊыз балаӊыздын эӊ берилген жана камкор багуучусуна айланат. Ал балага капыстан же атайын зыян келтирип алганы үчүн аны чапканга же кууганга болбойт. Баланын төшөгүнө чыкканга, анын соргучун жалаганга, тиштегенге же баланы тытып алганга болбостугун жай түшүндүрүӊүз. Жаныбарды өзүӊүздөрдүн жаӊы турмушуӊуздарга аралаштырыӊыздар. Балага китеп окуп берип жатканда, же сейилдеп жүргөндө жаныӊыздарда болуусуна мүмкүндүк бериӊиз.

Аны менен толук кандуу сүйлөшкөнгө убактыӊыз такыр жетпей жатса дагы, жаныбарга көӊүл бурбай коюуга болбойт. Анда жаныбарыӊыз аны жаман көрүп калды деп ойлоп калат да, өч ала баштайт. Мында мышыктар өзгөчө сезимтал жана «коркунучтуу» болушат, себеби алар кек сактагычтар болот. Иттер болсо таарынышы мүмкүн, бирок балага зыянды атайылап келтире бербейт. Бирок чоӊ көлөмдөгү иттер жөн гана өз күчүн билбегендиктен, баланын денесин капыстан оорутуп алышы мүмкүн.

Бала байкоосуздан жаныбарга тийип, же денесин оорутуп аны чочутуп алышы жана ыйлап жибериши мүмкүн, мындай кырдаалда жаныбарда коргонуу реакциясы иштеп кетерин эстен чыгарбаӊыздар.

Бала бир аз чоӊоюп, тынбай кыймылдай баштаганда, бала жаныбарга, өзгөчө кичинесине (мышыктын баласына, күчүккө, хомякка) капыстан зыян келтирип албасын байкаӊыз. Бул куракта бала өз күчүн али түшүнө албайт, ошондуктан ал жаныбарга зыян келтирип алышы да мүмкүн. Баланын кыймылы жаныбарда агрессия жаратышы да ыктымал, өзгөчө аны жиндендиргенде же куйругунан чоё берсе. Мындай учурда жаныбардын куйругун чойсо, анын денеси оорурун, ага жагымсыз болорлугун, ал ага жооп катары баланын өзүнүн денесин оорутуп коюушу мүмкүн экендигин балага түшүндүрүү зарыл. Бала, ошентип, башкалардын пикрин да, анын ичинде жаныбардын да пикирин эске алууга үйрөнөт. Эгер баланын тентектигине чоӊ киши чыдай алса, жаныбар чыдабайт. Алардын өзүн коргоо инстинктин эч ким жокко чыгарган эмес. Бала өзүнүн кызыкчылыктарын гана жогору койбостон, башка бирөөлөрдүн да сезимдери менен эсептешүү керектигин эртеби-кечпи түшүнөт. Жаныбарлар менен чогуу өсүп жаткан балдар эртерээк өөрчүшүн психологдор далилдешкен. Алар акылдуу гана болбостон, камкор да, адам баласына мамилеси бекем болорун да белгилешет.