Совместный сон с ребенком Совместный сон с ребенком
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - жаңы төрөлгөн

Бала менен чогуу уктоо

Чогуу уктоо кимге керек? Бала үчүн энесинин жылуулугун жана жүрѳгүнүн кагышын сезип, чогуу жатканы жагат. Эгер бала алсыз болуп, уйкудан кыйналса, түнкүсүн ойгонуп, ыйлай берсе, жана андан киийн кайра укташы кыйын болсо, чогуу уктоо бул кѳйгѳйдү чече алат. Бала ойгонуп, энеси жанында экенин түшүнѳт да, ата-энесин кабатырлантпастан эле кайрадан уйкуга кетет. Баланы эмизүү үчүн түнкүсүн туруу кыйыныраак болгон энелер үчүн баласы менен чогуу уктоо ылайыктуу.

Артыкчылыктары Чогуу уктоонун негизги артыкчылыгынын бири – баланын да, ата-энесинин да уйкусун кандырып алуу мүмкүнчүлүгүндѳ. Бала энеси жанында жатканын тез түшүнѳт да, толук ойгонбостон, эмчегин сурап ээмп, уктап жата берет. Эмизип жатканда энеси да үргүлѳп уктай алат. Балдары менен чогуу уктаган ата-энелердин кѳпчүлүгү ооруп жаткан баласынын табы качан кѳтүрѳлѳрүн түшүндѳ да сезишерин айтышкан. Бала ыйлап баштаса, аны кучактап, эмизип туруп, тез эле тынчытууга болот. Жалгыз жаткан балдар кѳп учурларда тѳшѳктү тебинип жатышат, андыктан чогуу жатканда ата-энеси аны кѳзѳмѳлдѳп турат. Андан сырткары, миңдеген жылдардан бери эле ата-энелер наристеси менен чогуу уктап келишкендиктен, бул балага табигый эле кам кѳрүү болуп саналат. Чогуу уктоо баланы тынч жана ѳзүнүн коопсуздугуна ишенимдүү кыларын айтып жүрүшѳт.

Кемчиликтери Ата-эненин керебети кууш болушу мүмкүн. Андыктан ата-энеси балагы зыян келтирип алуу коркунучунан улам, тынч уктай алышпайт. Муну кенен керебетке алмаштыруу же бир жак капталы алынып коюлуучу балдар керебетин коюу менен чечүүгѳ болот. Айрым учурларда гигиенага байланышкан кѳйгѳй келип чыгат. Бала кусуп коюушу мүмкүн, анда шейшепти тез-тез жууганга туура келет. Мындай учурда керебеттин бала жаткан жагына тѳшѳп коюу үчүн кошумча жалаяк же бир жолку шейшептерди колдонуңуз.

EmptyView