Идеи для подарков 3-х летнему Идеи для подарков 3-х летнему
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - бир жылдан үч жылга чейин

3 жашына белектер үчүн идеялар.

3 жаштагы балада инсандык сапаты калыптана баштайт. Бала өзүнүн кулк мүнөзүн жана жөндөмүн көрсөтө баштайт. Туулган күнүнө бала өзүн өзү көрсөтө алгыдай же жаӊы талантын ача алгыдай белек тандаӊыздар. Мисалы, тынч отурбаган балага самокат же спорттук комплекс белекке бериӊиз. Энесинин кызына сүрөт тартуу үчүн Мольберд тандаӊыз. Бала 3 жашында өзүнө кайсы оюнчктар жагаарын реалдуу элестете билет. Бул өзү сүйгөн мульт – каарманы, машинка же кечөө дүкөндөн же балдар аянтчасынан көргөн куурчак түрүндөгү оюнчук болушу мүмкүн. Эгер сиз балаӊыздын каалоосун билген болсоӊуз, анда «3 жаштагы балага эмне белек бериш керек?» деген суроо өзүнөн өзү жоголот.

Бул куракта балдар дүйнөнү жигердүү таанып, өз алдынчалуулукка үйрөнүшөт. Кыздар жана эркек балдар үчүн кынтыксыз белектерди сунуштайбыз: Спорттук инвентарь

  • Самокат
  • Беговел
  • Ата – энелер үчүн кармагычы менен велосипед же 3 дөӊгөлөктүү велосипед
  • Электромобиль
  • Үйдө машыуу үчүн спорттук комплекс.
  • «Чыгырмачылык жана өнүгүү» категориясынан белектер:

  • Сүрөт тартуу үчүн мольберт
  • Оюнчук үй
  • Балдар пластилинин топтому
  • Балдар конструктору
  • Ачык сүрөттүү китептер
  • Пазлдар
  • Стол үстүндөгү оюндар.
  • Оюнчуктар:

  • Баланын жынысына жараша куурчактар же машиналар
  • Радио менен башкарылуучу машиналар
  • Темир жол
  • Сюжеттик ролдук оюндар үчүн оюнчуктар (идиштер, тиричилик техникасы, музыкалык аспаптар).
  • EmptyView