Игры для ребёнка в общественных местах Игры для ребёнка в общественных местах
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - бир жылдан үч жылга чейин

Коомдук жайларда балдар үчүн оюндар

Коомдук бардык жайларда, ал көчө болобу, кинозалбы, ооруканабы же бала бакчасыбы, баары бир бала өзүн үйүндөгүдөй алып жүрөт. Аз эле балдар өзүлөрүн токтоо жана тынч алып жүрүшү мүмкүн: алар чуркашат, секиришет, кыйкырышат, бул ал курактагы бала үчүн ченемдүү көрүнүш болуп саналат. Себеби балага тынч отуруу кызыксыз болушу мүмкүн. Коомдук жайларда баланы алаксыта турган оюндардын

топтомун сиздерге сунуштайбыз:

Сезип жатканыӊды көрсөт.

Айрым учурларда балдар өз эмоциясын көрсөтүүсү жеӊилге турбайт. Бул оюн балага өз сезимин мыкты түшүндүргөнгө жана башкалардын сезимин туура кабыл алганга жардам берет. Түрдүү эмоцияларды атаӊыз да, аны туюндуруп беришин сураӊыз. Бирок, алгач өзүӊүз көрсөтүп бериӊиз да, ал эмне экенин табышын сунуштаӊыз: капалык, кубануу, каткыруу ж.б.

Шпион.

Баланы кафеде кантип алаксытыш керек? Кагаз салфеткага анча чоӊ эмес тешик жасаӊыз. Ал тешик аркылуу айланада болуп жаткандарга байкоо жүргүзүүнү балаӊызга сунуштаӊыз. Бул ага сөзсүз жагат!

Канттан укмуш.

Кафеде ойноло турган дагы бир оюн. Канттын баштыкчасын салфетканын биринин астына катыӊыз да, салфеткалардын ордун алмаштырып, балага кантты табууну сураӊыз. Бала, андан кийин өзү деле ушинтип, сизге көрсөткүсү келет.

Кайсы колдо экенин тап. Бул – буга болгону бир эле тыйын керектелген жөнөкөй эле оюн. Колуӊузду артыӊызга алыӊыз да, тыйын кайсы колуӊузда экенин табууну балага сунуштаӊыз.

EmptyView