Музыка для развития и успокоения малыша Музыка для развития и успокоения малыша
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - жаңы төрөлгөн

Баланы өөрчүтүүгө жана тынчытууга арналган музыка

Музыка бардык жаш куракта Музыка бардық жерде. Биз төрөлгөн күндөн баштап музыка угуп келебиз – жогорку жана төмөнкү тон, катуу жана жумшак үндөр, туруктуу биттер жана ритмдердин өзгөрүшү.

Музыка бардык жаш куракта Бала курсакта жаткан кезинде эле үндөрдү таанып, жатында жатканда эле аларга жооп кайтара аларын баардыгыбыз билебиз. Бардык наристелер үчүн эӊ тааныш үн – бул ата-энесинин үнү, ал үн наристени тынчытып турат. Эрте балалык куракта музыка угуп туруу, баланын өсүшүнө олуттуу таасир этиши мүмкүн.

Эмнеден баштоо керек?

Музыканы күнүӊкү түрдүү кырдаалдарда пайдаланыӊыз.

  • Ырдаӊыз, ырдаӊыз жана дагы ырдай бериӊиз! Наристеӊиз төрөлгөн күндөн баштап (же андан да эрте) ырдай бериӊиз. Анын көзүн тик карап, ырдап жатканда аны менен кошо кыймыл жасаӊыз.
  • Балаӊыз менен музыкалык «оюн» ойноӊуз. Баланын суроолоруна музыкалуу жооп бериӊиз. Бул бала үчүн ырдын кандайдыр бир бөлүгү же улуу балаӊыз үчүн ырдын бүткүл толук өзү болушу да мүмкүн. Балаӊыздын ырдаганын мактаӊыз, ага жылмайыӊыз жана ага кошулуп ырдаӊыз. Эгер балаӊыз жыгач кашык алып, аны стол бетине ургулап, музыкалык үн чыгаруу аракетин көрүп жатса - аны колдоӊуз.
  • Ага кошулуӊуз! Бул үн алдында аны менен чогуу ырдаӊыз. Бул музыка.
  • Балаӊызды музыкага ылайык кыймылга үйрөтүӊүз – өзүӊүздүн ырдаган ырыӊызга да, жазылып алынган ырга да ылайыктатып кыймылга келтириӊиз. (эскертүү: «фондук» музыка ырдай бербеши керек – кичине балдар аны «бөгөттөп» коюшат). Бала өз кыймылын ойлоп тапканга түрткү бериӊиз жана анын кыймылына кошулуӊуз.
  • Балдарды музыкалып аспаптар менен тааныштырыӊыз. Аспаптарда ойноп жатканда улуу балдар эмне кыларлыгына көӊүл буруӊуз, алар аспапта чыгарган үндөрүн ырлар менен, сүйлөшүүлөр менен, жана драмалык оюндар менен айкаштырып жиберишет.
  • EmptyView