Активные игры для малыша Активные игры для малыша
Хаггис - Huggies брендинин Кыргызстандагы расмий сайты - бир жылдан үч жылга чейин

Бала үчүн жигердүү оюндар.

Бала үчүн оюндар – чакан майрам, дайыма эле ойноп турсак гана. Бирок дээрлик бардык оюндар – булчуӊдарды, координацияны жана тапкычтыкты өөрчүтүү. Балдар оюндары сизге баланы алаксытуу үчүн керектей сезилсе, анда сиз жаӊылышып жатасыз. Кайсы оюндарды ойноого болот? Дээрлик бардыгын, алардын бардыгы коммуникацияны жана жигердүү аракеттерди болжолдойт.

Жашынмак

Классикалык оюн, ал бардыгына тааныш. «Менден жашын» деп балаӊызга айтыӊыз да, көзүӊүздү көрсөтө жабыӊыз. Анан жасаган кыймылыӊыздын бардыгын айтып, аны издегенге жөнөӊүз. Баланы дароо табуунун кереги жок, бала болуп жаткан нерсенин көӊүлдүүлүгүн сезиши үчүн олуттуу издөө жүргүзүӊүз. Гениалдуу чечимдерди күтүүнүн кереги жок, бирок баланын ойлонуусун жана ыкчам чечимдерди издей билүүсүн өнүктүрүү камсыз болот.

Издөөч

Муну жалкоо жашынмак деп атоого болот. Балага кандай болбосун оюнчукту көрсөтүӊүз да, катылган оюнчукту издөө оюнун ойноону сунуштаӊыз. Бала 10 го чейин санайт, ал эми сиз бул учурда оюнчукту катасыз – биринчи жолу көрүнөө жерде жакшы катыӊыз, анан барган сайын маселени татаалдантыӊыз. Оюнду таталдантуу чарасына ылайык шартка «Ысык-суук» деген айтманы кошуӊуз, бирок бала жаӊыртылган эрежени түшүнүшү керек.

Деӊиз

Бала менен бирге алакан чаап, бийлейбиз, жерди тепкилеп басабыз, секиребиз, жана муну менен бирге ырдайбыз:b

Деӊиз толкуйт бир! Деӊиз толкуйт – эки! Деӊиз толкуйто – үч! Деӊиз фигурасы өч! «Өч!» дегенде сиз болгон позаӊызда катып калышыӊыз, жана кыймылдабашыӊыз керек. баланы катып калганга үйрөтүү бардыгынан оӊой. Негизгиси, фигуралар өзгөрсүн – ошондо ой жүгүртүү мыкты өөрчүйт.

Лимбо

Лимбо бийине окшошураак. Бала анын тоскоолдуктарынын алдына жөргөлөп өткүдөй кылып, жипти же жип секиргичти горизонталдык абалда бекитиӊиз (эгерде сизде таяк же жип секиргич болсо, колдо кармап туруу жеӊилирээк). Ошентип тоскоолдукту улам жерге жакындатып, улам кайталай беребиз. Динамикалык музыка алдында ойногон жакшы.

Көӊүл аччу саптар

Сиз окуп жаткандарыӊызды бала аракеттери же эмоциясы менен кайталашы керек болгон окуяны шайпай окуӊуз. Муну төрт сап ыр учурунда жасоо андан да кызык, ошондой эле баланын фантазиясын өөрчүтөт, артистизмсапатын жана образдык ой жүгүртүүсүн иштеп чыгат. Эгер ага бир нерсени түшүнүү оор болсо (мисалы, кантип үшүйт), анда сөзсүз жардам бериӊиз. Мисалы:

Коен келе жатып Келе жатып Капустаны таап алды, Чайнап, чайнап бир жеди Капустадан калтырбай Курсагына бүт салды, Анан туруп бастырып, Бизден алыс ал кетти. Сиз каалаган ырды тандап алсаӊыз болот, негизгиси, татаал болбосун, себеби иш кылуудан ийменген ийнеликтин жай бою ырдап, бийлегенин көрсөтүү бир топ оор болот.

EmptyView