4 игры для развития воображения 4 игры для развития воображения
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - бир жылдан үч жылга чейин

Ой-жүгүртүүнү өнүктүрүү үчүн 4 оюн

Бул оюндар чыгармачыл, стандарттуу эмес ой жүгүртүүгө түрткү берип, баланын сөздүк корун байытат, көркөм жана эмоционалдуу сүйлөөгө көнүктүрөт. Элестетүүгө багытталган оюндарды каалагандай шартта: үйдө, жолдо, эс алууда, сейилдеп жүргөндө жүргүзүүгө боло берет. Болгону - чыгармачыл бир нече идея жана чексиз фантазия гана керек.

Өзгөчө сүрөттөр

Керектүү инвентарь: поднос, манкадан же дагы башка майда дандуу акшак.

Подноско жука кылып манка акшагын төгүӊүз. Түрдүү сызыктарды жана фигураларды сөөмөй менен чийгенди көрсөтүӊүз. Балага оӊ колу менен да, сол колу менен да тартканга мүмкүндүк бериӊиз. Ошондой эле, эгер үйдө эмес болсоӊуздар, балага сөөмөйү менен абада сүрөт тартканды сунуштасаӊыз да болот. А сиз болсо бала эмне тартканын табыӊыз.

Бул оюн баланын ой жүгүртүүсүн, элестетүүсүн гана өөрчүтпөстөн, көркөмдүккө жөндөмүн, майда моторикасын да өнүктүрөт.

Мышык каякка батат?

Баладан өзү билген жаныбарды туурап беришин сураныӊыз. Ал кайсы жакка батаарын айтып берүүсүнө көӊүл төшөӊүз. Мисалы: «мышык биздин батирге батабы? А бул кутугачы? Сумкагачы? (чөнтөккө?)» Мышыкты каякка жайгаштырарды бала өзү ойлоп тапсын.

Оюн баланын ой жүгүртүүсүнүн, кебинин, эс тутумунун, салыштыруу жөндөмүнүн өөрчүшүнө түрткү берет. Тескерисинче оюн Шорпо үчүн кашыктын, керебеттин, машинанын ордуна кайсы нерселерди колдонууга болорлугун ойлонуп көрүүнү сунуштаӊыз, ушинтип уланта бериӊиз. Бул анын ой жүгүртүү мүмкүнчүлүгүн кенен пайдаланууга жардам берет, бир буюмду экинчи бир буюм менен алмаштырууга үйрөтөт.

Сүрөттү ула. Бул оюн үчүн сизге таза барактар жана карандаш керектелет. Асфальт бетине бор менен, же таяк менен кум бетине же кардын бетине да тартса болот. Оюндун шарты мындай: кезек-кезеги менен бири бириӊер үчүн келечектеги сүрөттүн бирден бөлүгүн тартасыӊар. Бул айлана, чекит, сызыктар, спиралдар, түрдүү формалар болушу мүмкүн. Ушулардын негизинде сүрөттү тартып бүтүрүү керек.

EmptyView